1. |
Шашке маалына ант. |
2. |
Коюланган түнгө ант. |
3. |
Сенин Эгең сени таштаган да, сага ачууланган да жок. |
4. |
Анткени сага Акырет жашоосу дүйнө жашоосунан жакшыраак. |
5. |
Эгең сага сен ыраазы болгонуңдай (жакшылыктарды) берет. |
6. |
(Ал) сени жетим кезиңде таап, сага баш баанек жасабады беле?! |
7. |
Жана да сени (Ал) адашкан абалда таап, туура жолго салбады беле? |
8. |
(Ал) сени жакыр кезиңде таап, сени байытпады беле. |
9. |
Демек, сен жетимге каарданба! |
10. |
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба! |
11. |
Жана да Эгеңдин жакшылыгын кабарла! |