76. Аль-Инсан

1.

Албетте, кылымда инсан болбогонубакыт да өткөн.

2.

Биз адамды бир тамчы аралашма суюктуктан жараттык, аны сыноо үчүн Биз ага көрүү жана угуу жөндөмүн бердик.

3.

Албетте биз аны же момун, же каапыр абалда жолго салдык.

4.

Биз каапырлар үчүн чынжырлар, кишендерди жана жалындуу От даярдап койгонбуз.

5.

Жакшыларболсо чөйчөктөрдөн жыпар жыттуу каафуураттуу суусундуктарды ичишет.

6.

Алланын пенделери ал булакты каалаган жерден чыгарып алышып ичишет.

7.

Алар убадаларын аткарышып, жамандыгы жайылган күндөн коркушат.

8.

Аларөздөрү ачка болуп турса да жетимдер, туткундар жана жакырлар менен ырыскыларын бөлүшүшөт:

9.

“Биз силерден ыраазылык да, сый да күтпөстөн Алланын ыраазычылыгы үчүн гана силерди тойгузабыз,

10.

Биз Эгебизденжана беттерди бырыштыруучу оор Күндөнкоркобуз”(дешет).

11.

Алла аларды ал Күндүн жамандыгынан сактап, анан аларды нурдуу жана кубанычтуу кылды.

12.

Алардын сабырдуулугу үчүн аларды Бейиш жана жибекменен сыйлады.

13.

Алар Бейиште, орундуктарда жөлөнгөн абалда күндүн аптабын да, ызгаарды да көрүшпөйт.

14.

Аларга көлөкө да жакын болуп, жемиштери ылдыйсалаңдап турат.

15.

Аларгатамактар тунук күмүш чөйчөк-идиштер менен алып келинет.

16.

Суусундуктар (болсо) күмүштөн жука, айнектей чөйчөктөр менен керектүү өлчөмдө гана ичилет.

17.

Аралашмасы занжабил аттуу суусундукту чөйчөктөрдөн (ичишет).

18.

Жана ошол жерде агып турган Салсабил аттуу булактан сууичишет.

19.

Алардын айланасында түбөлүк жашбоз уландар кызмат кылышат. Силер алардыкөргөн кезде чачып жиберген бермет маржандарыбыдеп ойлойсуңар.

20.

Качан гана (Бейишке) карасаң түгөнгүс жакшылыктарды жана зор байлыкты көрөсүң.

21.

Жука жана калың жашыл жибек кийимдерди кийип жүрүшөт. Колдорунда – күмүштөн билериктер. Алла аларды Бейиштин суусундуктарына кандырат.

22.

Анткени бул силердин аракетиңер (Алла тарабынан) кабыл болгондуктан жана Кудайдын мындай сыйына сооп иштериңерден улам татыктуу болдуңар.

23.

Биз сагаКуранды бөлүк-бөлүк кылып түшүрдүк.

24.

Сен Эгеңдин буйруктарын сабырдуулук менен аткар. Алардын күнөөгө баткандарынынжана каапыр болгондордунун тилине кирбе.

25.

Эртели-кеч Жаратканыңды даңктагын.

26.

Түндөрболсо Ага сажда кылып, узак убакыт (Аны) аруулагын.

27.

Албетте,алар(убактылуу) дүйнөнү сүйүшөт, оор Күндү болсо артына ташташат.

28.

Биз алардыжаратканбыз, дене-боюн кубаттуу кылганбыз. БирокБиз кааласак аларды өздөрүнө окшошторменен алмаштырып коебуз.

29.

Албетте, бул сүрө –силерге насаат! Эгер ким кааласа, Алланын жолуна түшсүн.

30.

Бирок Алла кааламайынча силер каалай албайсыңар. Алла баарын билип туруучу улуу Даанышман!

31.

Ал Өзү кимди кааласа Өзүнүн мээримине киргизет,ал эми заалимдерге жан чыдагыс жаза камдап койгон.