71. Нух

1.

Нухту “сен элиңе катуу азап келе электе эскерткин!”деп жибердик.

2.

Ал элине мындай деди: “О элим, мен силерге ачык эскертүүчүмүн.

3.

Аллага гана ибадат кылгыла жана Андан корккула, жана мага баш ийгиле”.

4.

Ал силердин күнөөңөрдү кечирет да өмүрүңөрдүбелгиүү мөөнөткө чейин улантат. Эгерде силер билсеңер: Алланын мөөнөтүкелген кезде ал артка кечиктирилбейт. О, эгерде силер ушуну билегниңердеби!

5.

Айтты: “О менин Эгем, мен элимди түнү-күнү Сага чакырдым” -деди.–

6.

Бирок менин чакырыгым аларды ого бетер алыстатты

7.

Чындыгында Сен алардын күнөөсүн кечирүүң үчүн, аларды чакырганымдаар бир учурда алар кулактарын манжалары менен тосушуп, кийимдери менен чүмкөнүшүп,көгөрүп, текеберленишти.

8.

Анан мен ачык-айкынчакырдым.

9.

Андан кийин мен аларды ачык да, жашыруун дачакырдым.

10.

Мен айттым: “Эгеңерден кечирим сурагыла. Анткени Ал – Кечиримдүү”.

11.

Ал силерге асмандан нөшөрлөгөнжамгыр жиберет

12.

Ал силерди мал-дүйнө, балдар менен кубаттуу кылат. Жана да силер үчүн бакчалардыжана дарыялардыжаратат.

13.

Эмне үчүн силер Алланы улуктоону ойлонбойсуңар?

14.

Чындыгында Ал силерди ар түрдүү баскычтардажараткан ошол – Алла.

15.

Алла жети кабат асманды кантипкабат-кабат (кылып) жаратканын көрбөй жатасыңарбы?

16.

Айды алардыничинен нур чачуучу, күндү жарык берүүчү кылып койду.

17.

Алла силерди жерден өсүмдүктөй өстүрдү.

18.

Андан соң кайра агакайтарып, кийин кайрачыгарат.

19.

Аллах жерди силер үчүн килем кылып төшөп койду

20.

силерди кенен жолдор менен басып жүрүшсүн деп.

21.

Нух айтты: “О Эгем менин, алар мага каршы чыгып, зыяндуу болгон байлыктарын жана балдарын ээрчишти.

22.

Алар абдан чоң куулук кылышты.

23.

Алар: “Өз кудайларыңарды: Вадды , Суваны , Йагусту , Йауктужана Насрдыташтабагыла!”– дешти.

24.

Алар көп адамдарды туура жолдон адаштырышты. Ал заалымдарга адашууну гана арттыргын.

25.

Аларөз күнөөлөрү үчүнчөктүрүлүп, Тозокко ыргытылды. Алар Алладан башка жардамчы табышкан жок.

26.

Жана Нух мындай деди: “Эгем, жер жүзүндө бир да каапыр калтырба!

27.

Анткени, эгер Сен аларды калтырсаң, Сенин кулдарыңды адаштырып, алардан бузукулар жана каапырлар гана туулат.

28.

Эгем, мени, менин ата-энемди, менин үйүмө ыйманы менен киргендерди, момун эркектер менен момун аялдарды кечире көр. Заалымдаргажалаң жок болууну арттыргын”..