9. Ат-Тауба

1.

(Бул) Алладан жана Анын элчисинен мушриктерге эскертүү.

2.

(Эй, мушриктер!) Жер жүзүн төрт ай кыдыргыла. Чындыгында Алладан кутулаалбашыңарды жана Алла каапырларды кордоорун билгиле.

3.

Ажылык күнү Алладан жана Анын элчисинен элге бир жарыя: Чындыгында Алла жана Анын элчиси мушриктерди четке кагат. Эгер тообо кылсаңар өзүңөр үчүн жакшы, ал эми баш тартсаңар Алладан эч кутула албайсыңар.(Эй, Мухамед!) Каапырларга сыздатуучу азап бар экенин кабарла.

4.

Бирок, келишим түзүшкөн мушриктерден кийин силерге бир да кемчилик каалабаса, бирөөгө көмөк кылбаса, анда алардын келишимдерин мөөнөтүнө чейин бүтүргүлө. Чындыгында, Алла такыбаларды жакшы көрөт.

5.

Ыйык айлар чыккандан кийин, мушриктерди кай жерде көрсөңөр да өлтүргүлө. Аларды туткундагыла жана курчоого алгыла жана курчоого алгыла. Эгер алар тообо кылышса, намазды толук аткарып, зекет беришсе, анда алардын жолуна тоскоол болбогула. Чындыгында, Алла Кечиримдүү, Боорукер!

6.

Эгер мушриктерден бирөөсү сенден баш баанек сураса, анда ага Алланын сөзүн тыңшаганга чейин баш баанек бер. Анан аны коопсуз жерге жеткир. Бул– алардын билбей турган коом экендигинен.

7.

Аллажана Анын элчисинин алдында мушриктер менен кандай келишим болушу мүмкүн?! Бирок Ыйык Мечитте силер менен келишим түзгөндөрдөн сырткаркылары менен.Алар силерге жакшы мамиле кылса, силер да алар менен жакшы мамиледе болгула. Чындыгында, Алла такыбаларды сүйөт.

8.

Кантип? Эгер алар силерге үстөмдүк кылса, силер менен тууган экендигине да, өздөрү түзгөн келишимдерге да карап олтурбайт. Алар силерди оозу менен гана ыраазы кылат. Бирок жүрөктөрү(өздөрү) айтканын чанат жана алардын көпчүлүгү бузукулар.

9.

Алар – Алланын аяттарын арзыбаган баага сатып, анын (ислам дининин) жолуна тоскоол болушат. Алардын жасаган иштери кандай жаман!

10.

Алар момундарга берген анттарын да, түзгөн келишимин да аткарышпайт. Мына ушулар – чектен чыккандар.

11.

Эгер алар тообо кылып, намазын толук аткарып, зекет беришсе, анда алар силердин диндеш тууганыңар. Биз билген адамдарга гана аяттарыбызды баян кылабыз.

12.

Эгер алар убадалашкандан кийин өз анттарын бузуп, диниңерге тил тийгизсе, анда каапырлыкка жетекчи болгондор менен согушкула. Анткени алардын анты ант эмес. Балким, алар (жамандыктан) тыйылышаар?

13.

(Эй, момундар!) Анттарын бузган, пайгамбарды журтунан кууп чыгарууга умтулган жана силерге биринчи болуп кол салган коомгокаршы эмне үчүн согушпашыңар керек? Алардан коркосуңарбы? Эгер ыйман келтирген болсоңор, анда Алладан гана коркуу зарыл!

14.

Алар менен согушкула! Алла аларды силердин колуңар менен азаптап, кордосун. Аларга каршы (Алла) силерге жардам берет. Ошондой эле, ыйман келтирген коомдун көөдөндөрүн ачат.

15.

Алардын жүрөктөрүндөгү ачуусун таркатат. Алла кимди кааласа, тообосун кабыл кылат. Алла – Билүүчү, Даанышман!

16.

Силердин араңардан согушкандарды, ошондой эле Алладан, Анын элчисинен жана момундардан башкаларды дос тутпагандарды Алла аныктабаган боюнча калтырып койот деп ойлойсуңарбы?Алла силердин жасап жаткан аракеттериңерден Кабардар!

17.

Мушриктер өздөрүнүн каапырлыгына күбө боло туруп, Алланын мечиттерин куруулары – жарабаган иш. Алардын амалдары текке кетип, алар Тозокто түбөлүккө калышат.

18.

Алланын мечиттерин Аллага, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Алладан гана корккон (адам) курат! Мүмкүн алар Туура Жолдо болушар.

19.

