97. Аль-Кадр

1.

Акыйкатта, Биз аны(Куранды) ыйык түндө түшүрдүк.

2.

Кадыр түнү эмне экенин билесиңби?

3.

Кадыр түнү миң айдан да артыгыраак.

4.

(Ал түндө) Алланын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух(Жебреил) жер үстүнө түшүшөт.

5.

Ал(Кадыр түн) таң атканча тынчтык – амандык.