81. Ат-Таквир

1.

Күн (өчүп) караңгылаганда,

2.

Жылдыздар төгүлгөн кезде,

3.

Тоолор сүрүлүп тозуганда,

4.

Он айлык баласын курсагында көтөргөн төөлөр кароосуз калганда,

5.

Жырткычтар топтолуп жыйылганда,

6.

Деңиздер от болуп жагылганда,

7.

Жандар денелерге кошулганда,

8.

Тирүүлөй көмүлгөн кыздар суралганда:

9.

Кайсы күнөөсү үчүн (тигил кыз) өлтүрүлгөн.

10.

(Амалдар жазылган) барактар ачылып коюлганда,

11.

Асман чечилип, сыйрылганда,

12.

Тозок катуу кызытылганда,

13.

Бейиш жакындатылганда,

14.

(Мына ошондо) ар бир жан өзү эмне алып келгенин анык билет.

15.

Жок! Жылдыздарга ант,

16.

Жашынма (кээде көрүнөт, кээде жок) жылдызга,

17.

Караңгысы келип кеткен түнгө ант,

18.

Агарып аткан таңга ант.

19.

Бул чынында улук элчинин айткандары,

20.

(Ал) арштын Ээсинин алдында күч-кубаттуу жана мартабалуу.

21.

(Ал) баш ийилген (башка периштелер ага баш ийет) ишенимдүү.

22.

(Эй инсандар!) Силердин жаныңардагы (жүргөн Мухамед) жинди эмес:

23.

Ал аны (Жебреилди) асмандын ачык мейкиндигинде көргөн эле.

24.

Ал (Мухамед) кайыпка (Алладан келген кабарларды таратууда) ичи тардык кылбайт.

25.

Жана да, бул (Куран) куулган шайтандын сөзү эмес.

26.

Силер кайда баратасыңар?

27.

Акыйкатта, (Куран) бул бүт ааламдар үчүнэскертме.

28.

Силерден туура жол менен жүрүүнү каалагандарга.

29.

Бирок силер ааламдардын Эгеси болгон Алла кааламайынча эч нерсени каалай албайсыңар.