1. |
Асман жарылганда, |
2. |
жылдыздар чачылганды, |
3. |
деңиздер кошулганда, |
4. |
мүрзөлөр ачылганда, |
5. |
Ошондо(ар бир) жан өзүнүн мурда эмнелерди кылгандыгын жана эмнелерди(кылбай) калтырганын ачык көрөт. |
6. |
Эй инсан! Сени өзүңдүн Жомарт Эгеңе эмне түрткү болуп, азгырды? |
7. |
Ал сени жаратып, анан сага келбет берип, тегиздеди эле. |
8. |
Ал сени өзү каалагандай келбетте курады. |
9. |
Жок! Балким силер Кыяматты “Жалган”- дейсиңер. |
10. |
Силердин үстүңөрдө көз салып карап туруучулар (периштелер) бар. |
11. |
(Алар) ардактуу (инсандын амалдарын) жазуучулар. |
12. |
Алар эмне кылганыңарды билип турушат. |
13. |
Акыйкатта, такыбаалар Бейиште (бейиш жыргалында) болушат. |
14. |
Күнөөкөрлөр тозок отунда болушат. |
15. |
Ал күнү алар отто күйүшөт. |
16. |
Андан алар кутула да алышпайт. |
17. |
Кыямат күндүн кандай экенин сага ким билдирмек эле?! |
18. |
Жана да, (кайталайм) Кыямат Күндүн кандай экенин ким билдирмек эле?! |
19. |
Тигил күнү бирөө бирөөнүн нерсесине ээ болбойт (колдоо көрсөтө албайт). Ал Күнү баары Алланыкы. |