8. Аль-Анфал

1.

Алар сенден олжолор жөнүндө сурашат. “Олжолор Аллага жана Элчисине таандык. Эгер силер момун болсоңор, Алладан корккула, араңарды оңдогула, Аллага жана Анын Элчисине баш ийгиле!” – деп айткын.

2.

Чынында момундар, Алла(нын аты) эскерилгенде жүрөктөрү корккондор, аларга Анын аяттары окулганда, ыйманы күчөйт жана өздөрүнүн Эгесине гана тобокел кылышат.

3.

Алар намаз окушат жана Биз берген ырыскылардан (Алла жолуна) сарпташат.

4.

Булар анык ыймандуулар. Аларга Эгесинин алдында даражалар, кечирим жана кереметтүү ырыскылар бар.

5.

Мына ушундай, момундардын бир бөлүгү жактырышпаса да, Эгең сени акыйкаттык менен үйүңдөн алып чыккан.

6.

Билингенден кийин да аларды өлүмгө айдап жаткан жана алар аны (өлүмдү) көргөн өңдүү сени менен акыйкат жөнүндө жаңжалдашат.

7.

Ошол кезде Алла эки топтун бири силердики болорун убада кылган эле. Куралсыздары силердики болуусун кааладыңар эле. Бирок Алла Өз сөзү аркылуу чындык бекемделишин жана каапырлардын арты кыркылуусун каалады.

8.

Күнөөкөрлөр жек көрсө да, акыйкат чынга айлансын,жалганчылык жок болсун үчүн.

9.

Силер Эгеңерден жардам сурап жаткан учурда Ал силерге жооп кылып:”Акыйкатта, Мен силерди сап-сап болгон миңдеген периштелер мененколдойм”, – (деди).

10.

Алла шексиз түрдө силердин жүрөгүңөрдү тынчтандыуу үчүн муну силерге сүйүнчүлөдү. А жардам Алланын кашында. Акыйкатта, Алла Ызааттуу жана Даанышман.

11.

Ал Өз мээримдүүлүгү катары силерге тынчтантуу үчүн куш уйку берди. Ал силерди тазалоо, шайтандын азгырыгынан куткаруу, жүрөгүңөрдү байланыштыруу жана басыгыңарды бекемдөө үчүн асмандан жамгыр жаадырды.

12.

Качан сенин Эгең периштелерге: “Акыйкатта Мен силермененмин. Ыймандууларды бекемдегиле! Мен каапырлардын жүрөгүнө коркунуч салам.Алардын баштарына жана манжаларына ургула!”

13.

Бул алардын Аллага жана Элчисине каршы чыккандары үчүн. Кимде ким Аллага жана Элчисине каршы чыкса, анда Алла жазалоодо катуу.

14.

Мына ушуну таткыла! Албетте, от азабы каапырлар үчүн.

15.

Эй ыймандуулар! Согушта катарлашкан каапырлар тобу менен кездешкен кезде артка чегинбегиле.

16.

Ким эгер ошол күнү согушууга ыңгайлуу абалды ээлөө үчүн, же (өздөрүнөн) башка топко кошулуу үчүн гана артка чегинбесе, анда ал Алланын каарына калат. Анын жайы тозок, ал кандай жаман.

17.

Аларды силер өлтүрбөдүңөр, Алла өлтүрдү. Аларга (кум) чачканыңда, сен чачпадың, момундарды жакшы сынак менен сыноо үчүн –Алла чачты. Албетте, Алла Угуучу, Билүүчү.

18.

Бул ушундай. Акыйкатта, Алла каапырлардын айла-амалдарын алсыз кылуучу.

19.

Силер жеңиш тиледиңер эле, тилегиңер силердин зыяныңарга келди. Эми силер тыйылсаңар, ал силер үчүн жакшы. Эгер кайталасаңар, Биз да кайталайбыз. Силердин тобуңар көп болсо деле, силерге жардам кыла албайт. Албетте, Алла момундар менен бирге.

20.

Эй ыймандуулар! Аллага жана Элчисине моюн сунгула! Куранды угуп туруп, Пайгамбардан жүз үйрүбөгүлө!

21.

“Уктук!” – дешип, укпагандар сыяктуу болбогула.

22.

Чынында, Алланын алдында жандуулардын эң жаманы акыл калчабаган дүлөйлөр жана дудуктар.

