7. Аль-А’раф

1.

Алиф, лам, мим, сод.

2.

Бул – сага түшүрүлгөн Китеп, андыктан көңүлүңдө кысылуу болбосун. Бул аркылуу эскертүүң жана момундарга насыят үчүн (түшүрүлдү).

3.

Эгеңерден силерге түшүрүлгөнгө моюн сунгула да, Андан өзгөнү дос тутуп, ээрчибегиле! Силер аз гана насыят аласыңар.

4.

Канчалаган кыштактарды жок кылдык, аларга азабыбыз түндөсү жана түшкү тыныгуу учурунда келди.

5.

Аларга азабыбыз келген кезде: “Биз чындыгында заалымдардан болдук” – деген гана сөздү айтышты.

6.

Өздөрүнө элчи жиберилгендерди суракка тартабыз жана элчилерди да суракка алабыз.

7.

Аларга толук билим менен баян кылабыз.Биз аларга жашыруун эмеспиз.

8.

Ал Күнкү таразалоо – чындык. Кимдин таразасы оор болсо, мына ошолор – (азаптан) кутуллуучулар.

9.

Ал эми кимдин таразасы жеңил болсо, демек, ал – жанын жоготту. Анткени, алар Биздин аяттарды ар дайым жокко чыгарышчу.

10.

Биз силерге жердеги бийликти, кадыр-барк жана (жашоо үчүн зарыл болгон) каражаттарды бердик. Силер өтө аз шүгүр кыласыңар.

11.

Биз силерди жаратып, анан силерге жакшы келбет берип,периштелерге:”Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Периштелер баарысы сежде кылып, бир гана Иблис сежде кылуучулардан болгон жок.

12.

(Алла:) “Сага Мен буйрук кылганда, сени сежде кылуудан эмне тосту” – деди.Ал:”Мен андан артыкмын: Мени оттон жаратып, аны ылайдан жараттың” – деди.

13.

(Алла:) “Анда, андан түш! Сенин текебер болушуң дурус эмес. Чык! Сен кор болуучулардансың” – деди.

14.

(Иблис:) “Кайра тирилүүчү Күнгө чейин мага мөөнөт бер” – деди.

15.

(Алла:) “Ырасында мөөнөт берилгендерденсиң” – деди.

16.

(Иблис:) “Мени кууп жибергениң үчүн мен да аларга каршы Сенин Туура Жолуңда олтуруп аламын.

17.

Анан, аларга алды-артынан, оң жана сол тарабынан келемин да (адаштырамын), мына ошондо алардын көбүн (Сага) шүгүр кылуучулардын арасынан таппайсың” – деди.

18.

(Алла:) “Кордолуп, куулган абалда ал жерден чык! Алардан ким сени ээрчисе, силердин баарыңар менен Тозокту толтурамын,

19.

Эй, Адам! Сен жана жубайың Бейиштен оруналгыла! Экөөңөр каалаганча жегиле, ушул даракка гана жолобогула, (эгер жолсоңор) – заалымдардан болосуңар.

20.

Ошондо Шайтан ал экөөнүн уяттуу жерлерин ачуу үчүн азгырды да:”Эгеңер силерди ушул дарактан, экөөң периште болуп, же түбөлүккө (Бейиште) калып кетишет деп, тыюу салган.

21.

Чынында мен экөөңөргө насыятчыларданмын” – деп, ант ичти.

22.

Ошентип экөөнү азгырыды. Ошондо экөө дарактан даам татып,уяттуу жерлери ачылып калды. Экөөсү Бейиш жалбырактарынан үстүлөрүнө жамына башташты. Эгелери экөөсүнө:”Экөөңөр ушул дарактан тосподум беле?! Шайтан – силерге ачык душман экенин аткан элем го!” – деп айтты.

23.

“О, Эгебиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык. Эгер Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, анда биз, – албетте, зыянга учуроочулардан болобуз!” –деп айтышты.

24.

(Алла:) “Бейиштен бири-бириңерге душман болуп түшкүлө. Силерге Жерде белгилүү мөөнөткө чейин жашоону жана пайдаланууну (буйрудук),

25.

Ал жерде төрөлүп, ошол жерде өлүп, андан кайра чыгарыласыңар.

26.

Эй, Адамдын урпактары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбаалыктын кийими – эң жакшы (кийим). Бул–Алланын белгилери. Мүмкүн түшүнөөрсүңөр!

27.

Эй, Адам баласы! Шайтаната-энеңердин уяттуу жерлерин көрсөтүү үчүн кийимдерин чечип, Бейиштен чыгарган сыяктуу силерди да азгырбасын! Ал жана анын тарапкерлери, силер аларды көрө албаган тараптан көрө алышат. Биз шайтандарды ыйман келтирбегердерге дос кылып койдук.

28.

Алар бузукулук кылышкан кезде: “Аталарыбызды ушул жолдо таптык. Муну бизге Алла буюрган” – дешет.”Чындыгында Алла бузукулукка буюрбайт. Билбеген нерсеңерди Алланын атынан айтпагыла!” –деп айткын.

29.

“Эгем адилеттүүлүкө буйруйт. Ар бир мечиттин алдында жүзүңөрдүкыбылага түздөп, диниңерди Аллага багыштап, Андан тилегиле!Силерди оболку жаратканындай, Ага кайтасыңар.

30.

Бир тайпа Туура Жолго түшүп, бир тайпа адашууга татыктуу болду. Чындыгында, алар Алланын ордуна шайтандарды дос кылып, бирок өздөрүн туура жолдобуз деп эсептешет.

31.

Эй, Адамдын урпактары! Ибадатка эң мыкты кийимиңерди кийгиле. Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени Алла ысырапкорлорду жакшы көрбөйт.

32.