(Эй, мушриктер!) Силер ажыларга суу берип, Ыйык Мечитке ээлик кылуучуларды – Аллага, акырет күнүнө ыйман келтирип, Алла жолунда согушкан адамдар менен теңейсиңерби? Алар Алланын алдында тең эмес! Алла заалым коомду Туура Жолго багыттабайт.

20.

Ыйман келтирип, жер которуп, Алла жолунда мал-мүлкү жана жандары менен согушкандар Алланын алдында улуу даражага ээ. Мына ушулар – бактылуу болуучулар.

21.

Аларды Эгеси Өзүнүн ырайымдуулугу, ыраазылыгы жана туруктуу жакшылыкка ээ болгон бакчалар менен кубантат.

22.

Алар анда түбөлүкө калуучулар. Чындыгында, Алланын алдында улуу сыйлык (бар).

23.

Эй, момундар! Эгер атаңаржана агаларыңар ыймандан көрө каапырлыкты жакшы көрүшсө, аларды жакыным деп эсептебегиле. Ким аларды дос санаса, анда алар –зулумдук кылуучулар!

24.

“Эгер атаңар, балдарыңар, бир туугандарыңар, жубайыңар, досторуңар, тапкан мал-мүлкүңөр, токтоп калуусунан корккон соодаларыңар жана жакшы көргөн үйлөрүңөр силер үчүн Алладан, анын элчисинен жана Анын жолунда согушуудан артыгырааккөрүнсө, анда Алланын амири келгенге чейин күткүлө!” – деп айт. Алла бузуку коомду Туура Жолго баштабайт!

25.

Чындыгында, Алла силерге көп жерлерде жардам берди. Ошондой эле Хунайн күнү да (жардам берди). Ошондо саныңардын көптүгүнө таң калдыңар. Бирок ал эч бир пайда берген жок. Ошондой эле ал жер кенен болгону менен силерге тарлык кылып, артыңарга карап качтыңар.

26.

Анан Алла Өз элчисине жана момундардын жүрөгүнө бейпилдик салып, силердин көзгө көрүнбөгөн аскер жиберип, каапырларды азапка салды. Мына каапырлардын жазасы!

27.

Бирок, Алла кимге кааласа ошого ырайым кылат. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

28.

Эй, ыйман келтиргендер! Чындыгында мушриктер – ыплас (болушат). Ушул жылдан кийин алар Ыйык Мечитке жолошпосун! Эгер кедейликтен корксоңор, Алла кааласа силерди Өз артыкчылыгы менен байытат. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Даанышман!

29.

Китеп берилгендерден Аллага, акырет күнүнө ыйман келтирбегендер жана Алланын, Анын эчисинин арам кылган нерселерин арам катары тааныбагандар, ошондой эле Чыныгы Динди тутунбагандар өздөрүн кор тутуп, салык төлөмөйүнчө согушкула!

30.

Иудейлер: “Узайр – Алланын уулу” – дешет. Христиандар болсо:”Иса – Алланын уулу” – дешет. Бул – мурдагы каапырлардын айтканына окшоштуруп, ооздору менен айткандары. Аларды Алла жок кылсын! Кантип (акыйкаттан) кайтып кетишет?!

31.

Алар иудей илимдүүлөрүн, христиан кечилдерин жана Мариям уулу Исаны Алладан башка кудай катары кабылдашат. Чындыгында алар жалгыз Кудайга ибадат кылууга буюрулган. Андан (Алладан) башка кудай жок. Ал – алардын шеригинен аруу!

32.

Алар өз ооздору менен Алланын нурун өчүргүлөрү келет. Бирок алар (Ислам динин) канчалык жек көрүшпөсүн, Алла Өз нурун толук кылат.

33.

Ал Өз элчисин Туура Жол, Чыныгы дин менен – мушриктер жек көрүшсө деле – бүткүл диндердин үстүнөн үстөм болуусу үчүн жиберген.

34.

Эй, момундар! Иудей илимдүүлөрү менен христиан кечилдеринин көпчүлүгү адамдардын мал-мүлкүн бузукулук менен жешет жана Алланын жолунан тосушат. Алтын, күмүштү жыйнап, Алла жолунда сарптабагандарды сыздатуучу азапты сүйүнчүлө”!

35.

Кыямат Күнү алар Тозок отунда кызытылып, аны менен алардын маңдайлары, капталдары жана жондоруна так басылып: “Мына, өзүңөр үчүн жыйнаганыңар! Эми жыйнаганыңардын даамын таткыла!” ( – деп айтылат).

36.

Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Алланын Өзүнүн Китебинде айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү – ыйык айлар. Мына ушул (ислам) – бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла. Мушриктер силер менен согушкандай силер да алар менен согушкула. Билип койгула: Чындыгында, Алла такыбалар менен бирге!

37.

Чындыгында (ыйык) айды кечиктирүү– каапырлыкты арттыруу. Аны менен каапырлар Жолдон адашышат. Алар, Алланын арам кылган айларынын санын толуктоо үчүн, аны бир жыл арам кылып, бир жыл адал кылышат. Ошентип, Алланын арам кылганын адал деп билишет. Алардын жаман иштери өздөрүнө кооз кылып көрсөтүлүп коюлду. Алла каапырларды Туура Жолго багыттабайт.

38.

Эй, момундар! Силерге эмне болду? “Алла жолундагы согушка чыккыла!” – деп айтылса, салмактарыңарды жерге салдыңар. Акыретке караганда дүйнө жашоосу жакшы көрүнүп жатабы? Дүйнө жашоосунун пайдасы – акыретке салыштырмалуу өтө аз.

39.

Эгер согушка чыкпасаңар, Алла силерди сыздатуучу азап менен азаптап, ордуңарга башка коомду алмаштырат. Силер Аллага эч бир зыян жеткире албайсыңар! Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!

40.

Силер ага жардам бербесеңер деле, аны каапырлар (Меккеден) чыгарып, үңкүрдө, экөөнүн бири болгон убакта да, ага Алла жардам берген. Ошол кезде жолдошуна:”Кайгырба! Чындыгында, Алла биз менен бирге” – деп айтты. Алла ага Өз бейпилдигин түшүрүп, силер көрө албаган аскерлер менен кубаттады. Ошентип, каапырлардын сөзүн төмөн кылды. Алланын Сөзү жогору. Алла – Мартабалуу, Даанышман!

41.

Жеңил же оор болгонуна карабастан согушка чыккыла да, Алла жолунда мал-мүлкүңөр жана жаныңар менен согушкула! Эгер билсеңер, силер үчүн жакшысы ушул.

42.

Эгер жакын жерде ишенимдүү олжо жана жеңил жүрүш болсо, алар сени ээрчишмек. Бирок аралык аларга алыс көрүндү. Алар Алланын ысмы менен:”Эгер мүмкүнчүлүгүбүз болсо, силер менен кошо чыкмак элек”- деп ант ичип, өздөрүн-өздөрү кыйратышты. Алла алардын жалганчы экенин билет.

43.

Алла сени кечирет. Бирок сен эмне үчүн алардын кимиси чындыкты, кимиси жалганды айтып жатканын аныктабастан эле (жүрүштөн) калууга уруксат бердиң?

44.

Аллага, акырет күнүнө ыйман келтиргендер,Алла жолунда мал-мүлкү менен жандарын согушууга арнагандар сенден (жүрүштөн калуу үчүн) уруксат сурашпайт.Алла – такыбаларды Билүүчү.

45.

Ким Аллага, акырет күнүнөишенбесе жана жүрөгүндө шектери болуп, күмөндөрүндө олку-солку болгондор гана уруксат сурашат.

46.

Эгер мунафыктар согушка чыгууну кааласа, ал үчүн даярдык көрүшмөк. Бирок Алла алардын (жүрүшкө) чыгышын каалабай, тосуп койду да:”(үйүндө) олтургандар менен чогуу олтура бергиле” – деп айтылды.

47.

Эгер алар силер менен (жүрүшкө) барышканда силердин ортоңордо бузукулукту гана көбөйтмөк. Анткени алар ардайым ушакчылык чыгарууну көздөшүп, силерге чуу салмак. Алардын араларында тыңчылары да бар. Бирок, Алла заалымдарды жакшы билет.

48.

Чындыгында, алар мурда да чуу чыгарууну көздөп, иштериңерди тескери натыйжага алып келген. Акыры, алар жек көрсө да акыйкат келип, Алланын амири үстөмдүк кылды.

49.

Алардын ичинен кээ бирлери: “Мага калууга уруксат бер, мени азгырыка алып барба” – дешет. Байкагыла: чындыгында эле, алар (шайтанга) азгылгандар. Шексиз, Тозок каапырларды ороп алат.

50.

Эгер сага бир ийгилик келсе, алар аны жактырышпайт. А эгер сага бир кайгы келе турган болсо:”Биз мурда эле (ушундай болорун билип) өз ишибизди туурулап алган элек” – дешет да сүйүнүп кайтышат.

51.

