72. Аль-Жин

1.

Айт : “Мага кабар берилди: Жиндердин бир тобу китептин окулганын угуп алышып:”Биз чындыгында кереметтүү Куранды уктук”– дешти –

2.

“Ал чыныгы түз жолго баштайт. Биз ага ишендик. Биз Эгебизге бирөөнү да, эч кимди шерик кылбайбыз, Анын Өзүнө гана сыйынабыз,

3.

Акыйкатта мартабасы бийик, аруу Эгебиздин аялы жа баласы да жок.

4.

Биздин бир нааданыбызАллага каршы жалганды таркаткан.

5.

Биз: адамдар да, жиндер да Аллага каршы эч жалган айта албайт деп ойлогонбуз.

6.

Албетте, кээ бир эркек инсандар эркек жиндер менен сактанышаар эле. Ошентип алар өздөрүнө адашууну гана арттырышкан.

7.

Алар дасилер сыяктууэле Кудай эч кимди тирилте албайт деп ойлошкон.

8.

Биз асманга барып такалдык да, анын кубаттуу корукчужана жылдыздар менен толтура экенинкөрдүк.

9.

Биз ал жерде угуу үчүнбир орундарга олтуруп алар элек. Азыр ким уккусукелсе ал өзүн байкап турган жылдызды көрөт.

10.

Акыйкатта, бул – жердегилер үчүн жамандыкпы же алардыАлла түз жолго багыттоону калаганбы, биз билбейбиз”.

11.

Биздин арабыздажакшылары да, андай эместерида бар. Биз ар кыл жолдордо жүргөнбүз.

12.

Бирок биз: Алланын жердеги кудуретин алсыратууга биздин күчүбүз жетпешин жана Анын жазасынан качып кутула албашыбыздыбилдик.

13.

Акыйкатта, түз жол тууралуу угарыбыз менен биз ага дароо ишендик”. Анан ким Эгесине ишенсе ал кемипже көбөйүпкетүүсүнөн коркпойт.

14.

Биздин арабызда мусулмандар да жана адашкандар да бар. Ким Кудайга баш ийсе, ошолор чыныгы жолго түшүүнү максат кылыптыр.

15.

Ал эми адашкандарТозок үчүн отун болушту.

16.

Эгерде алар түз жолдо бекем турушканда биз аларды берекелүү суу менен сугарат элек.

17.

Биз алардыошентип сынамакпыз. Ким өз Эгесин эстөөдөн баш тартса, аны Ал катуу жазага тартат.

18.

Мечиттер – бир гана Аллага сыйынуу үчүн жана ал жерлерде Аллага шерик кылып башкага сыйынбагыла!

19.

Мына, Алланын кулуАгатурган кезде кезде алараны жакындан курчап алышты.

20.

“Мен бир гана Аллага чакырам , Ага эч кимди шерик кылбаймын” – деп айткын.

21.

Айт: “Мен силерге бир жамандык да жеткире албаймын, жакшы жолго да сала албайм”.

22.

“Мени Алладанэч ким сактап кала албайт, жана Анданбашка коргоочу да таба албайм.

23.

Тек гана Алланын (буйругун) жана динин жеткизүүгө (милдеттүүмүн) . Кимде ким Аллага жанан Анын элчисинекүнөөкөр болсо, албетте, анда ал тозок отуна (түшөт). Ал ошолжердетүбөлүккө кала берет.

24.

Аларга убада кылынган нерсени көрүшкөн кезде ким сан жагынан аз жана алсыз экенин билет.

25.

“Мен силерге убада кылынган нерсегеканча калганын билбеймин. Балким Алла узаак бир мөөнөттү белгилеп койгондур” – деп айт.

26.

Кайып нерселер Ага гана белгилүү. Ал Өз сырларына эч кимди жолотпойт

27.

Бирок Өзү тандап алганэлчисинин алдынан да, артынан да сакчылардыжиберип койот.

28.

Динди жеткиргенин билүү үчүн Алла алардыбилүү үчүн туш тарабынан курчап турат жана да бардык нерсенин санын тактап койгон.