“Алла өз пенделерине тартуулаган Алланын кооз нерселерин (кийимдерин) жанаАл берген жакшы насиптерди (ырыскыларды) силерге ким арам кылды?” – деп айткын.”Бул жакшы нерселер, чындыгында, бул дүйнөдө ыймын келтиргендер үчүн (гана жаратылган), (бирок башкалар да андан пайдаланышат. Акыретте болсо бул момундарга гана таандык” – деп айт.Билген коомго Биз аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.

33.

“Акыйкатта, Эгебеиз ачык жана купуя ыпластыктарды (жасоону), каапырлыкты, адилетсиздикти, АллагаАл Өзү эч бир белги түшүрбөгөн шериктерди кошууну жанан Алла тууралуу өзүңөр билбеген (жалганды) айтуунуарам кылды” – дегин.

34.

Ар бир коомдун          белгилүү бир мерчеми бар. Аларошол мерчем келген кезде бир саамга да кечиктирилбейт жанан ылдамдатылбайт.

35.

Эй, Адам перзенттери!Эгер силерге өз ичиңерден Менин аяттарымды түшүндүрүп берүүчү элчи келсе, ошондо кимдертакыба болуп, өзүн оңдосо, ошолорго (Кыяматта) коркунуч да кайгы да болбойт.

36.

Аяттарыбызды четке кагып, каршы чыккандар– текеберлер, ошолор ¬ – Тозок ээлери. Ал жерде алар түбөлүккө калышат.

37.

Алланын аяттарын четке каккан жана Ал тууралуу жалган айткан адамдан заалымыраак ким бар?! (Бирок) алар Китепте жазылган үлүштөрүн алышат. Анан Биздин элчилер алардын жанын алганы келишип:”Алланы коюп, башкага сыйынган нерселериңер кана?” – дегенде: “Алар бизди таштап кетти” –деп, өздөрүнүн каапырлыгын моюндарына алышат.

38.

Ал: “Силерден мурда өткөн адамдардын жана жиндердин коомунун катарында – Тозокко киргиле!” – дейт. Ар бир тайпа тозокко кирген учурда бири-бирине наалат айта башташат. Ошондо акыркылар биринчилерге айтышат:”О Эгебиз! Тигилер бизди азгырышкан. Ошолорго эки эсе азап бер!”Алла: “Баарыңарга эки эседен. Бирок силер билбейсиңер!” – дейт.

39.

Ошондой эле, алардын баштапкылары кийинкилерине: “Силердин бизден эч кандай артыкчылыгыңар жок” –дешет.”Эми калган ишиңердин азабын тарткыла” –(дейт, Алла).

40.

Чындыгында, ким биздин аяттарды четке какса, текебер болсо, аларга асмандардын дарбазалары ачылбайт жана төө ийненин көзүнөн өткөнгө чейин алар Бейишке киришпейт. Күнөөкөрлөрдү ушундай жазалайбыз.

41.

Тозок алардын төшөнчүсү да, жамынчысы да болот.Заалымдардын жазасын ушунтип беребиз.

42.

Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар – Бейиш эли жана алар ал жерде түбөлүккө калышат. Биз ар биржанга ал көтөрө албагандыжүктөбөйбүз.

43.

Алардын жүрөктөрүндөгү кайгыларды Биз алып салабыз. Алардын алдынан дарыялар агып турат жана алар:”Баардык мактоо бизди туура жолго салган Аллага болсун! Эгер Алла бизди туура жолго салбаганда, Тууура Жолду таба албайт элек. Ырасында, Эгебиздин элчилери чындыкты айтышкан” – дешет. Анан аларга:”Мына, Бейиш бактары! Силер өзүңөр жасаган иштериңер үчүн ушунун мураскору болдуңар” – деген үн чыгат.

44.

Бейиш элиТозок элине кайрылып: “Эгебиз, бизге убада кылгандарын биз чындык деп, кабыл алдык. Силер да Эгеңердин убадасынын чындык экенине ишендиңерби?” – деп сурашат. Алар:”Ооба”, – дешет. Ошондо алардын арасынан бирөө: “Алланын каргышы каапырларга!” – деп, жар салат.

45.

Алар Алланын жолунан (адамдарды) тосуп, ал жолду бурмалагандарАкыретке да ишенишпейт.

46.

Алардын ортосунда тосмо-дубал бар. “Аьрааф” –тосмонун өйдө жагында баарын белгилеринен тааныган адамдар бар. Алар:”Силерге Алланын тынчтыгы болсун!” – деп үн салат. Алар – али Бейишке киришкен эмес. Бирок үмүт кылып тургандар.

47.

Качан алардын көздөрү Тозок жакка бурулган кезде:”О Эгебиз!Бизди заалым-каапыр адамдар менен чогуу кыла көрбө!” – дешет.

48.

Арьаафтагылар тозоктогуларды белгилеринен таанып: “Силердин текеберлигиңер жана жыйнагандарыңар пайда бербедиби?” – деп кыйкырып сурашат.

49.

Алар: “Тигилер – силерге: “Алланын ырайымы тийбейт” деп, ант ичкен адамдар эмес беле? Силерге (эми) коркунуч да кайгы да жок.” – дешет.

50.

Тозоктогулар Бейиштегилерге: “Алланын силерге берген сууларынан жана ырыскыларынан бизге да бергилечи” – деп кыйкырышат. Алар:”Ырасында, Алла ал экөөсүн тең каапырларга арам кылган” – дешет.

51.

Алар диндерин оюн-зоокко айландырышып, дүйнө жашоосуна алданып калгандар. Алар ушул күнгө жолугаарын унутуп, аяттарыбызды четке каккандай, эми Биз да аларды унутабыз.

52.

Ырасында, Биз ыйман келтирген коом үчүн Туура Жол менен акыйкаттын ичинде бир Китеп (Куранды) түшүрдүк. Ал–айра таанытуучу (Китеп).

53.

