96. Аль-`Алак

1.

Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен,

2.

Инсанды Ал уюган кандан жараткан.

3.

Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – ызаттуу.

4.

Ал (инсанга) калем менен жазууну үйрөткөн.

5.

(Ал) инсанга анын билбеген нерселерин билүүнү үйрөткөн.

6.

О жок, аныгы инсан катуу адашат, чектен ашат.

7.

(Анын чектен ашышы) өзүнүн байыганын көргөн кезде (болот).

8.

Акыйкатта, (эй инсан) өз Эгеңе кайтып баруу (бар).

9.

Көрбөйсүңбү?! Тыюу салган кишини.

10.

(Тыйды ал) намаз окуган пендени(Мухамедди).

11.

Көрдүңбү? Ал(Мухамед) туура жолдо болуп атса,

12.

Же (ал) такыбалыкка(Жараткандан коркууга) буйруп жатса…

13.

Көрбөйсүңбү?! Тигил(тыюу салуучу) жалганчы деп атса жана (ыймандан) баш тартып жатса…

14.

(Эми ошонун баарын) Алла көрүп турганын билбедиби?

15.

О жок! Ант болсун, ал эгерде токтонбосо биз аны көкүлүнөн апчып, сүйрөйбүз.

16.

(Чапчып сүйрөйбүз) жалганчы жана күнөөкөр көкүлдү.

17.

Ошондо мейли ал өзүнүн тобун чакырсын.

18.

Биз күч-кубаттуу – айбаттуу сакчыларды чакырабыз.

19.

Жок! Ага(каапырга) моюн сунба! (Аллага) сажда кылып, (Аллага) жакында.