89. Аль-Фажр

1.

Таңга ант.

2.

Он түнгө ант.

3.

Жуп менен такка ант.

4.

жана да өтүп жаткан түнгө ант.

5.

Чын эле ушул айтылган анттар акыл ээлерине жетишсизби?!

6.

Ырас эле Сенин Эгең Ад коомун эмне кылганын көрбөйсүңбү?!

7.

Бекем түркүктүү Ирам шаарын,

8.

Андай (шаар) эч бир элде курулган эмес эле.

9.

Таштарды оюп кесип, бир өрөөнгө (турак жай салган) жайгашкан Самуд элин,

10.

жана көп казык ээси болгон Фараонду,

11.

Алар өз шаарларында чектен ашкан эле.

12.

Шаарларында бузукулукту өтө көп кылышкан эле,

13.

Ошондо сенин Эгең аларга түрдүү азаптарды жаадырган.

14.

Акыйкатта сенин Эгең (Өз пенделеринин эмне кылгандарына) көз салат.

15.

Эгең Өз пендесин сынап, ага ийгилик-жакшылыктар бергенде. Ал:”Эгем мени ардактап-сыйлады” – дейт.

16.

А, аны сынап, ырыскысын өлчөп койсо, ал: “Эгем мени кордоду” – дейт.

17.

О жок! Балким силер өзүңөр жетимге кам көрбөй жатасыңар,

18.

жардыларга даам берүүгө үгүттөбөйсүңөр.

19.

мураска калган мүлктөрдү сугунуп жеп-жалап жатасыңар.

20.

байлыкты абдан эле жакшы көрөсүңөр.

21.

О жок! (антпегиле!) Качан жер тегизделгенге чейин титиресе

22.

жана ошондо сенин Эгең анан периштелер катар-катар тобу менен келишет.

23.

Ал күнү тозок жакын алынып келинет да, ошондо инсан баарын эстейт. Бирок анда ага эмне пайда?!

24.

Ошондо ал: “Жашоо-келечегимди мурунтан даярдасам кана (аттиң)” – дейт.

25.

Ошол күндө Алла жазалагандай эч ким жазалай албайт,

26.

жана Ал кишендегендей эч ким кишендей албайт.

27.

Эй жай баракат жан!

28.

Өз Эгеңдин алдына ыраазы болуучу жана ыраазы болгон абалда кайтып баргын.

29.

Менин (сүйүктүү) пенделеримдин арасына кирип,

30.

Алар менен бирге Бейишиме киргин!