Алар анын натыйжасын гана күтүп жатышат. Анын натыйжасы келген (Кыямат) Күнү, аны эстеринен чыгаргандар:”Эгебиздин элчилери чындыкты алып келишкен болчу. Эми бизди колдоочу бар бекен? Же дүйнөгө кайра кайтарылар бекенбиз? Ошондо кылган иштерибизден бакшача (жакшы) иштердижасаар элек” – дешет. Алар өз жандарына өздөрү кыянаттык кылышты.Аларды өздөрү ойлоп тапкандары адаштырып, кайгыга салды.

54.

Чындыгында, силердин Эгеңер – Алла! Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, Аршка ээ болду. Бирин-бири кубалап, күндүздү орогон түндү, күн менен айды жана жылдыздарды амирине Өзү багындырды. Акыйкатта, жаратуу жана бийлик жүргүзүү – Ага таандык. Ааламдардын Эгеси Аллага улуктук!

55.

Аллага жалбаруу менен купуя кайрылгыла. Албетте, Алчектен ашкан текеберлерди жакшы көрбөйт.

56.

Жер жүзүндөгү жашоо оңолгон соң бузукулукту таратпагыла жана Ага коркунуч жанан үмүт менен кайрылгыла.Акыйкатта, ким жакшы иштерди жасаса, ага Алланынырайымы жакын.

57.

Ал (Алла) – Өз ыраймынын жарчысы катары шамалдарды жиберет. Чындыгында, оор булуттарды көтөргөн шамалдар өлүү чөлкөмдөргө жиберип, ал аркылуу суу түшүрүп, тирилтип, түрлүү жемиштерди чыгарабыз. Мына ушундай эле өлүктөрдү да тирилтебиз. Балким, акылыңарга келээрсиңер!

58.

Жакшы жердин өсүмдүктөрү Алланын каалоосу менен чыгат. Кунарсыз жерге болсо аз нерсе чыгат. Шүгүр кылуучу элге аяттарыбызды ушинтип баян кылабыз.

59.

Ырасында, Биз Нухту өз элине пайгамбар кылып жибердик. Ошондо ал:” О элим!Аллага ибадат кылгыла. Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Албетте, мен силерге келе турган Улуу Күндүн азабынан коркомун” – деди.

60.

(Нухтун) элинин башчылары: “Чындыгында, биз сенин катуу адашканыңды көрүп турабыз” – дешти.

61.

“Эй, элим! Менде эч кандай адашуучулук жок. Мен – ааламдардын Эгеси тараптан (жиберилген) бир элчимин” – деди.

62.

“Силерге Эгеңер жибергендерди жеткирип, силерди (жакшылыкка үгүттөймүн. Ошондой эле, Алланын сыпаттарынан силер билбегендерди билем

63.

Такыба болуп, ырайым кылынууңар үчүнЭгеңер тараптан өз ичиңерден (тандалып) бир эскертүүчү келип, силерге насыят айтса, ошого таңыркап жатасыңарбы?

64.

Ошонда алар аны жалганчыга чыгарышты. Биз аны (Нухту) жана анын кемесинде болгондордукуткарып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандарды сууга чөктүрүп жибердик.

65.

Аад элине өз тууганы Худду жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллага (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Коркпойсуңарбы!?” – деди.

66.

Элинин каапырлары: “Сенин акылдан адашканыңды көрүп турабыз. Биз сени жалганчы катары билебиз” – дешти.

67.

Ал: “Эй, элим! Менде акылдан адашуу жок. Мен – ааламдардын Эгесинен (келген) элчимин.

68.

Мен силерге Эгемден (келген) кабарларды эскертүүчүмүн. Мен силер үчүн ишеничтүү насаатчымын.

69.

Силер эмнеге өз Эгеңерден өзүңөрдөн чыгарылган эскертүүчү аркылуу кабар келсе таң каласыңар? Эсиңерде болсун: Ал силерди Нухтун коомунан кийин (жердеги) өз орун басары кылды жана силерди күч тарабынан артык кылдык. Алланын жакшылыктарын эстегиле! Мүмкүн кутулаарсыңар!

70.

Алар: “Сен биздин жалгыз гана Аллага ибадат кылып, ата-бабаларыбыздын табынгандарын ташташыбыз үчүн келдиңби? Эгер чындыкты айтып жаткан болсоң, анда бизге убада кылып жатканыңды алып келчи кана?!” – дешти.

71.

(Худ:)”Эгеңердин каары жана азабы силерге жакында түшөт!” Силер жана ата-бабаңар атаган, Алла эч кандай далил жибербеген ысымдар (буддар) тууралуу мени менен талашасыңарбы?!Күткүлө, мен да силер менен күтөйүн” – деди.

72.

Биз аны жана аны менен болгондорду куткарып калдык. Биздин аяттарды жалганга чыгарып, ыйман келтирбегендердин баарын жок кылдык.

73.

Ал эми Самуд элине алардын тууганы Салихти (пайгамбар кылып) жибердик. Ал:”Эй, элим! Аллага (гана) ибадат кылгыла!Силердин Андан башка Кудайыңар жок! Силерге Эгеңерден өзгөчө керемет келди. Мына, Алланын ингени силер үчүн – бир керемет. Ага тийбегиле, Алланын жеринде оттосун. Ага бир жамандык кылып жүрбөгүлө. Антпесеңер, силерди жан оорутуучу” – деди.

74.

Эсиңерде болсун: (Аад элинен)кийин силерди Алла жерге Өз орун басары кылып, жерден орун берди. Анын (жердин) өрөөндөрүнө хансарайларды куруп, тоолорго үй кургула. Алланын жакшылыгын унутпагыла жанан бзукулук-ыпластыкты жер бетин бузбагыла!

75.

(Самуд элинин) ак сөөктөрү, ыйман келтирген алсыздардан:”Силер Салих өз Эгесинин пайгамбары экенин билесиңерби?” – деп сурады. Алар:”Чындыгында, биз ал эмне менен жиберилгенине ыйман келтиребиз!” – дешти.

76.

