77. Аль-Мурсалат

1.

Удаа-удаа жиберилген шамалдарга ант.

2.

Катуу бороондорго ант.

3.

Чар тарапка жайылтуучуларга ант.

4.

Даана ажыратып берүүчүлөргө ант.

5.

Эскертмени алып келүүчүлөргө ант.

6.

Себеп менен коркутуп эскертүүнү.

7.

Силерге убада кылынган нерселер жакында сөзсүз болот:

8.

Жылдыздар караңгылап өчкөн кезде;

9.

Асман жарылган кезде;

10.

Тоолор чаң-тозоңго айланган кезде;

11.

Пайгамбарларга мөөнөт так белгиленген кезде.

12.

Анда (дагы) качанга чейин узартылмак?!

13.

Ажырап-бөлүнүү күнүнө чейин.

14.

Сен бөлүнүү күнү эмне экенин билесиңби?

15.

Жалган дегендергеал Күнү азап болсун!

16.

Биз (силерден) мурункуларды да жок кылган эмеспизби?

17.

Анан, алардан кийинкилерин дажок кылбадыкпы?

18.

Биз күнөөкөрлөрдү мына ушундай кылабыз.

19.

Жалган дегендерге ал Күнү азап болсун!

20.

Биз силерди көрүмсүз начар суудан жаратпадыкпы?

21.

Аны(сууну) Биз ишеничтүү орунга(жатынга) жайгаштырдык –

22.

– белгилүү бир убакытка чейин.

23.

Биз мөөнөттү белгилейбиз жана Биз мөөнөт белгилөөчүлөрдүн эң кудуреттүүсүбүз.

24.

Жалган дегендерге ал Күндө азап болсун!

25.

Биз Жерди топтоочу орун кылбадыкпы

26.

Тирүүлөрдү жана өлүктөрдү.

27.

Анынүстүнө Биз бийик тоолорду жайгаштырдык жана силерди таттуу суу менен кандырдык.

28.

Жалган дегендерге ал Күндө азап болсун!

29.

Өзүңөр жалган дегениңерге барып көргүлөчү!

30.

Үч бөлүк болуп түтүндөгөн көлөкөгө баргыла.

31.

Алар көлөкө да кылбайт жана (тозоктогу) жалындан да коргой албайт.

32.

(Ал) үйдөй-үйдөй чоң учкундарды чачыратат.

33.

Сары түстүү төөлөр өңдүү.

34.

Жалган дегендерге ал Күндө азап болсун!

35.

Алар ал Күндө ооз ачып сүйлөй албайт.

36.

Аларга сүйлөөгө да уруксат берилбейт.

37.

Жалган дегендерге ал Күндө азап болсун!

38.

Бул “бөлүнүү” күнү, Биз силерди жана силерден мурункуларды да топтодук.

39.

Эгер силердин айла-амалыңар болсо Мага айла-амалыңарды көрсөткүлө.

40.

Жалган дегендерге ал Күндө азап болсун!

41.

Акыйкатта такыбалар калкы көлөкөлөрдө жана булактарда болушат.

42.

Каалаган мөмө-жемиштердин арасында болушат.

43.

Кылган амалыңар үчүн, куттуу болсун, жегиле жана ичкиле.

44.

Биз жакшы иш жасагандарды мына ушинтип сыйлайбыз.

45.

Жалган дегендерге ал Күнү азап болсун!

46.

Бир аз жеп-ичип пайдаланып тургула. Албетте силер күнөөлүүсүңөр.

47.

Жалган дегендерге ал Күнү азап болсун!

48.

“Кудайга жүгүнгүлө” деп айтылганда алар жүгүнө алышпайт.

49.

Жалган дегендерге ал Күндө азап болсун!

50.

Алар андан(Курандан) соң башка дагы кайсы сөзгө ишенишет?!