98. Аль-Байина

1.

Китеп ээлеринен (иудейлер жана христиандар) жана көп кудайчылдардан болгон ишенбөөчүлөр өздөрүнө ачык-айкын кабарлар(Куран жана Ислам Пайгамбары) келген кезге чейин өз жаңылыштыктарынан (Жаратканга шек келтирүүдөн) ажырай алышпады.

2.

Алладан келген элчи(Мухамед) аларга тап таза акыйкат чындык кабарларды окуду (айтып берди).

3.

Аларда (китептерде) туура өкүмдөр бар.

4.

Китеп ээлеринен болгондор(иудейлер жана христиандар) качан гана аларга ачык-айкын кабарлар(Куран аяттары) келген кезге чейин (бир-биринен) ажырашкан жок;

5.

Аларга чыныгы динди таза бекем кармап, бир гана Аллага сыйынууга жана намаз окуп, зекетти (тиешелүү) орундарга берүүгө буйрук кылынды. Мына ушул гана – акыйкат жолунда адамдардын тутунган дини.

6.

Акыйкатта, Китеп ээлеринен жана мушриктерден(көп кудайчылардан) чыккан ишенбөөчүлөр- алар Тозоктун алоолонгон отунда түбөлүккө болушат. Алар – адамдардын эң жаманы.

7.

Акыйкатта, ыйман келтирип – Аллага ишенгендер жана жакшылык иштерди кылгандар, алар – адамдардын эң жакшысы.

8.

Аларга Жараткан тарабынан төмөн жактарында өзөн-дарыялар агып турган бейиш бактары түбөлүккө сыйлык үчүн берилет. Алла Таала аларга ыраазы болот жана алар да Аллага ыраазы болушат. Бул(сыйлыктар) өз Жаратканынан корккон такыбалар үчүн гана.