92. Аль-Лайл

1.

Каптап келген караңгы түнгө ант.

2.

Жана жаркыраган күндүзгө ант.

3.

Жана да эркек менен аялды Жаратуучуга ант.

4.

Албетте, силердин аракетиңер ар башкача.

5.

Алсак, кимде-ким берешендик кылса жана такыбаа болсо,

6.

Жана да (ал) Бейиштик чын деп билсе (тастыктаса),

7.

Биз анын жолун жеңил кылабыз.

8.

А кимде-ким сараңданса жана текеберденсе,

9.

Бейишти жалган десе,

10.

Анда Биз анын жолун кыйынчылыкка(тозокко) бурабыз.

11.

Жана ал тозокко ташталганда анын байлык-мүлкү куткара албайт.

12.

Туура жолго багыттоо Бизге гана таандык.

13.

Анткени Акырет жашоосу да, бул дүйнө жашоосу да Бизге гана тиешелүү.

14.

Мына Мен силерди алоолонгон тозок (оту) менен коркутуп – эскертемин.

15.

Ал жерге бактысыздар гана кирет.

16.

Ал (чындыкты) жалганга чыгарып, (андан) жүз бурган эле.

17.

Андан(тозоктон) такыбаа гана оолак болот.

18.

Ал(такыбаа берешендик менен) мал-дүйнөсүн сарптап, тазаланат.

19.

Ал(такыбаа) эч бирөөгө сыйлык берүүгө милдеттүү эмес.

20.

Тек гана (тиги өз байлыгынан) бийик даражалуу Эгесинин ыраазылыгын гана талап кылат.

21.

Жакында ал ыраазы болот.