84. Аль-Иншикак

1.

Асман жарылганда,

2.

Эгесине кулак салып, акыйкатталганда,

3.

Жер түздөлүп, созулганда,

4.

Ал (Жер) өз ичиндегилердин баарын сыртка чыгарып, бошонгондо,

5.

Эгесине кулак салып, акыйкатталганда

6.

Эй инсан, Өзүңдүн Эгеңе умтул! Ошондо гана сен Ага жолугасың.

7.

Анан кимдин китеби оң тарабынан берилсе,

8.

Анда анын эсеп-кысабы да жеңил болот.

9.

жакындарына кубанган абалда кайтат.

10.

Кимге эсеп-кысап китеби арка жагынан берилсе,

11.

өзүнө өлүм тилеп жалдырайт.

12.

(ал) катуу күйгөн отко кирет.

13.

(ал жалган дүйнөдө) жакындарынын арасында жыргап-куунап жүргөн эле.

14.

Анткени ал эч качан (Бизге) кайтып келкелээрине ишенген эмес.

15.

О жок! Эгеси анын артынан көз салган.

16.

Күн баткандагы көрүнгөн кызыл нурга ант.

17.

Баарын өзүнө жыйып, каптап калган таңга ант.

18.

Толуп турган айга ант.

19.

Силер бардык баскычтар аркылуу өтөсүңөр

20.

Аларга эмне богон, ийман келтирбейт?!

21.

Куран окулуп жаткан учурларда алар сажда кылышпайт.

22.

Балким алар (Куранды) жалганга чыгарышат.

23.

Алла болсо алардын дилиндеги жашырган нерселеринин баарын билет.

24.

Аларга оорутуучу азап(тозок)жөнүндө кабар бергин!

25.

Аллага ишенгендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга үзүлбөгөн (кемибеген) сыйлык.