99. Аз-Зальзала

1.

Жер силкинип титиреген кезде,

2.

Жер өз ичине камтыган (дүнүйө-мүлк жана өлүктөрдү) сыртка чыгарып салган кезде,

3.

“Буга(жерге) эмне болду?”– деп инсан айткан кезде,

4.

Дал ошол Күнү Жер (өзүнүн үстүндө эмне окуялар болгонун) кабар берип сүйлөйт.

5.

Анткени бул сенин Эгеңдин тигиге(жерге) берген буйругу.

6.

Мына ошол Күнү адамдар өздөрүнүн (жакшы-жаман) амалдары көргөзүлүп, топ-топ болуп чыга келишет.

7.

Демек, кимде-ким кыпындай жакшы иш кылган болсо аны көрөт,

8.

Кимде-ким кыпындай жаман иш кылган болсо аны да көрөт.