94. Аль-Инширах

1.

Биз сенин көкүрөгүңдү(жүрөгүңдү) ачпадыкпы?

2.

Жана сенин үстүңдөгү оор жүктү алып салбадыкпы?

3.

Ошол жүк сенин жонуңду басып турган эле.

4.

жана сенин атыңды көтөрбөдүкпү?

5.

Акыйкатта, кыйынчылык артынан жеңилдик келет.

6.

Чын эле, кыйынды улай жеңил чыгар.

7.

Эгерде (намаздан) бошонсоң, (дубага) кириш.

8.

Жараткан Эгеңе жалбар.