74. Аль-Мудассир

1.

Эй, кийимине оронуп алган!

2.

Тур, эскерткин.

3.

Жана Жараткан Эгеңди даңкта!

4.

Кийимиңди таза тут.

5.

Ыпластыктан кач.

6.

Кылган жакышылыгыңды көп деп эсептебе.

7.

Эгең үчүн сабырдуу бол.

8.

Кайсыл Күнү сурнай тартылса

9.

Ал абдан оор Күн(болот).

10.

Каапырлар үчүн оор Күн.

11.

Кимди Мен жалгыз кылып жараткан болсом , аны жалгыз Мага кой.

12.

Ага Мен кенен байлык бергем

13.

Жана күбө болуучу балдарды (бердим).

14.

Турмуштагы жолун да шыдыр кылып койдум.

15.

Ал дагы көбүрөөк берүүмдү үмүттөнөт.

16.

Жок! Ал Биздин аяттарга өтө каршы.

17.

Мен аны машакатка дуушар кылам.

18.

Анткени ал ойлонду да, өзүнчө таразалады.

19.

Ал, жок болгур, кандайөлчөө жасады!

20.

Ал, дагы жок болгур, кандай өлчөө жасады!

21.

Анан карады.

22.

Анан кабагын түйүп, кашын үйрүдү.

23.

Анан тескери бурулуп, текеберленди.

24.

Анан айты: “Бул – жазылып калган бир сыйкырчылык;

25.

Бул – болгону адамзаттын сөзү

26.

Сакарда мен аны өрттөп салам!”

27.

“Сакар” эмне экенин сен билесиңби?

28.

Ал калтырбайт да, таштап да салбайт.

29.

Ал адам терисин куйкалап салат.

30.

Анын үстүндө он тогуз күзөтчү(бар).

31.

Биз Тозокту башкарууга периштелерди гана койгонбуз жана ыймансыз каапырларды сыноо үчүн, китеп ээелеринынандыруу үчүн, ыймандуулардын ыйманын күчөтүү үчүн ал жерге ээлик кылган периштелердин санын так аныктапкойдук. Анданкитеп ээлери да, ыймандуулар да шек санашпашы үчүн, жүрөгүндө ооруу барлар жана ыймансыздар”Алла муну менен бизге эмнени каалайт?” деши үчүн. Алла кимди кааласа ошентип жаңылыш жолго салып, кимди кааласа түз жолго салыпкойот. Эгеңдин аскерлеринбир гана Өзү билет. Жана бул Тозок оту – адамдар үчүн эскетүү.

32.

Албетте, Айга ант!

33.

Өтүп бараткан түнгө ант!

34.

Агарып келе жаткан таңга ант!

35.

Бул – эң чоң балээлеримдинбири.

36.

Адамзат үчүн эскертме катары

37.

Силерден ким жакшылыкка умтулсаага да, ким артта калса ага да эскертүү.

38.

Ар бир жан өзү кылган иштинбарымтасында калат.

39.

Оң кол ээлеринен башкалары,

40.

Бейиште бири-биринен сурашат.

41.

Күнөөкөрлөр жөнүндө…:

42.

“Силерди (бул) Сакарга эмне алып келди?”

43.

Алар жооп беришет: “Биз намаз окугандардан эмес элек;

44.

Бей-бечараларга да тамак бербедик;

45.

Биз пайдасыз бузукулукка баткандар менен бирге баткан элек;

46.

Кыямат Күнүн жалган дегенбиз

47.

бизге өлүм келгенге чейин.

48.

Бул жерде аларга колдоочуларынын колдоосу да жардам бербейт.

49.

Аларга эмне болгон: Эскертүүдөн жүз бурушат.

50.

Алар жапайы эшектер сымал

51.

арстандан качкан…

52.

Чындыгында, алардын ар бири өздөрүнө гана баракчатүшүшүн каалашат.

53.

Жок! Алар Акыреттенкоркушпайт.

54.

Ооба! Булчындыгында эле эскертүү.

55.

Ким укса андан насаат алсын.

56.

Бирок Аллах каалабаса алардынбири да насаат ала албайт. Алла гана коркуугажана кечирим берүүгө татыктуу.