“Бизге Алланын жазганы гана болот. Ал – Биздин Эгебиз. Момундар Аллага тобокел кылышсын!” – дегин.

52.

Аларга: “Силер бизге эки ийгиликтен башкакелишин күтөсүңөрбү? Биз силерге Алладан жаза келерин же биз аркылуу силерге бир азап жиберерин күтүп жатабыз.Анда, силер күткүлө, силер менен чогуу биз да күтөбүз” – деп айт.

53.

Аларга: “Мал-мүлкүңөрдү мейли ыктыярдуу түрдө, мейли ыктыярсыз болсун сарп кылгыла. Бирок, силердинкайрымдуулугуңар баары бир (Алла тарабынан) кабыл кылынбайт. Анткени, силер бузуку коомсуңар!” – дегин.

54.

Жөн гана алардын кайрымдуулугун алардан кабыл болушуна кедерги болгон жагдай: Аллага, Анын элчисине каршы чыгышкандары, намазга өтө жалкоолук менен келишкени жанаөтө жек көрүү менен мал-мүлк сарп кылышкандыгы.

55.

Алардын мал-мүлкү жана балдары суктандырбасын!. Чындыгында, Алла ошол аркылуу аларды дүйнө тиричилигинде азапка салууну жана (Аллага) каапыр абалда жандарынын чыгышын каалайт.

56.

Алар: “Ырас, биз да силерденбиз” ¬– деп Алланын аты менен карганышат. Бирок, чындыгында алар силерден эмес. Алар – коркок коом.

57.

Эгер алар (согуш учурунда) кандайдыр-бир баш баанек табышса, же үңкүрлөр, же болбосо кирерге бир тешик көрүнсө, алар ошол тарапка шашыла умтулушмак.

58.

Алардын кай бирлери садаканын айынан сени (артыңдан) айыпташат: А эгер алардын өздөрүнө садака берилсе ыраазы болушат, а эгер жетпей калса ачууланышат.

59.

Андан көрө алар Алланын жана Анын элчисинин өздөрүнө бергенине (садакасына) ыраазы болушса жана:”Алланын Өзү бизге жетиштүү! Жакында Алла жана Анын элчиси өз жакшылыгын тартуулашат. Чындыгында биз Аллага гана кайрылабыз!” – дешсе…

60.

Акыйкатта, садакалар – Алла жүктөгөн парз: Колу жука кедейлерге, колунда жок жакырларга, аны жыйноочучуларга, көңүлдөрүн алуу керек болгондорго, (мусулман) кулдарды бошотууга,карыздууларга, Алланын жолундагыга жана (мусулман) мусапырларга берилет. Алла – ар нерсени Билүүчү, Даанышман!

61.

Алардын кай бирлери пайгамбарга: “Ал – бир кулак” – деп анын көңүлүн сындырышат.”ал – силер үчүн жакшы кулак. Аллага өзү ыйман келтирип,момундарды тастыктайт. Демек – ыйман келтиргендер үчүнырайым. Ким Алланын элчисин жапа чектирсе, ага оорутуучу азап бар.

62.

Ал силерди ыраазыкылуу үчүн Алланын аты менен ант берет. Эгер алар(Аллага) ыйман келтирген болсо, анда Алланы жана Анын элчисин ыраазы кылуулары керек болчу.

63.

Алар кимдир-бирөө Аллага же Анын элчисине каршы чыкса, ал үчүн түбөлүктүү жан чыдагыс азаптуу тозок бар экенин билишпейби? Эң улуу кордук ушул(–Тозок)!

64.

Эки жүздүүлөр өздөрүнө байланыштуу алардын жүрөгүндөгүлөрдөн кабар берүүчү бир аят түшөбү деп коркушат.”(Азырынча) шылдыңдап тургула! Акыйкатта, Алла силер корккон нерсени ачыкка чыгарат!” – деп айткын.

65.

Эгер алардан сурасаң: “Биз жөн эле тамашалар айтып койдук” – дешет.Аларга:”Алланын аяттарына жана Анын элчисине күлө турган болуп калдыңарбы?!” – дегин.

66.

Кечирим сурабагыла! Силер ыйман келтирген соң, кайра каапыр болдуңар! Эгер Биз бир тайпаңарды кечирсек, башка бир тобуңарды күнөөсүнөн улам жазалайбыз.

67.

Мунафык эркектер менен мунафык аялдар – бири-биринен. Алар жамандыкка чакырып, ийгиликтен тосушат. Алардын колдору ар дайым жумук. Алар Алланы унутушкан. Ошондуктан Алла да аларды унуткан. Акыйкатта, мунафыктар – бузукулар.

