88. Аль-Гаашия

1.

Баарын ороп, жаап калуучу (Кыямат) жөнүндө кабарың барбы,

2.

Ал күндө көр болгон жүздөр болот.

3.

Чарчап-чалыккан, ысык отто азапталган,

4.

ысык отто азапталган.

5.

Алардын ичкендери кайнак булак,

6.

Жегендери тикенектүү, ачуу.

7.

(Албетте) Алар кубат да бере албайт, ачкачылыктан да куткара албайт.

8.

Ал күнү албырган да жүздөр бар.

9.

өз иш-аракетине ыраазы болот.

10.

(алар) бийик Бейиштен.

11.

Сен анда жаман сөз эч укпайсың,

12.

Анда агып турган мөлтүр булак,

13.

Анда бийик орундуктар,

14.

чөйчөктөр коюлган,

15.

жаздыктар тизилген,

16.

кооз килемдер төшөлгөн.

17.

Ырас эле алар төөнүн кандай жаратылганын карашпайбы?!

18.

Асмандын кандай көтөрүлүп турганына,

19.

тоолордун кадалып коюлганына,

20.

Жердин төшөлгөнүнө,

21.

Эскерткин! Анткени сен эскертүүчү ганасың.

22.

Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң.

23.

Ал эми ким баш тартса жана каапыр болсо,

24.

Алла аны азаптар менен жазалайт!

25.

Албетте алар Бизге (Мага) кайтып келишет.

26.

Ошондо алардан эсеп алуу Бизге гана таандык.