Текебер ак сөөктөр: “Чындыгында, биз силер ыйман келтирген нерсени четке кагабыз!” – дешти.

77.

Алар өз Эгелерининбуруктарына кулак салышпай,ингендимуздап салышты да:”Эй, Салих! Эгер сен пайгамбар болсоң, кана бизди коркутканыңды көрсөтчө!” – дешти.

78.

Таң эрте менен аларды жер титирөө каптап, өз туркактарында бүк түшүп (өлүп) жатышты.

79.

Ошондо Салих алардан баш тартты да: “Эй, элим! Мен Эгемдин эскертүүсүн жеткирип, эскерткен болчумун. Бирок силер ак ниетнасыятчыларды сүйбөйсүңөр” – деди.

80.

Лут элине айтканын эсте: “Кантип силер мурда жер жүзүндө болбогон ыпластыкты жасайсыңар?

81.

Чындыгында силер аялдардын ордуна эркектерге кумрдануу менен келесиңер. Силер чындыгында ысрапкор коомсуңар” – деди.

82.

Бирок анын эли башкача жооп берди: “Аларды шаардан куупчыккыла. Булар – өздөрүн таза кармагандар”

83.

Биз аны, үммөттөрүн – анын аялынан башкаларын –сактап калдык. Ал калгандар менен чогуу эле.

84.

Биз алардын үстүнө таштарды (жамгырдай) жаадырдык. Кара: Күнөөкөрлөрдүн акыры кандай бүттү!

85.

Мадиян элине алардын тууганы Шуьайбды (пайгамбар кылып) жибердик.Ал:”Эй, элим! Аллага (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка кудайыңар жок! Силерге Эгеңерден ачык белги түштү – деди. Таразаны жана өлчөмдү толук сактагыла, башкалардыкын өзүңөргө ыйгарып албагыла жана жерде, ал түзөлгөн соң, анда бузукулук жасабагыла. Бул – эгер ыймандуу болсоңор, силер үчүн жакшы.

86.

Аллага ыйман келтиргендерди коркутуп,Алла жолун тосуу жана аны (динди) бурмалоо үчүн баардык жолдордо олтурбагыла!Эстегиле:Силердин аз кезиңерде (Алла) көбөйттү жана бузукулардын акыбети кандай болгонун карагыла.

87.

Эгерде силерден бир тайпа Мен жиберген нерсеге ишенсе жана дагы бир тайпа ишенбесе, Алла биздин ортобузда өкүм кылганга чейин ага сабыр кылгыла. Ал – өкүм чыгаруучулардын эң Мыктысы!

88.

Аны коомунан текберлери: ” Чындыгында сени, эй, Шуьайб, жана сени менен ыйман келтиргендерди айылыбыздан чыгарабыз же силер биздин динге кайтасыңар” – деп айтышты.(Шуьайб:)”Эгер (силердин диниңерди биз) жаман көрсөк дагыбы?!

89.

Эгерде биз силердин диниңерге Алла бизди андан куткаргандан кийин кайтсак, анда , чындыгында, Алла тууралуу жалган айтып, Ага жалаа жапкан болобуз. Биздин Эгебиз бологон Алланын каалоосу болмоюнча биз үчүн артка кайтуу болбойт! Биздин Эгебиз Өз илими менен баардык нерселердикамтыйт.Аллага тобокел кылдык. О Эгебиз! Биздин ортобузду жана коомубуздун ортосун акыйкат менен ачкын жана Сен ачуучулардын эң Мыктысысың!”– деди.

90.

Анын коомунан каапыр болгондор: “Эгер силер Шуьайбды ээрчисеңер, анда силер зыянга учурайсыңар!” – дешти.

91.

Аларды жер титирөө талкалады. Алар журттарында жер астында,бүк түшкөн абалда, таңды тосушту.

92.

Шуьайбды жалганга чыгаргандар, ал жерде (эч качан) болбогондой… (абалга келишти). Шуьайбды жалганга чыгаргандар зыянга учурашты.

93.

Алардан жүз буруп: “Эй, элим! Чындыгында, Эгемдин баянын силерге жеткиздим, силерге насыят кылдым. Каапыр журт үчүн эмнеге кайгырмак элем?” – деди

94.

Эгер ар кандай шаарга бир элчи жиберсек, ал жердин тургундарына каатчылык оорууга чалдыктырдык. Мүмкүн алар жалбарышаар.

95.

Андан кийин алардын көңүлдөрү тынышы үчүн жамандыктын ордун жакшылык менен алмаштырдык. Алар:”Ата-бабаларыбыздын башына да тарчылык жана кеңчилик түшкөн”–дешти.Анан Биз аларды капилет алганыбызда алар (кырсыктын келгенин) сезбей да калышты.

96.

Эгер, чындыгында, айылдардын тургундары ыйман келтиришкенде, такыба болушканда Биз аларга берекелерди асмандан жана жерден да ачмакпыз(жибермекчибиз). Бирок (аяттарды) жалганга чыгарышты. Аларды өздөрү кылган күнөөсүнөн улам алдык.

97.

Чындыгында, айыл-шаарлардын тургундары уктап жатышканда Бизден балээ келишинен коопсуз болушканбы?

98.

Же айыл-шаарлардын тургундары аларойноп жаткан шашкеде Бизден кырсык келишинен бейкапар калыштыбы?

99.

Эмне, Алар Алланын (аларды жазалоо тууралуу) амалынан өздөрүн тынч сезиштиби? Кыйратылган коомдон башкалары эч кимиси өзүн Алланын амалынан тынчмын деп санай албайт!

100.

Жерди мурдагы ээлеринен мурас кылып алгандарды качан кааласак жазалаарыбыз, укпай турган кылып алардын жүрөктөрүн мөөрлөп койорубузаларга маалым эмеспи?!

101.

