90. Аль-Балад

1.

Ушул шаар менен ант ичем.

2.

Эй (Мухамед) сага ушул шаарда тыюу жок.

3.

Атага (Адам ата) жана урпактарына ант.

4.

Биз инсанды түйшүккө жараттык.

5.

Инсан, эч ким аны жеңе албайт деп ойлобойбу?

6.

Ал: “Мен эсепсиз көп байлыктарды коротум” – дейт.

7.

Ырас эле, ал пенде өзүн эч ким көргөн жок деп ойлойбу?

8.

Биз ага (пендеге) эки көз жаратып бербедик беле?!

9.

жана да тили менен эки эриндеринчи?

10.

жана аны эки жолго (жаман, жакшы) багыт алдырдык.

11.

Ал (пенде) ашуудан өтпөй койду.

12.

Сен “Ашуу” эмне экенин билесиңби?

13.

Ал ашуу дегени кулду азаттыка чыгаруу.

14.

же ачкачылык күндөрдө тамак берүү,

15.

Өз туугандарынан болгон жетимдерге

16.

же бир чаңга булганган кедейге.

17.

Андан соң ал ыйман келтирген, сабырдуулукка үндөгөн жана ырайымдуулукка чакыргандардын арасында болбойт.

18.

Мына ушулар (жогоруда сыпатталган момундар) оң тараптын ээлери!

19.

Ал эми биздин аяттарыбызга ишенбегендер, алар – сол тарап ээлери.

20.

Алардын үстүндө каптаган тозок оту.