79. Ан-Назийат

1.

(Каапырлардын жанын) катуу сууруп алчуу (периштелерге) ант.

2.

(Момундардын жанын) жумшак алчуу (периштелерге) ант.

3.

Буйрукту тез аткарууга (түшкөн периштелерге) ант.

4.

(Момундардын жандарын бейишке) шашылыш алып баруучу (периштелерге) ант.

5.

(Дүйнө иштерин ) теске салуучу (периштелерге) ант.

6.

Тигил күнү силкинүүчү (жер) силкинет.

7.

Аны эрчитүүчү ээрчийт.

8.

Жүрөктөр ошол күнү коркушат.

9.

Көз караштары кейиштүү.

10.

Изибизге кайтар бекенбиз?! – деп, айтышат.

11.

Сөөктөрүбүз сөпөт болуп кетсе делеби?!

12.

О андай болсо бул кайтуубуз коромжулуу го?! – дешкен.

13.

Албетте ал (эрчитүүчү) – бир эле үн (айкырык).

14.

Ошол эле замат алар (жамы журт) бозоргон жер бетинде (болуп калышат).

15.

Жетти беле сага Мусажөнүндө кабар,

16.

Ыйык “Тува” өрөөнүндө ага (Мусага) Эгеси (Алла) үн салган кезде:

17.

(Айтты) фараонго жөнө! Албетте ал чектен ашты.

18.

Анан (ага) айткын: “Сага тазаланууңа үндөйүнбү?!”

19.

Сени Эгең тарапка багыттайын. Анан сен коркоорсуң.

20.

Анан ага (пайгамбарлык) эң улуу белгисин көрсөттү.

21.

Ошентип (Фараон Мусаны) жалганчы деп, (Аллага) күнөөкөр болду.

22.

Андан соң артына кетип, (бузуктук менен) жүрүш жасайт.

23.

(Сыйкырчыларын) жыйнап, жар салды.

24.

Анан айтты: “Мен силердин улук Эгеңермин”.

25.

Алла аны “акыркы” жана биринчи (айткан сөзү үчүн) жазалады.

26.

Албетте мында (Алладан) корккондого үлгү бар.

27.

Силерди жаратуу кыйынбы же куруп койгон асманбы?

28.

Анын (асмандын) шыбын бийик кылып, (кынтыксыз) тегиз кылды.

29.

Анын түнүн караңгы кылып, күндүзүнүн нурун да чыгарды.

30.

Тигинден кийин, анан жерди төшөдү.

31.

Жерден суусун жана жайытын пайда кылды.

32.

Тоолорду ага (жерге) бекем орнотту.

33.

Силер жана силердин малдарыңар пайдалансын үчүн.

34.

Ошентип улук күн (экинчи сурнай тартылганда) келгенде,

35.

Бу күнү инсан өткөн жүрүшүн (кылган амалдарын) эсине салат.

36.

Көргөн адамга тозок оту ачык кылынат.

37.

Ошондо каапыр инсан,

38.

(Ал жалган) дүйнөнүн жашоосун тандаган эле.

39.

(Анын) бара турган жери – албетте тозок оту.

40.

Ал эми Эгесинин алдында туруудан коркуп, Ободон (напси каалаган нерселерден) өзүн тыйган адам,

41.

(Анын) бара турган жери – албетте Бейиш.

42.

Сенден кыяматтын качан болушу жөнүндө сурашат.

43.

Аны эстөө сенден оолак болгон нерсени.

44.

Сенин Эгеңдин өзүнө гана тиешелүү нерсе (башка эч ким билбейт).

45.

Албетте, сен андан корккондорду гана эскертүүчүсүң.

46.

Алар аны (кыяматты) көргөн күнү кечке курун же эрте менен (бир аз) турган сыяктанышат.