87. Аль-А’лаа

1.

Жогору даражалуу Эгеңди аруула!

2.

Ал баарынжараткан жана барабар кылган.

3.

Ал баарын өлчөп жана багыттап койгон.

4.

Жана да Ал жайыттарга чөп өстүргөн.

5.

Андан соң Ал аны карарган куурайга айландырат.

6.

Биз сени үйрөтөбүз, анан сен такыр унутпайсың, –

7.

Бирок, Алла каалагандардан башкаларын. Албетте, Алачыкты да, жашыруунду да билип турат.

8.

Биз сага ийгиликтерди жеңил кылабыз.

9.

Эгер эскертүү пайдалуу болсо анда эскерткин.

10.

Ким корккон болсо ал насаат-сабак ала берет.

11.

Ал эми эскертмеден бактысыз гана баш тартат.

12.

Ал Акыреттеги алоолонгон чоң отто күйөт.

13.

Ал анда өлүп да калбайт, (же) тирүү жашап да калбайт.

14.

Ким тазаланса ал ийгилик тапканы –

15.

Эгесинин атын эстеп анан намаз окуса.

16.

Жок, кантсе да силер бул дүйнөнүн жашоосун артык көрөсүңөр.

17.

Бирок Акырет жашоосу эң мыкты жана түбөлүк.

18.

Акыйкатта, бул(айтылып – баяндалгандар) мурунку барактарда да бар.

19.

Ибрахим менен Мусанын барактарында.