86. Ат-Таарик

1.

Асманга жана анда жылган таң жылдызгаант кылам.

2.

Бул жарык жылдызды сен кайдан билесиң?!

3.

Ал балбылдаган жарык жылдыз.

4.

Жанында (жазып туруучу) көзөмөлдөөчү (периштелер) болбогон бир да жан жок экендигине ант берем.

5.

Инсан өзүнүн эмнеден жаралганына карап көрсүнчү!

6.

Ал атырылган суудан жаратылган.

7.

Бел жана көкүрөк арасынан чыккан.

8.

Акыйкатта Ал аны (инсанды) өзүнө кайтарып тирилтүүгө кудуреттүү.

9.

Качан бардык сырлар ачылып сыналган күнү

10.

Качан анда (инсанда) күч-кубат да, жардамчы да болбой калганда!

11.

Жаан төккөн асманга ант.

12.

Көөп-жарылган жерге ант.

13.

Акыйкатта, бул ажыратуучу сөз.

14.

Ал эч кандай азил сөз эмес!

15.

Алар амалкөйлүк-куулук кылышат.

16.

Мен да аларга амалкөйлүк көргөзөм.

17.

Каапырларга бир аз мөөнөт бер (күт).