73. Аль-Муззаммиль

1.

Эй, кийимине оронуп алган!

2.

Түндөрдү ибадат менен өткөр да, бир аз бөлүгүн,

3.

жарымын же андан да бир аз кемит,

4.

жарымын, же бир бөлүгүн. Же ага кошумчакырааты менен Кураноку.

5.

Жакында биз сага салмактуу сөз түшүрөбүз.

6.

Албетте, түндө уктап туруу – абдан оор

7.

Анткени сенин күнүң түйшүккө толо.

8.

Ошол үчүн Эгеңдин ысмын эстеп Ага умтул.

9.

Ал Чыгыштын да Батыштын да Эгеси. Чындыгында Андан башка кудай жок. Аны гана өзүңө колдоочу деп бил.

10.

Алардынсөзүн сабырдуулук менен ук жана алардан жакшынакай кайтып кет.

11.

Жалганчы дөөлөт ээлеринМага коюп, аларга бир аз мөөнөт бер.

12.

Анткени Биздин астыбызда алар үчүн кишендер, Тозок оту,

13.

тыгылуучу тамактар жана жан чыдагыс азап бар.

14.

Ошол Күнү жер, тоолор титиреп, тоолор кумдуу дөңсөөлөргө айланат.

15.

Фараонго элчи жибергендей эле Биз силерге каршы күбөлүк болуучу пайгамбардыжибердик.

16.

Фараон ага моюн сунбаганыктан Биз аны катуу чапчыдык.

17.

Эгер силер каапырдыктын ичинде жашасаңар, анда өспүрүмдү картайтып коюуучуал Күндөн өзүңөрдү кантип сактап кала аласыңар?

18.

Ал Күнү асмандар жарылып, Алланын убадасы аткарылат.

19.

Анткени алар –эскертүү. Ошол үчүнким кааласа Эгесинин жолунаумтулат.

20.

Чындыгында сен түндүн үчтөн эки бөлүгүнүн азыраагында, же жарымын, же үчтөн бир бөлүгүндө туруп намаз окуп өткөрөрүңдү сенин Эгең билип турат. Сени менен чогуу жүргөндөрда да. Алла түндү да, күндү да тактап өлчөп койгон. Алла силер муну эске албасыңардыда билет жана ошол үчүн силерди кечирет.”Курандан кайсыныокуу силерге жеңил болсо, ошону окугула”. Ал силердин араңарда оруулуулар болоорун, бирөөлөрү Алланын ырайымын издеп жерлерди кыдырарын, ошондой эле дагы бири Алла жолунда күрөшөрүн билет. Ошондуктан Курандан кайсыл жеңил болсо ошону окугула. Намаздарды өз убактыларында окугула. Зекетти берип, Алла үчүн чын жүрөктөн көркөмдүү карыз бергиле. Эмне берген болсоңор андан да жакшыраагын жана чоңраак сыйлыкты Алланын алдында табасыңар.Алладан кечирим сурагыла. Албетте, Ал – Ырайымдуу, Кечиримдүү.