85. Аль-Буруж

1.

Жылдыздуу асманга ант,

2.

Убада кылынган Кыямат күнүнө ант,

3.

Күбө болуучу жана күбөлөнгөнгө ант.

4.

Чуңкур ээлерине өлүм болсун–

5.

(Ал) отундуу от.

6.

Алар (капырлар) отту айланта олтурушкан эле.

7.

Алар момундардын эмне кылып (отто кыйнап) жаткандарына күбө болуп (жатышкан).

8.

(Капырлар) момундарга мактоого татыктуу, ызаттуу Аллага ишенгендери үчүн эле азап берип жатышкан.

9.

Асман жердин мүлкү ал (Алла) үчүн, Алла өзү бардык нерсеге күбө.

10.

Анткени Аллага ишенген момун эркек жана момун аялдарды азаптап жаткандар кийин тообо келтиришпесе алар үчүн тозок азабы бар, ал куйкалоочу азап.

11.

Аллага ишенип жакшылык иштерди кылгандарга сыйлык катары алдынан дарыялар агып турган Бейиш бактары берилет. Ал өзү чоң сыйлык!

12.

Акыйкатта Эгеңдин азапка салуусу аябай катуу.

13.

Анткени Ал баштан жараткан жана кайра тирилтет.

14.

Ал кечиримдүү жана сүйүүчү.

15.

Ал улуу арштын Ээси,

16.

Өз каалаганын жасоочу.

17.

Сага аскерлери жөнүндө кабар келдиби?

18.

Фараондун жана Самуд коомунун,

19.

каапырлардын баары жалган деп четке кагат.

20.

Алла алардыарка тарабынан курчоочу.

21.

Балким бул Ыйык Куран!

22.

(Ал) сакталган тактайда.