68.

Алла мунафык эркектер менен мунафык аялдарга жана каапырларга , алар эч качан чыкпай турган Отту (Тозокту) убада кылды. Ошол аларга жетиштүү. Алар Алланын каргышы тийген. Аларга түгөнбөс азап бар.

69.

Силер өздөрүңөрдөн мудагылар сыяктуусуңар!Алар силерден да күчтүү жана алардын мал-мүлкү жана балдары (урук-тукуму) да силердикинен көп эле. Алар бул дүйнө жыргалдарынан кеңири пайдаланышты. Силер да мурдагылардай эле бул дүйнө жыргалдарынна кем болгон жоксуңар. Ошондуктан жамандыкка алар кандай сүңгүшсө, силер да так ошондой сүңгүдүңөр. Алардын дүйнөдөгү да, акыреттеги да амалдарытекке кетти. Алар ошондой, зыян тартуучулар!

70.

Аларга өздөрүнөн мурунку Нух, Аад, Самуд коомдору, Ибрахим эли, ошондой эле ойрон болгон шаарлардын кабарлары жетпедиби?Ошолорго да пайгамбарлары өтө көп далилдерди келтиришкен. Алла аларга зулумдук кылган жок. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты.

71.

Момун эркектерменен момун аялдар – бири-бирине көмөкчү. Алар жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат.Ошондуктан алар намаздарын толук аткарышып, зекет биришип, Аллага жана Анны элчисине моюн сунушат. Ошолорду Алла Өз мээримине бөлөйт. Акыйкатта, Алла – өтө Ызаттуу жана Өкүмдар!

72.

Алла момун эркектер менен момун аялдарга алдыларынан дарыялар агып турган ал жерде түбөлүк кала турган жана турак бакчаларында көркөм жайларды убада кылды. Бирок, Алланын ыраазалыгы – эң улуу! Бул – улуу ийгилик.

73.

Эй, пайгамбар! Каапырларжана мунафыктар менен күрөш. Аларга катаал мамиле кыл. Алардын кайтып келээр жайы – Тозок. Ал кандай жаман орун!

74.

Алар: “Айтпадык!” деп Алланын ысмы менен ант ичишет. Ырасында, алар каапырлык сөздөрдү көп сүйлөшөт. Алар мусулман болгондон кийин да (кайра) каапырга айланышат. Ошондой эле алар эч качан колдору жетпес нерселер тууралуу кыялданышат. Алар Алланыжана Анын элчисин ырайымы менен байыткандыгы үчүн жек көрүшөт.Эгер алар тобо кылышса, ал өздөрү үчүн жакшы. А эгерде алар (тооба кылуудан) баш тартышса, анда Алла аларды бул дүйнөдө да, акыретте да азапка салат. Ошондуктан аларга жер жүзүндө колдоочу да, жардамчы да жок.

75.

Алардан айрым бирөөлөр: “Эгер Алла бизге Өз берешендигинен (байлык) берсе, албетте, бизсадака берген жакшы адамдардан болоор элек” – деп Аллага ант беришкен.

76.

Ошондо Алла аларга Өз берешендигинен (байлык) берген кезде, алар Алланын бергендерине сараңдык кылышты. Баш тартышты. Алар – жүз үйүрүүчүлөр.

77.

Эми алар Аллага берген өзубадаларына өздөрү каршы чыгышып, жалган сүйлөгөндүктөрү үчүн Өзүнө жолуга турган күнгө чейин алардын жүрөктөрүнө эки жүздүүлүк салып койду.

78.

Алардын сырлары менен сабырларын Алла анык билээрин билишпейби? Чындыгында, Алла кайыптарды Билүүчү!

79.

Cадака берүүгө умтулган момундарды шылдыңдаган (мунафык) адамдарды жана маңдай тери менен тапканын ганабергендерди мыскылдашкандарды Алла шылдыңдайт. Алар үчүн сыздатчуу азап (бар).

80.

Мунафыктар үчүн (Алладан) кечирим сурасаң да, сурабасаң да, ал тургай жетимиш жолу кечирим сурасаң да, Алла аларды эч кечирбейт.Бул алардын Аллага жана Анын элчисине каршы чыккандыктарынан. Алла бузуку коомду Туура Жолго багыттабайт.

81.

Алар Алланын элчисине каршы чыгып, согушкабарбай олтуруп калгандарына сүйүнүштү. Алла жолунда мал-мүлкү жана жандары менен согушууну жек көрүштү. Алар:”Бул ысыкта согушка чыкпагыла!”– деп айтышты. Эгер түшүнүшсө,”Тозок оту мындан да ысык”- деп айт.