Булар – Биз сага кабарлаган айыл-шаарлар.Ал жерлерге ачык белгилер менен элчилер келишкен. Бирок алар мурда жалганга чыгарып келген нерсеге ыйман келтиришпеди. Алла каапырлардын жүрөктөрүн ушундай кылып мөөрлөйт.

102.

Алардын көбү убадага турушпайт. Алардын көбү, чындыгында,бузукулар.

103.

Андан кийин Мусаны Фараонго жана анын тобуна кереметтер менен жибердик. Ошондо алар кереметтергезулумдук кылышты. Бузукулардын акыбети кандай болгонун көр!

104.

Муса: “Эй, Фараон!Чындыгында менааламдардын Ээсинен (келген) элчимин.

105.

Аллага акыйкатты гана айтууга милдеттүүмүн. Силердин Эгеңерден ачык белгилер менен келдим. Мени менен кошо (кетүүсү үчүн) Исраил коомун жөнөт.

106.

Ал (Фараон): “Эгер сен ачык белги менен келсең, чынчылдардан болсоң аны көрсөт!” – деди.

107.

Муса таягын ыргытты. Ал даана ажыдаарга айланды.

108.

Ал(Муса)колун (чөтөгүнөн) чыгарды. Ал карап тургандарга аппак болуп көрүндү.

109.

Фаранондун коомунан бир тайпа: “Бул , чындыгында, билимдүү сыйкырчы,

110.

ал силерди жериңерден чыгарууну калайт. Эмнеге буйрасыңар?” – деди.

111.

Алар: “Аны жана анын агасын кармагыла жана шаарларга жыйноочуларды жибер,

112.

алар баардык билимдүү сыйкырчыларды сага алып келишсин!” – дешти.

113.

Сыйкырчылар келишип, Фараонго; “Чындыгында эгер биз жеңсек бизге сыйлыктар барбы?” – дешти.

114.

(Фараон) айтты: “Ооба. Чындыгында, (жеңсеңер мага) силер жакындардан болосуңар.

115.

(Сыйкырчылар) айтышты: “Эй, Муса! (оболу) сен ыргытасыңбы же бизби?”.

116.

(Муса): “Ыргыткыла!” Алар ыргыткан кезде адамдардын көздөрүн сыйкырлап, чоң сыйкыр менен адамдарды коркунучка кабылтышты.

117.

Мусага: “Таягыңды ыргыт!” – деп аян бердик. Ошондо (Мусанын) таягы алардын кылган жалганын жута баштады.

118.

Ошондо чындык аткарылып, алардын жасаган (сыйкыплары) текке кетти.

119.

Ошентип, алар жеңилишип, кор болуп кайтышты да

120.

анан сыйкырчылар сеждеге дароо жыгылышты.

121.

Алар (сыйкырчылар): “Алламдардын Эгесине ыйман келтирдик

122.

Мусанын жана Харундун Эгесине! –дешти.

123.

Фараон: “Мен силерге уруксат бере электе эле Ага (Аллага) ыйман келтирдиңерби?!” – деди. Чындыгында бул – шаардын тургундарын чыгарып (эзүүдөн) куткарып жиберүү үчүн жасалган амалкөйлүк, Бирок жакында силер эмне болоорун көрөсүңөр,

124.

Албетте, колу-бутуңарды кайчылаштырып кесип, баарыңарды асамын” – деди.

125.

(Сыйкырчылар:) “Биз сөзсүз Эгебизге кайтабыз.

126.

Сен, бизден Эгебиздин аяттарына ыйман келтиргенибиз үчүн өч аласыңбы?! Эгебиз, бизге сабырдуулук берип, мусулман абалда өлтүр!” – деп айтышты.

127.

Фараон коомунун башчылары: “Мусаны жана анын элин жер жүзүндө бузукулук кылуусуна жана сени да, кудайларыңды да таштоосуна жол бересиңби?” –дешти. Фараон:”Балдарын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырабыз. Биз алардын үстүнөн өкүмдарбыз” –деп айтты.

128.

Муса элине: “Алладан жардам тилеп, сабыр кылгыла! Чындыгында Жер Аллага таандык. Ал, аны пенделеринен каалаганына мураска берет. Акыбети такыбаалар үчүн(жакшы).

129.

“Сен бизге келээрден мурда да, сен келгенден кийин деле кыйналдык” –деп айтышты.”Эгеңер душманыңарды өлтүрүп, силерди жерге орноштурсун! Анан силердин да кандай иштээриңерди көрөт –деп айтты.

130.

Чындыгында, Фараон урпактарын каатчылык жылдар жана жемиштерди кемитип, колго алдык. Мүмкүн эске келишээр!

131.

Аларга бир жакшылык келсе: “Бул биздин (акыбыз)” –деп, ал эми бир жамандык келсе, Муса жана аны менен бирге болгондорго жоромолдошту. Чындыгында, алардын бактысыздыгы Аллага таандык. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт.

132.

Алар: “Бизди сыйкырлоо үчүн канча керемет келтирсең деле, сага ишенбейбиз” –деп айтышты.

133.

(Ошондуктан) аларга топон суу, чегиртке, бит, бака жана кан жибердик. Ошондо деле алар текебер, күнөөкөр коом боюнча калышты.

134.

Аларга азап келген кезде (гана): “Эй, Муса! Эгеңе сага берген убадасы боюнча жалбарып тиле. Эгер бизди азаптан куткарсаң, сага ишенебиз да, Исраил урпактарын сени менен бошотобуз” – дешти.

135.

Алардан белгилүү мөөнөткө чейин азапты алганыбызда алар убадаларын (кайра) бузушту.

136.

Аяттарыбызды жалганга чыгарып, ага кайдыгер мамиле кылгандыктан аларды деңизге чөктүрүп өч алдык.

137.

Кыйналган коомду биз жердин чыгыш тарабына да, батыш тарабына да мураскор кылдык. Алардын сабыр кылуусунан улам Эгеңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөздөрү орундалды. Фараон менен анын элин, бийиктетип жасапжаткандарын талкаладык.

