83. Аль-Мутаффифин

1.

Таразадан алдагандарга азап!

2.

Алар адамдардан өлчөп алышканда толук алышат да,

3.

Башкаларга таразалап, өлчөп беришсе кемитип беришет.

4.

Алар тирилүүлөрүн анык экенин байкап билишпейби?!

5.

Улуу Күндө

6.

Дал ошол Күнү адамдар ааламдардын Эгесине туруп келишет.

7.

Жок, ыплас-бузукулардын китеби “Сижжинде”(жазылып коюлган).

8.

Сен “Сижжин”эмне экенин билесиңби?

9.

Мөөрдөлгөн китеп.

10.

“Ошол күн жалган”- дегендерге азап.

11.

Алар Кыямат күндү жалган дешет эле.

12.

Чектен ашкан күнөөкөр гана аны жалган дейт.

13.

Биздин аяттарыбыз аларга окулса, алар: “Мунун баары мурункулардын уламыш-жомогу”- дешет.

14.

О жок! Жасаган иштери себептүү алардын жүрөктөрүн кара дат каптап калган.

15.

Акыйкатта ошол Күнү алар өз Эгесинен тосулуп калат (Жаратканды көралбай калышат).

16.

Андан ары алар алоолонгонотко киришет.

17.

Анан аларга: “Мына ушулар, силердин жалганга чыгарганыңар”-делинет.

18.

Акыйкатта такыбалардын китеби “Иллиййинде”сакталат.

19.

Сен “Иллиййин” эмне экенин билесиңби?

20.

Мөөрдөлгөн китеп.

21.

Алар үчүн Аллага жакын (периштелер) күбөлүк беришет.

22.

Акыйкатта такыбалар Бейиште болот.

23.

Бийк орундуктарда көз салып турушат.

24.

Сен алардын жүзүнөн Бейиш жыргалын байкайсың.

25.

Аларга мөөр басылган суусундук берилет.

26.

Анын бүтүшү жыпар жыттуу.

27.

Анын ширеси (кошулмасы) “Тасним”.

28.

Аллага жакындар гана мөлтүр булактан ичишет.

29.

Күнөөкөрлөр момундардын үстүнөн (шылдыңдап) күлүшчү.

30.

(момундар) алардын жанынан өтүп баратканда алар (шылдыңдап) бири-бирине көз ымдашчу эле.

31.

А качан өз кишилерине кайтып барганда (өз кылыктарына) маашырлана кайтычу.

32.

Аларды(момундарды) көргөн кездеринде: “Аныгында булар-адашкандар” дешет эле.

33.

Бирок бул күнөөкөрлөр(момундарга) көзөмөлчү кылып жөнөтүлгөн эмес.

34.

Ал Күндө момундар капырлардын үстүнөн шылдыңдап күлөт.

35.

(Бейиште) бийик мамыктардын (орундуктардын) үстүндө көз чаптырышат.

36.

Каапырлар өз кылгандары үчүн сооп алмак беле?!