82.

Эми аларжасаган иштеринин жазасы үчүн аз күлүп, көп ыйлашсын!

83.

Эгер Алла сени мунафыктар тобуна кайра кайтарып алып барса, алар сенден катышууга уруксат сурашса:”Эми эч качан мени менен бирге чыкпайсыңар да, мени менен бирге душманга карыш согушпайсыңар! Анткени силер алгачкы ирет ордуңарда олтурууну жакшы көргөнсүңөр. Мына эми артта калуучулар менен бирге олтура бергиле” – деп айткын.

84.

Алардан бирөөсү өлсө эч качан (жаназа) намазын окуба да, мүрзөсүнүн башында да турба. Анткени алар Аллага жана Анын элчисине каршы чыгып (каапырлык кылып) бузуку абалда өлүшөт.85. Сени алардын мал-мүлкү жана балдары суктантпасын. Чындыгында Алла муну менен аларга дүйнө жашоосунда азапты жана алардын жандарынын каапыр боюнча чыгышын каалайт.

85.

Сени алардын мал-мүлкү жана балдары суктантпасын. Чындыгында Алла муну менен аларга дүйнө жашоосунда азапты жана алардын жандарынын каапыр боюнча чыгышын каалайт.

86.

Аларга: “Аллага ыйман келтирип, Анын элчиси менен бирге согушкула”– деп айтылган сүрө түшүрүлсө, алардын байлары сенден уруксат сурап:”Бизди кой, олтуруучулар менен бололу” – дешет.

87.

Алар артта калуучулар менен бирге болууну каалашты. Алардын жүрөктөрүнө мөөр басылган, ошондуктан түшүнүшпөйт.

88.

Бирок, элчи жана аны менен чогуу ыйман келтиргендер мал-мүлкү жана жандары менен согушушту. Мына ушуларга жакшылыктар (буйрулду). Мына ушулар (Тозоктон) кутулуучулар.

89.

Алла аларга алдынан дарыялар агып турган, алар анда түбөлүк кала турган бакчаларды даярдап койгон. Мына ушул–улуу ийгилик.

90.

Көчмөн арабтардан себептүүлөрөздөрүнө уруксат сурап келишти. Аллага, Анын элчисине жалган жалаа жабышкандар (үйлөрүндө) олтуруп кала беришти. Алардын каапырларына сыздатуучу азап (бар).

91.

Аллага жана Анын элчисине ишенимдүү болгон алсыз, оорулуу, каражат таба албагандарга күнөө жок. Жакшылык кылуучуларды (жазалоого)жол жок. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

92.

Согушка унаа сурап келгендерге: “Мен анда силерге унаа таап бере албайм!” – деп айтканыңда, өздөрү да (согуш үчүн) сарптай турган нерсе таба албай, көз жаштарын армандуу төгүп, кайткандарга да күнөө жок.

93.

Бул жазалоо – өздөрү бай болуп туруп, сенден (үйүндө) калуучулар менен чогуу калуу үчүн уруксат сурагандарга тиешелүү. Алла алардын жүрөктөрүн бүтөп (мөөрлөп) койгон. Ошондуктан алар билишпейт.

94.

(Согуштан) кайтып, аларга барсаңар, силерден кечирим сурашат. (Аларга:) «Кечирим сурабай эле койгула. Биз силерге эч качан ишенбейбиз. Чындыгында, Алла бизге силер тууралуу кабар берди. Алла да, Анын элчиси дасилердин ишиңерди көрүп турат. Кийин, көмүскө-кайыпты да, көрүнөө-ачыкты да Билүүчү Аллага кайтып келесиңер. Ал силердин кылган ишиңерден өзүңөргө кабар берет.

95.

Силер аларга кайра келген кезде аларданжүз үйүрүшүңөр үчүн Алланын аты менен ант ичишет. Алардан жүз үйүргүлө! Алар чынында эле ыплас (адамдар). Арам иштерди кылышканы үчүн алардын орду Тозокто.

96.

Алар силерге жагынуу үчүн ант ичишет. Эгер силер алардан ыраазы болсоңор да, Алла (алар сыяктуу) бузуку коомдон ыраазы болбойт.

97.

Көчмөн арабдар –каапырлыкта жана мунафыктыкта абдан катуу. Алар Алланын Өз элчисине түшүргөн чек араларына билишпей калууга ылайыктуураак. Алла –Билүүчү, Даанышман!

98.