138.

Исраил урпактарын деңизден (аман) өткөрдүк. Анда алар буддарына чокунган коомго келип:”Эй, Муса! Булардын кудайлары сыяктуу бизге да кудай жасап берчи” – дешти. (Муса:)”Чындыгында силер наадан коомсуңар” –деди.

139.

Сөзсүз алардын диндери жокко чыгарылып, алардын жасаган иштери текке кетет.

140.

Бүткүл ааламдан силерди артык кылган Алладан башкаКудайды издейинби?!

141.

Силердикатуу азап менен кыйнаган, балдарыңарды мууздап, аялыңарды тирүү калтырган фараон тегинен куткардык. Ушунда силер үчүн Эгеңердин улуу сыноосу бар.

142.

Мусага отуз түн убада кылып, ага онду коштук, ошентип эгесинин белигүүмөөнөтү кырк түн менен толукталды. Муса агасы Харунга:”Элимдин арасында орун басарым бол. (Аларды) түзөп, бузукулардын жолун жолдобо” – деди.

143.

Муса белгилүү чегибизге келип, Эгеси ага сүйлөгөндө:”Эгем, мага Өзүңдү көрсөт, Сени көрөйүн” – деди. (Алла:)”Мени эч качан көрө албайсың.Бирок, тоого кара. Эгер ал ордуна тура алса, сен да Мени көрөсүң” – деди. Ошондо Эгеси тоого Нурун көрсөткөн убакта ал талкаланып кетти. (Аны көрүп), Муса эстен танды. Эсине келээр замат:”Сен Ыйыксың! Сага тообо кылдым! Мен ыймандуулардын алгачкысымын” – деди.

144.

(Алла:) Эй, Муса! Чындыгында сени адамдардан элчиликке жана сүйлөшүүгө тандап алдым. Сага бергендеримди ал да, шүгүр кылуучулардан бол”– деди.

145.

Биз ага (Мусага) тактайларда баардык нерселерден насыят жана түшүндүрмө жаздык. Аны бекем карманып, элиңе анын көркөм нускаларын алуусун буйрук кыл.Сага бузукулардын журтун көрсөтөбүз.

146.

Жерде орунсуз текеберленгендерди (Өз ырайымыбыздан) четте калтырабыз. Эгер алар Биздин бардык аяттарды көрүшсө да ага ишенишмек эмес. Эгер алар Туура Жолду көрүшсө да ага түшүшпөйт. Ал эми адашма жолду көрүшсө, аны жол кылып алышат. Бул – алардын белгилерибизди жалганга чыгарып, (акыйкаттан) четте калгандыгы.

147.

Белгилерибизди жана Акыретте жолугушууну жалгангачыгаргандардын амалдары жоюлуп, жасаган иштери үчүн жазаланышат.

148.

Ошентип Мусанын коому жасалгалардан үн чыгуучу музоо айкелин жасап алышты. Музоо аларга сүйлөбөшүн жана Туура Жолго баштай албашын билишпейби?! Алар аны (кудай) тутушуп, заалымдардан болушту.

149.

Алар катуу өкүнүшүп, анык адашкандыктарын көрүшүп:”Эгебиз бизди ырайым кылып, кечирбесе, зыян тартуучулардан болобуз” –деп айтышты.

150.

Муса өз коомуна ачууланып, кейиген абалда кайтып келип:”Менден кийин, кандай жаман иш кылдыңар. Эгеңердин буйругуна шаштыңарбы?” – деп, (колундагы) жазуусу бар тактайларды таштап, агасынын башынан чапчып, өзүнө карай тарткылады. (Харун:)”Эй, энемдин уулу! Чындыгында бул коом мени басынтып, өлтүрмөкчү болушту. Мени душмандарга мыскыл кылба жана мени заалым коом менен бирге санаба” – деди.

151.

(Муса:) “О Эгем, мени жана агамды кечир! Бизди ырайымыңа бөлө! Сен, ырайымдуулардын Ырайымдуусусуң!

152.

Албетте, музоону кудай катары тутунгандарга Эгеси тарабынан каар жана дүнүйө жашоосунда кордук (буюрулду)! Ойлоп табуучуларды мына ушунтип жазалайбыз.

153.

Жаман иштерди жасагандар, тообо кылып, ыйман келтиришсе, чындыгында, Эгең – аларга Кечиримдүү, Боорукер!

154.

Мусанын ачуусу басылып, тактайларды алды. Анын бир нускасында; Эгесинен корккондор үчүн Туура Жол жана ырайымдуулук (бар болчу).

155.

Муса Биз белгилген убакыткаөз коомунан жетимиш киши тандады. Аларды Жер силкинүү каптаганда, (Муса:)”Эгем! Эгер Сен кааласаң аларды да, мени да мундан мурда жок кылмаксың.Арабыздагы наадандардын кылыктарынан уламбизди жок кыласыңбы? Бул сенин сынооң гана. Аны менен каалаганыңды адаштырып, каалаганыңды Туура Жолго баштайсың. Сен – биздин кожоюнубузсуң. Бизди кечирип, ырайым кыла көр. Сен – кечирүүчүлөрдүн эң мыктысысың!

156.

Бизге бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык жаза көр. Чындыгында биз сага жүз бурдук” – деп айтты.(Алла:)”Каалаганымды азабыма кабылтамын. Ырайымым (болсо) баардык нерсени камтыйт. Аны такыбаларга, зекет бергендерге жана аяттарыбызга ишенгендерге жакында бекемдеймин” – деди.

157.

Алар алдыларындагы Тооратта жана Инжилде жазылган, сабатсыз пайгамбар-элчини ээрчишет. Ал – аларды жакшылыкка буюруп, жамандыктан тыят. Жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат. Алардын үстүндөгү оор жүктөрдү жеңилдетип, чиеленген нерселерди чечет. Ага ишенгендер аны урмат кылып,жардам беришкендер жана ага түшүрүлгөн нурду ээрчигендер, мына ошолор – (Тозоктон) кутулуучулар!