23.

Эгерде Алла алардан бир жакшылык байкаса, аларды уккудай кылар эле. Бирок, аларга угузса да, алар жалтактана баш тартышаар эле.

24.

Эй ыймандуулар! Силер үчүн жакшылык алып келүүчү нерсеге чакырып жатканда Аллага жана Элчисине ээрчигиле.Жана да Алла инсан менен анын жүрөгүнүн араларында экендигин, силер Ага кайтып бара тургандыгыңарды билгиле.

25.

Силердин араңардагы келе турган чуудан сактангыла. Алланын катуу жаза берерин билгиле!

26.

Силер жер жүзүндө аз санда алсыз болгонуңарды эстегиле.Силер адамдар бизди багынтып алат деп, коркчу элеңер. Силер шүгүр келтирүүңөр үчүн, Алла силерге (Мединадан) жай берди жана Өзүнүн жардамы менен кубаттандырды. Силерге мол ырыскы улады.

27.

Эй ыймандуулар! Аллага жана Анын Элчисине кыянат кылбагыла. Силерге тапшырылган аманатка билип туруп кыянаттык жасабагыла!

28.

Билгиле! Силердин мал-мүлкүңөр жана бала-чакаңар азгырма сыноо гана, а Алланын алдында зор сыйлыктар бар.

29.

Эй ыймандуулар! Эгер силер Алладан корксоңор Ал силерге жаман-жакшыны айырмалоочуну берет, жамандыгыңарды тазалап, күнөөңөрдү кечирет. Алла Улуу ырайымдын ээси.

30.

Каапырлар сени камакка алуу, өлтүрүү, же кууп чыгуу үчүн айла-амал ойлошкон кезди (эстегин). Алар айла-амал кылышканда, Алла да айла-амал кылды, Алла амалкөйлөрдүн эң мыктысы.

31.

Аларга Биздин аяттар окулганда: “Биз мурда эле укканбыз. Эгер кааласак биз да ушундай айта алабыз. Бул байыркылардын эле жомогу”,– дешет.

32.

Качан алар: “О Эгебиз! Бул Сенден келген акыйкат болсо, анда тө бөбүзгө таштан жаан жаадыр, же бизге оорутуучу азап келтир”, – дешкен(ин эсте).

33.

Бирок, Алла аларды сен алар менен болгон кезде жана алар кечирим сурап жа ткан учурда жазалабайт.

34.

Алар ыймандууларды Ыйык Мечитке киргизбей жатса, эмне үчүн Алла аларды жазалабасын?! Алар (каапырлар) анын сактоочулары эмес, акыйкатта анын ээлери такыбалар гана. Бирок, алардын көбү муну билишпейт.

35.

Алардын (Алланын) /йүндөгү намаздары – ышкыруу жана тизилүү гана. (Эми) каапыр болгондугуңар үчүн мына ушундай азапты таткыла!

36.

Акыйкатта, каапырлар өздөрүнүн мал-мүлкүн адамдарды Алланын жолунан чыгаруу үчүн жумшашат. Алар сарпташат. Анан анысы өкүнүчкө айланат. Мындан соң жеңилүүгө дуушар болушат. А каапырлар тозокко чогултулат.

37.

Алла жаманды жакшыдан ажыратуу үчүн жана жаманды биринин үстүнө бирин үйүп, тозокко салуу үчүн. Аныгында алар зыянга кабылуучулар.

38.

Каапырларга айт: “Эгер алар тыйылышса, мурунку кылыктары (мурдагы күнөөлөрү) кечирилет. А эгер кайтышса, аларга карата мурунку элдерге колдонулган жаза ишке ашырылат.

39.

Алар менен эч бир ширк калбаганга чейин жана дин толук Алла үчүн болгонго чейин согушкула. Эгерде алар тыйылышса, албетте Алла алардын кылгандарын толук Көрүүчү.

40.

Эгер алар баш тартышса, анда, албетте Алла кожоюнуңар экенин билгиле. Ал кандай сонун Колдоочу жана кандай жакшы Жардамчы!

41.

