95. Ат-Тин

1.

Анжир менен зайтунга ант.

2.

Сиинаа тоосунаант.

3.

Мына ушул бейпил шааргаант.

4.

Албетте, Биз инсанды эң мыкты – тегиз турпатта кылып жараттык.

5.

Анан кийин Биз аны төмөнкүлөрдүн эң төмөнүнө кайтардык.

6.

Бирок, ыйман келтирип Аллага ишенген жана жакшылык иштерди кылгандар үчүн үзүлбөгөн сооп(сыйлык) бар.

7.

(Эй инсан!) Мындан соң сени кыяматты жалганга чыгарууга эмне түрткү болуп жатат.

8.

Алла өкүмдарлардын өкүмдары эмеспи?!