158.

“Эй, Адамдар! Мен силердин баарыңар үчүн Алланын элчисимин. Асмандар менен жердин кожоюндугу – Аллага (гана) таандык! Андан башка кудай жок. Ал – тирилтет жана өлтүрөт. Аллага жана Алланын сөздөрүнө ишенген, жиберилген сабатсыз пайгамбар-элчисине ишенип, аны ээрчигиле. Балким, Туура Жолду табаарсыңар.

159.

Мусанын коомунан да Туура Жолго баштоочу жана аны менен адилеттүү иш жасоочу бир тайпа болгон.

160.

Биз Исраил урпактарын он эки топ-урууга бөлдүк. Мусадан анын коому суу сураган кезде ага:”Таягың менен ташты ур!” – деген аян бердик. Ошондо таштан он эки булак чыгып, ар ким өз булагын таанып алышты.Аларга булутту көлөкө кылып, өздөрүнө”манна, салваа”ны түшүрдүк: “Силерге Биз берген ырыскылардын тазасынан жегиле” (– дедик). Алар Бизге зулумдук кылышкан жок. Өздөрүнө гана зулумдук кылышты.

161.

Ошондоаларга: “Ушул кыштакта жашап, каалаганыңарча жегиле жана (Алладан) кечирим сурап, эшиктен сежде кылып киргиле! Күнөөңөрдү кечирип, жакшылык кылуучулардан артыкча (сыйлык) беребиз” – деп айтылды.

162.

Алардын заалымдары өздөрүнө айтылган сөздү башкага алмаштырышты. Алар зулумдук кылгандыктан үстүлөрүнө балээ жибердик.

163.

Алардан деңиз жээгинде жайгашкан кыштак тууралу сура. Алар ишемби күнү чектен чыгышчу. Аларга ишемби күнү балыктар көрүнүп көп келип, башка күндөрү келчү эмес. Аларды бузукулук кылгандыгы себептүү ушундай сынадык.

164.

Алардан бир тайпа: “Алла катуу азаптап, (акыры) жок кыла турган коомго эскертүүнүн эмне кажети бар?!” – дешти.”Эгеңерден кечиримин тилейли, мүмкүн алар такыба болуп калышаар” – деп айтышты.

165.

Өздөрүнө берилген эскертүүнү унуткан кезде жамандыктан тоскондорду (азаптан) куткардык. Андыктан заалымдарды бузукулук кылгандыгы себептүү катуу азапка кабылттык.

166.

Алардын тыюу салынган нерселерде чектен чыкандыгы үчүн”маймыл болуп, кор болгула!” деп буйрудук.

167.

Эгең аларды кыямат Күнүнө чейин жаман азап менен кыйнай турган бирөөлөрдү, албетте, жибере турганын аларга билдирди. Чындыгында, Эгең – тез Жазалоочу жана Кечиримдүү, Боорукер!

168.

Аларды жер бетинде (ыдыратып) тайпаларга бөлүп салдык. Алардын жакшылары да жамандары да бар. Аларды жакшылык менен да, жамандык менен да сынайбыз. Мүмкүн (каапырлыктан) кайтышаар.

169.

Алардан кийин Китепке мураскор болууга да жанаушул сапатсыз дүйнөнүн буюмун (сугалактык) басып алууга да умтулган коом келет жана алар:”Балким биз кечирилебиз –дешет. Ушул байлык аларга берилгенде, алар деле алышмак” – дешет. Аллага байланыштуу чындыкты гана айтуу боюнча Тооратта алардан убада алынган болчу. Алар андагы нерселерди (аяттарды) окушпадыбы? Чындыгында акырет журту – такыбалар үчүн жакшы. Акылга келбейсиңерби?

170.

Китепти карманып, намазды толук аткарышат. Чындыгында биз жакшы иштерди жасоочулардын сообун текке кетирбейбиз.

171.

Тоону көлөкө түрүндө Исраил урпактарынын үстүнө көтөрдүк. Алар аны түшүп кетет деп ойлошту. (Аларга:)”Силерге бергенди бекем кармап, анын ичиндегилерди түшүнгүлө, балким такыба болорсуңар” (–дедик).

172.

Кыямат Күнү: “Мындан кабарыбыз жок болгон” –деп, айтпооңор үчүн ЭгеңАдамдынперзенттеринин жонунан(белинен) өздөрүнүн урук-тукумун чыгарып, анан:”Мен силердин Эгеңер эмесминби?” (–деди), алар: “Ооба, Сен биздин эгебиз экениңе күбөлүк бердик” – дешти.

173.

же: “Мурунку ата-бабабыз (Аллага) шерик тутушкан, биз да алардын урпагыбыз. Бузукулардын жасаган жамандыгын себеп кылып бизди жок кыласыңбы?” (– деп айтпашыңар үчүн).

174.

Аларга аяттарыбызды (ушундай) ачык баяндайбыз. Мүмкүн алар (ыйманга) кайтышаар?

175.

АларгаБиз түшүргөн аяттар кыйгап өткөндүктөн шайтан ээрчип алып, адашуучулардан болгон адам тууралуу айтып бер.

176.

Эгер Биз кааласак муну менен анын даражасын жогорулатып койор элек. Бирок ал ушул (убактылуу) дүйнөгө абдан берилип, каалоосун эрчиди. Ал итке окшош: Эгер куусаң тилин салаңдатат,жөн койсоң да тилин салаңдата берет. Алланын аяттарын четке каккан адамдардын мисалы дал ушундай. Ушул баянды айт, алар ойлонушсун.

177.

Аяттарыбызды жалганга чыгарып өздөрүнө зулумдук кылган адамдардын мисалы кандай жаман!

178.

Алла кимди Туура Жолго салса, ал Туура Жолго түшүүчү. А, кимди адаштырса, алар – кыйроочулар.