Эгер силер Аллага, жакшы менен жаманды айырмалоочу, аскерлердин эки тобу беттешкен күнү Биз пендебизге (акыйкат менен бузукулукту ажыраткан күндү) ачканга ишенсеңер, согушта алган олжоңордун бештен бири Аллага, Элчисине, жакын туугандарына, жетимдерге, мискиндерге, жолоочуларга тийиштүү экендигин билгиле. Алла бардык нерсеге кудуреттүү.

42.

Качан силер өрөөндүн тигил тарабында болуп, алар бул тарабында болгондо, а кербен силерге жакын эле.Эгер силер бир бириңер менен макулдашсаңар да, белгиленген мөөнөттү өткөрүп ийген болот элеңер.Бирок, Алланын буйруганы ишке ашты. Анык далилдер боюнча өлө тургандар өлдү, а анык далилдер боюнча тирүү кала тургандар тирүү калды. Албетте, Алла Угуучу жана Билүүчү.

43.

Ошондо Алла сага түшүңдө аларды аз кылып көргөздү. Эгерде аларды сага көп кылып көрсөткөн болсо, албетте апкаарыйт элеңер жана бул иш боюнча талашып тартышмаксыңар. Бирок Алла силерди куткарды. Акыйкатта, Ал көкүрөктөгүнү билүүчү.

44.

Силер бир-бириңер менен кездешкенде, Алла Өзү буйурган ишти орундоо үчүн аларды көздөрүңөргө аз кылып көргөздү, Ошондой эле, силерди да алардын көздөрүнө аз кылып көрсөттү. (Баардык) Иштер Аллага кайтарылат.

45.

Эй ыймандуулар! Ийгиликке жетүүңөр үчүн душман менен беттешкенде бекем болгула жана Алланы көп эстегиле!

46.

Аллага жана Элчисине баш ийгиле; коркпооңор, кубатыңар кетпеши үчүн талашып-тартышпагыла. Сабырдуу болгула. Чынында, Алла сабырдуулар менен бирге.

47.

Адамдарга өздөрүнүн артыкчылыгын көргөзүү үчүн үй-жайларын калтырып, Алланын жолунан тосуп, мактанып чыккандар өңдүү болбогула! Алла алардын эмне кылып жаткандарын Билүүчү.

48.

Ошондо шайтан алардын кылыктарын кооздоп көрсөттү да:”Бүгүн адамдардан силерди жеңүүчү жок. Чынында, мен силерге жардамчымын”,- деди. Эки топ аскер беттешкенде, ал (шайтан) терс бурулду да:”Мен силерден оолакмын. Мен силер көрбөгөндү көрүп турамын. Акыйкатта мен Алладан коркомун. Алланын жазасы катуу”, – деди.

49.

Ошондо эки жүздүүлөр жана жүрөгүндө дарты барлар:”Алардын дини өздөрүн азгырып кетти”, – дешти. Бирок, ким Аллага тобокел кылса, албетте Алла Ызааттуу, Даанышман.

50.

Периштелер каапырларды бетке жана жонго уруп: “Куйкалоочу жазаны таткыла!” – деп, алардын жанын алып жатканын көргөнүңдөбү.

51.

Бул силердин өз колуңар менен кылганыңар үчүн. Алла пенделерине зулум кылуучу эмес.

52.

Жоруктары Фараондун эли жана андан мурунку элдердики сыяктуу. Алар Алланын аяттарына каапырлык кылышкан. Алла аларды күнөөлөрү үчүн жазалады. Акыйкатта, Алла Кубаттуу жана азабы катуу.

53.

Алла бир коомго берген жакшылыктарын ал коом өздөрүн өзгөртмөйүнчө өзгөртпөйт. Албетте, Алла Угуучу, Билүүчү.

54.

Жоруктары Фараондун эли жана андан мурунку элдердики сыяктуу. Алар Эгесинин аяттарын жалганга чыгарышты. Аларды күнөөлөрү себептүү кыйратып, Фараондун коомун сууга чөктүрдүк. Алардын баары заалым болушкан эле.

55.

Акыйкатта, Алланын алдында жандуулардын эң жаманы каапырлар. Алар эч качан ыйман келтиришпейт.

56.

Сен алар менен келишим түзгөндөн кийин, алар ар качан аны бузушат. Алар Алладан коркушпайт.

57.

Сен алар менен согушта беттешкенде, алардын артынан ээрчигендерге сабак болгудай катуу жазала! Балким, эстерине келишээр.

58.

