91. Аш-Шамс

1.

Күн жана анын жарыгына ант,

2.

жана анын (Күндүн) артынан ээрчиген Айга ант,

3.

жарыгын жайылткан күндүзгө ант,

4.

күндүздү каптап, жаап калган түнгө ант,

5.

жана Асман жана аны Жаратканга ант,

6.

Жер жана аны төшөөчүгө ант,

7.

напсыга жана аны жайгаштырганга ант.

8.

Напсыга бузулууну да, такыбаа болууну да илхам салды (үйрөттү).

9.

Кимде-ким аны (напсыны) тазаласа, ал ийгилике жетишет.

10.

Кимде-ким аны (напсыны) адаштырса, зыян тартат.

11.

Самуд (коому) жолдон адашып, (пайгамбарын) жалганга чыгарышты,

12.

(Бул алардын ичинен) бир бактысызы суурулуп чыккан кезде,

13.

Ошондо Алланын элчиси тигилерге: “Алланын төөсүнө жана анын суу ичүүсүнө (тийбегиле)!” – деди.

14.

Ошондо (алар) аны жалганчы дешип, төөнү союп салышты эле алардын күнөөлөрүнө жараша, тигилердин Эгеси (азапты) үстүнө-босток кылып, аны теңеди.

15.

Ал (Алла) тигинин акыбетинен коркпойт.