179.

Биз адамдардын жана жиндердин көпчүлүгүн Төзок үчүн жараттык: Алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен түшүнүшпөйт; алардын көздөрү бар, аны менен көрүшпөйт жана алардын кулактары бар, аны менен угушпайт. Алар айбан сыяктуу же андан да жаман (адашуучураак). Ошолор бейкапар калгандар.

180.

Алланын керемет ысымдары бар, Ага ошол ысымдар менен жалбаргыла.Алланын ысымдарын булгагандардан узак болгула.Алар өздөрү кылгандарынын азабын тартышат.

181.

Биз жараткан адамдардан адилеттүүлүккө чакырып, өздөрү да, адилеттүүлүк менен иш жасай турган бир тайпа бар.

182.

Биздин аяттарыбызды жалганга чыгаргандарды алар күтпөгөн жактан (балээ жиберип) акырындап алабыз.

183.

Мен алардын (өлүмү келүүчү) мөөнөтүн узартып койом. Чындыгында, мени айлакерлигим күчтүү!

184.

Алар ойлонушпадыбы?! Алардын жолдошу акылсыздардан эмес! Ал – даана эскертүүчү!

185.

Алар асмандар мененжердеги чыныгы Өкүмдарлык Алланыкы экенин, анткени мунун баарын Алла жаратканын жана алар өздөрүнө ажалдарынын жакын экендигин карашпайбы?!Алар эми мындан кийин дагы кайсыл сөзгө ишенишет?!

186.

Алла кимди адаштырса, ага Туура Жолду көрсөтүүчү жок. (Алла) аларды өздөрүнүн адашуусунда таң болуп, экиленишет.

187.

Сенден Кыямат качан болоорун сурашат. (Сен аларга:) “Чындыгында, анынмаалыматы Эгемдин алдында. Анын убактысын Ал гана ачыка чыгарат” – дегин. Ал (Кыямат) асмандар жана жер үчүн да оор болот. Ал капилет келет. Алар сенден сен аны билип тургансып сурашат. Сен айт:”Чындыгында, анын маалыматы Эгемдин алдында. Бирок көптөгөн адамдар аныбилишпейт”.

188.

Мен өзүмө, Алланын каалоосу болмоюнча пайда да, зыян да алып келе албаймын. Эгер мен кайыпты билгенимде, чындыгында, өзүмө жакшылыктан көбөйтмөкмүн. Жамандык мага тиймек эмес. Мен, чындыгында, ыйман келтирген элдер үчүн (Тозокту) эскертүүчү жана (Бейишти) сүйүнчүлөөчүмүн.

189.

Ал силерди бир жандан жаратып, үйүр алуусу үчүн андан жубайын жаратты. Жубайына кошулганда анын боюна жеңил түрдө (бала) бүттү. Ошондо аны менен жүрүп оорлошкон кезде, экөөнүн эгеси болгон Аллага жалбарышты:”Эгерде бизге жакшы бала берсең чындыгында биз шүгүр кылуучулардан болот элек”.

190.

Ал экөөнө жакшы бала берген соң, алар (Аллага) шериктерди кошушту. Алла алардын шерик туткан нерселеринен өйдө

191.

Эч нерсени жаратпаган, (тескерисинче) өздөрү жаратылган нерсени кантип (Аллага) шериккылышат?!

192.

Өздөрүнө да, башкаларга жардам кыла албайт!

193.

Эгер аларды түз жолго чакырсаңар силерди ээрчишпейт. Аларды чакырасыңарбы же унчукпай койосуңарбы, силерге баары бир.

194.

Чындыгында Аллага кошулган шериктер – өздөрү силер сыяктуу эле пенделер. Болбосо, эгер силер чынчыл болсоңор, аларды чакырып көргүлөчү, алар силерге жооп берээр бекен?

195.

Алардын (буддардын) баса турган буттары,кармай турган колдору,көрө турган көздөрү, уга турган кулактары, барбы?(Аларга:)”Колдоочуларыңардычакыргыла да, бир да көз ирмем убакыт бербестен, мага каршы амалкөйлүк жасагыла!” – деп айткын.

196.

Чындыгында, менин кожоюнум – Куранды түшүргөн Алла. Ал жакшы адамдарга да кожоюндук кылат.

197.

Алладан башкага сыйынган нерселериңер силерге да, өздөрүнө да жардам бере алышпайт.

198.

Эгер аларды түз жолго чакырсаң угушпайт. Алардын сага карап турганын көрөсүң, бирок алар көрүшпөйт.

199.

Кечиримдүүлүктү ал аларды тууралыкка буйру! Надандардан жүз үйүр.

200.

Эгер шайтандан келген азгырык сени азгырмакчы болсо, Алла менен сактан. Чындыгында Ал –Угуучу, Билүүчү!

201.

Такыбаларды шайтан азгырса, алар (Алланы) эске алуу аркылуу(Туура Жолго) көрө алышпайт.

202.

Аларды (каапырларды)алардын туугандары (шайтандар) азгырып, аларды күнөөгө батыруудан эч тыным алышпайт.

203.

Эгерде аларга керемет келтирбесең: “Эмнеге аны жасабадың?” дешет. Айт:”Мен мага Эгем тарабынан келген кабарларды гана ээрчиймин. Бул (Куран) – Эгеңерден келген аяттар. Ал – ыйман келтиргендер үчүн Туура Жол жана (Алланын) Ырайымы.

204.

Эгер Куран окулса, ырайым кылынышыңар үчүн аны унчукпастан (олтуруп)уккула!

205.

Эгеңди купуя түрдө, үнүңдү катуу чыгарбастан, эртең менен жана кечинде жалбарган, корккон абалда эстегин. (Алланы эстөөдөн) кайдыгерлерден болбогун.

206.

Чындыгында, Эгеңдин алдында ага кулчулук кылууда текеберденбей (Алланы аруулашат жана сежде кылышат!