Эгер сен кыянаттарынан корксоң, алар менен болгон келишимди тегиз үз. Акыйкатта Алла кыянаткерлерди сүйбөйт.

59.

Каапырлар озуп кеттик деп ойлошпосун. Албетте, алар алсырата алышпайт.

60.

Алланын душманын, өз душманыңарды жана башка силер билбеген, бирок Алла билген душмандарыңарды коркунучта кармоо үчүн аларга каршы күч-кубат жана атчандарды толук даярдыкта кармагыла! Силердин Алла жолуна сарптаганыңар өзүңөргө толук кайтарылат. Адилетсиздик кылынбайт.

61.

Эгер алар тынчтыкка келишсе, сен да тынчтыкка кел жана Аллага тобокел кыл. Шексиз, Ал Угуучу, Билүүчү.

62.

Эгер алар сени алдоону каалашса, албетте Алла(нын өзү) сага жетиштүү (коргоочу). Ал Өз жардамы жана момундардын жардамы менен сени бекемдеди.

63.

Ал алардын жүрөктөрүн бириктирди. Эгер сен жер үстүндөгүлөрдүн баарын берсең дагы алардын жүрөктөрүн бириктире албас элең. Анткени менен, Алла аларды бириктирди. Албетте, Ал Ызааттуу, Даанышман.

64.

Эй пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген момундарга Алла (толук) жетиштүү.

65.

Эй пайгамбар! Момундарды согушка кызыктыр. Эгер силерден сабырдуу жыйырма киши болсо, эки жүздү жеңет. А эгер силерден жүз киши болсо, каапырлардын миңин жеңет. Анткени, алар (каапырлар) акыйкатты түшүнбөөчүлөр.

66.

Азыр, Алла силерден (жүктү) жеңилдетти. Анткени Ал силердин алсыздыгыңарды билет. Андыктан, силерден сабырдуу жүз киши болсо, эки жүздү жеңет. А эгер силерден миң болсо, Алланын уруксаты менен эки миңди жеңет. Алла сабырдуулар менен бирге.

67.

Эч бир пайгамбарга жер жүзүндө жоодон өктөм болгонго чейинтуткун кармоо мүмкүн эмес. Силер дүйнө пайдасын ойлойсуңар. А Алла (силерге) акыретти каалайт. Алла Ызааттуу, Даанышман.

68.

Эгер Алладан жазуу (өкүм) болбосо, алгандарыңар үчүн силерге зор жаза келээр эле.

69.

Олжо түрүндө алган адал, таза нерселерди жегиле жана Алладан корккула. Акыйкатта, Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.

70.

Эй пайгамбар! Колуңардагы туткундарга: “Эгер Алла жүрөктөрүңөрдө бир жакшылык бар экенин билсе, силерге өзүңөрдөн алынгандан да артыгын берет. Жана силерди кечирет. Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү!” – дегин.

71.

Эгер (туткундар) сага кыянат кылууну каалашса, чынында алар мурда Аллага да кыянат кылышкан эле. Андыктан, сени аларга үстөм кылды. Алла Билүүчү, Даанышман.

72.

Чынында, ыйман келтирип, жер которуп, мал-жаны менен Алла жолунда күрөшкөндөр жана аларга үй-жай берип жардамдашкандар– бири бирине дос! Ал эми ыйман келтирип, көчө албагандарга, алар көчкөнгө чейин силер (менен) алардын ортосунда жакындык жок. Эгер алар силерден дин жайында бир жардам сураса, жардам кылуу силерге милдет. Бирок, алар силер менен келишим түзгөн элде болсо, анын жөнү башка. Алла силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат.

73.

Каапырлар бири бирине дос!. Эгерде бирикпесеңер жер жүзүндө чуу жана зор бузукулуктар болот.

74.

Ыйман келтирип, жер которушкандар, мал-жанын аябай Алла жолунда күрөшкөндөр менен аларга үй-жай берип жардам эткендер – булар нагыз момундар. Аларга кечирим жана кең ырыскы бар.

75.

Кийин ыйман келтиргендер, жер которгондор жана силер менен бирге дин үчүн күрөшкөндөр, алар – силерден. Бирок, кандаш бир туугандар Алланын Китеби боюнча бири бирине жакын. Акыйкатта, Алла бардыгын Билүүчү.