1. |
Алар бири-биринен эмне жөнүндө сурашат? |
2. |
Уулу кабар жөнүндө(сурашат). |
3. |
Алар ал тууралуу түрдүү талаш-тартышта. |
4. |
О жок! Алар жакында билишет. |
5. |
Дагы да бир ирет алууңар үчүн жасадык. |
6. |
Түндү жамынчы кылдык. |
7. |
Тиричилик үчүн күндүздү жараттык. |
8. |
Силердин үстүңөргө жети кабат асманды кылдык. |
9. |
Анда (күндү) жаркыраган шам чырак кылдык. |
10. |
Булуттардан нөшөрлөгөн жаан жаадырдык. |
11. |
Дан, өсүмдүктөрдү чыгаруубуз үчүн, |
12. |
Чырмалышкан дарактарды өстүрүү үчүн, |
13. |
Акыйкатта ажыратуучу күнү белгиленген убакыт. |
14. |
Сур тартылган мына ошол күндө силер топ-топ болуп барасыңар. |
15. |
Ошондо (асман) ачылып каалгага айланат. |
16. |
Тоолор ордунан жылдырылып тозоңго айланат. |
17. |
Акыйкатта тозок көз тутуучу болот. |
18. |
Чектен ашкандар бара турган жай (болот). |
19. |
Алар анда түбөлүккө калышат. |
20. |
Алар бир да салкын, эч кандай суусундук да тата алышпайт. |
21. |
Кайнаган ысык суу менен ириңден башка |
22. |
(Бул алар үчүн) ылайык-татыктуу жаза. |
23. |
Анткени алар эсеп-кысаптан үмүтү үзүлгөндөр |
24. |
(Алар) Биздин аяттарыбыздын баарын жалган дешкен. |
25. |
Биз болсо баарысын эсептеп, жазып койгонбуз. |
26. |
Таткыла! Биз силерге тозоктогу азапты улам күчөтө беребиз. |
27. |
А такыбалар үчүн кутулуу. |
28. |
Бак-дарактар жана жүзүмзарлар. |
29. |
Бирдей курактагы үр(хур) кыздары. |
30. |
Жана да толтура идиштер (бар). |
31. |
Алар анда маанисиз жана жалган сөздөрдү эч угушпайт. |
32. |
Бул сенин Эгең тарабынан аларга берилген көптөгөн белек-сыйлык. |
33. |
Асман-Жердин Эгеси жана, жок! Алар жакында билишет! |
34. |
Биз Жерди жайып-төшөп койдук. |
35. |
Тоолорду казык кылдык. |
36. |
Силерди жуп кылып жараттык. |
37. |
Уйкуну эс ал экөөсүнүн ортосундагылардын Мээримдүүсүнөн. Ошондо алар Ага(Аллага) кайрылып сүйлөй алышпайт. |
38. |
Ошол күндө Рух(Жебреил) жана (башка) периштелер топ-тобу менен тизилип турушат жана Мээримдүү (Кудай) тарабынан уруксат берилгендер гана сүйлөй алышат да, жалаң чындыкты гана айтышат. |
39. |
Бул – акыйкат-чындык Күнү, ким (ал күндү) кааласа, ал өз Эгесине кайтып барат. |
40. |
Акыйкатта Биз силерди жакында болуучу азаптар тууралуу эскерткенбиз! Ошол Күнү ар бир адам өз колу менен жасаганын өзү көрөт жана каапыр:”Аттиң, топурак болуп кетсемчи!”- деп айтат. |