Көчмөн арабдардан Алла жолунда бергендерин зыян эсебинде карай тургандары бар. Ошолор силерге жаман доорлордун келишин каалашат. Доорлордун жаманы алардын өздөрүнө келет. Алла –Угуучу, Билүүчү!

99.

Көчмөн арабдардан Аллага, акырет күнүнө ишенген, сарптаган каражаттарын Аллага жакындык жана пайгамбардын жакшы тилектерине шайкеш келген иш катары караган адамдар да бар. Мына ушул чындыгында – (Аллага) жакындык. Алла аларды Өз ырайымына бөлөйт.Акыйкатта, Алла –Кечиримдүү, Мээримдүү!

100.

Жер которгондор, ансарлардан алгач ыйман келтиргендер жана жакшы иштерде аларды ээрчигендерден Алла ыраазы болду. Албетте, алар да Алладан ыраазы болушту. Ошондуктан, Алла алар үчүн ичинде түбөлүккө кала турган, алдыларынан дарыялар агып туруучу Бейиштерди даярдап койгон. Бул– эң чоң ийгилик!

101.

Араларыңардагы көчмөн арабдардан эки жүздүүлөрү бар. Ошондой эле Мединалыктардан да эки жүздүүлүкө чумкуп киргендери бар.Аларды силер билбейсиңер, Биз билебиз. Аларды эки эсе кату азапка кабылтабыз. Андан кийин алар андан да чоң азапка салынат.

102.

Кээ бирөөлөрү өз күнөөлөрүн моюндарына алышат. Бирок, алар жакшы иш менен жаманды аралаш кабылдашат. Алла алардын тооболорун балким кабыл кылаар. Акыйкатта, Алла – Кечиримдүү, Ырайымдуу.

103.

Алардын мал-мүлкүнөн садака ал да, ошол аркылуу аларды тазартып, жакшылыгын арттыр. Аларга (Алладан ыйман сурап) дуба кыл. Анткени, сенин дубаң – аларга Ырайым. Алла –Угуучу, Билүүчү!

104.

Алар пенделеринин тообосун кабыл кылып, садакаларын кабылдай турган бир гана Алла экенин билишпейби?Чынында, Аллаа – тооболорду Кабыл кылуучу, Ырайымдуу!

105.

Аларга: “Жасай турганыңарды жасагыла. Ишиңерди Алла, пайгамбар жана момундар жакында көрөт. Ошондуктан жашыруунду жана ашкерени БилүүчүАллага кайтарыласыңар да, ошондо Алла силер эмне иш кылганыңардан кабар берет” – дегин.

106.

Согуштан калып, Алланынбуйругун күтүп аткандар… Алла аларды же азапка салат, же тооболорун кабыл кылат.Алла – Билүүчү, Даанышман!

107.

(Исламга) зыян тийгизүү, каапырлык кылуу, мусулмандардын арасын ыдыратуу жана мурдатан эле Аллага жана Анын элчисине каршы согушуп келе жаткан адамдарды тосуп алуу үчүн мечитти кургандар, албетте:”Жакшылыкты гана каалаган элек” – деп ант ичишет. Ошондой, Алла алардын ашкан жалганчы экенине күбө.

108.

Ал мечитте эч качан намаз окуба.Алгачкы күндөн беритакыбалык негизинде салынган мечити намазга турууң үчүн ылайыктуу. Ал жерде (күнөөдөн) абдан тазарууну чындапниет кылган кишилер бар. Алла да абдан тазалардысүйөт.

109.

Алладан корккон такыбалык менен, Алланын ыраазылыгына шайкеш мечит курган адам мыктыбы же кулай турганжардын кылаасына мечит куруп аны менен кошо өзү Тозокко кулай туган адам жакшыбы? Алла адашкандарды Туура Жолго багыттабайт.

110.

Ошондуктан, алардын курган мечиттери, өздөрүнүн жүрөктөрү талкаланганга (өлгөнгө) чейин тууралыгы күмөн боюнча кала берет.Алла–Билүүчү, Даанышман!

111.

Акыйкатта, Алла момундардын жандарын жана мал-мүлкүн Бейишке алмаштырган. Алар – Алла жолунда согушуп, өлүшөт жана өлтүрүшөт.. Буга байланыштуу чыныгы убада Тооратта, Инжилде жана Куранда бар. Өз убадасын Алладан артык орундата ала турган ким бар? Ошондуктан мына ушул соодалашууга кубангыла! Анткени бул – зор ийгилик!

112.

Тообо жана ибадат кылуучулар, орозо тутуучулар, (намаз окуп) рүкү кылуучулар, сежде кылуучулар – жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосууучулар жана Алланын чектерин сактоочу момундарга сүйүнчүлө!

