75. Аль-Кыйама

1.

Кыямат Күнүнө ант.

2.

Өзүн-өзү жемелеген жанга ант.

3.

Инсан Биз анын сөөктөрүн чогултупаларыбызга ишене албай турабы?

4.

(Чындык) ооба Биз анын манжаларынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө кудуреттүүбүз.

5.

Балким … инсан келечекте бузукулукту дагы да кыла берүүнү каалап турабы?

6.

Ал: “Кыямат Күнү качан болот?” – деп сурайт.

7.

Качан көздөр караңгыласа

8.

Ай түнөргөн-тутулган кезде

9.

Күн менен Ай биригишкенде (кезде)

10.

Инсан ошол Күнү: “Мага кутулуучу жай кайда бар?” – деп сурап калат.

11.

О жок! Качып кутулуу жок.

12.

Ал Күндө Эгеңдин алдында гана (кутулуучу) жай (бар).

13.

Ошол Күнү инсанга ал алдына эмне даярдап, (алып) келгенине, эмнени артына калтырып койгонунан кабар берилет.

14.

Инсан (ал күнү) өзүнө өзү күбөлүккө өтөт.

15.

Эгер ал кечирим суроону кааласа да.

16.

(Эй Мухамед), сен тилиңди шашкалактап кыймылдатпа.

17.

Акыйкатта аны жыйноо жана окутуу Бизге таандык.

18.

Биз аны сага окуп бергенден кийин гана окууга ээрчигин.

19.

Андан соң (аны) түшүндүрүү Биздин иш.

20.

О жок! Силер нак дүйнөнү сүйөсүңөр да,

21.

Акыретти артка таштап коесуңар(акырет үчүн амал кылбайсыңар).

22.

Бир жүздөр ошол күнү кароочу(Жаратканды көрүшөт).

23.

(Алар) Эгесине карашат.

24.

Ал күнү (бир топтун) өңдөрү тырышып-шүмүрөйөт.

25.

Алар өздөрүнүн омуртка-белин сындырчуу азапты күтүшөт.

26.

О жок! Жан алкымга келген кезде

27.

“Ким дем сала алат?” – деп айтылат(эми ким дем аркылуу шыпаа бере алар экен деп көздөрү чачырайт).

28.

Ошондо ал айрылуу маалы келгенин сезет.

29.

Буттары бириктирилет(өлгөндөн кийин буту колдорун түздөп жанына коет).

30.

Ал күнү Эгесинин алдына (айдалып) келет.

31.

Ал (ыймансыз) ишенген да, намаз окуган да эмес.

32.

(Куранды) четке кагып, (динден) терс бурулган

33.

Мактана-бой көтөрүп, үй-бүлөсүнө барган.

34.

Куруп кал сен, о куруп кал!

35.

Андан соң(дагы кайталайм) куруп кал сен, куруп кал.

36.

Пенде өзүн кароосуз(эч бир милдет жүктөлбөй эле), таштап салынган деп ойлойбу?

37.

Урук суусунун(эненин курсагындагы) бир тамчысы эмес беле?!

38.

Андан соң ал уюган кан болгон жана аны тегиздеп(кооз келбетке) жараткан.

39.

Андан(уруктан) эркек, ургаачы кылып, жупту жараткан.

40.

Бул эмне(ошончонун баарын жасап) өлүктөрдү кайра тирилте албайбы?!