113.

Пайгамбарга жана момундаргатозоктук адам экендиги билингенден кийин эгер жакындары болсо да мушриктер үчүн (Алладан) кечирим суроонун кажети жок.

114.

Ибрахимдин атасы үчүн (Алладан) кечирим тилегени – ага берилген убада боюнча болгон. (Ибрахимдин) өзүнө атасынын Аллага душмандыгы билинген соң, атасын таштап чыгып кетти. Чындыгында, Ибрахим ары кичи пейил, ары жумшак мүнөздүү болгон.

115.

Алла кайсыл-бир элди Туура Жолго салгандан кийин, алар сактаган нерселерин ачык билдирмейинче аларды адаштырбайт. Чындыгында, Алла–Билүүчү!

116.

Акыйкатта, асмандардын жана жердин кожоюндугу Аллага гана таандык. Ал – өлтүрөт жана тирилтет. Силер (момундар) үчүн Алладан башка жардамчы да, колдоочу да жок!

117.

Чындыгында, Алла мусулмандардын бир бөлүгүнүн жүрөктөрүн адашууга ыктаган (оор мезгилден) кийин пайгамбарды ээрчиген Мухажирлер менен Ансарлардын тооболорун кабыл кылып пайгамбардын ырайымына алып келди. Алла аларга ырайымдуу жана боорукер болгондуктан алардын тооболорун кабыл кылды.

118.

Согуштан калган үчөөнүн да тооболору кабыл кылынды. Аларга жер кенен болуп туруп, абдан тарып кеткен болчу. Алардын жүрөктөрү кысылып кеткен эле. Алладан башка эч кандай сактап калуучу жок экенин аңдашты. Ошондон кийин Алла алардын тооболарын кабыл кылды.Чындыгында, Алла – тооболорду кабыл кылууучу, Мээримдүү!

119.

Эй, момундар! Алладан коркуп, чынчыл адамдар менен бирге болгула.

120.

Мединалыктардын жана айланадагы көчмөнарабтардын Алланын элчисинен артта калуусу, анын жанынан өз жандарын артыккөрүүсү – жарабаган иш. Анткени алар Алла жолунда чөлгө дуушар болушса, чарчашса, ач калышса, каапырлдарды ызааландыра турган бир жерден өтсө жана душманды жеңсе,аларга ошол себептүү гана жакшы амал жазылат. Алла – жакшы иш кылгандардын сообун текке кетирбейт.

121.

Алар Алла жолунда чоң болсун, кичи болсун, бир нерсе сарп кылышкан болсо, же бир өрөөндү басып өтсө, Алла алардын көркөм амалдарына сыйлык берүү үчүн сооп жазат.

122.

Анткен менен, момундардын баары толугу менен жоого аттануулары шарт эмес. Ар бир тайпадан дин илимин үйрөнүп,алар (жоодон) кайтып келген кезде алардын такыба болуулары үчүн эскертишип туруулары керек эмес деп ойлойсуңарбы?

123.

Эй, момундар! Айланаңардагы каапырлар менен согушкула! Алар силерден катаал мамилеге кабылсын. Чындыгында, Алла такыбалар менен бирге экенин билгиле!

124.

Бир сүрө түшүрүлгөн кезде алардан: «Бул кимиңердин ыйманын арттырмак эле?» – дечү адамдар да бар.Ал сүрө – момундардын ыйманын арттырат, ошолор кубанышат.

125.

Ошондуктан ал сүрө жүрөктөрүндө дарты болгондордун жамандыктарынын үстүнө жамандык арттырат жана алар каапыр тейде өлүшөт.

126.

Мунафыктар ар жылы бир же эки ирет (Алла тарабынан) сыналып жатканын көрүшпөйбү? Ошондо деле алар тообо кылышпайт, насыят да алышпайт.

127.

Эгер сүрө түшүрүлбөсө, бири-бирине карап:”Силерди көрө турган бирөө барбы? ” – дешип, анан өздөрү терс бурулуп кетишет.Алардын жүрөктөрүн тескери оодарып койгон. Анткени алар түшүнбөгөн коом.

128.

Чындыгында, силерге өз араңардан (чыккан) ызаттуу элчи келди. Ага силердин түйшүгүңөр оор келсе да, ал силерге өтө камкор. Момундарга мээримдүү, боорукер.

129.

Эгер алар сенден жүз үйүрсө: “Мага Алла жетиштүү. Андан башка Кудай жок. Ага тобокел кылдым жана Ал – Улуу Арштын Кожоюну”! – деп айт.