70. Аль-Ма’ариж

1.

Суроо берүүчүсөзсүз болуучу жазанынкелүүсүн сурап жатты.

2.

Алкаапырлар үчүн сөсүз болот. Эч ким аны токтото албайт.

3.

Албардык тепкичтердин Ээсиболгон Алла тараптан.

4.

Периштелер жана РухАллага ошол өлчөмү элүү миң жыл болгон Күндө Аллага көтөрүлүшөт.

5.

Эң мыкты сабыр кылып, чыдамкай бол.

6.

Албетте, аныалыс деп ойлошот.

7.

Биз аны жакын деп билебиз.

8.

Ал күнү асман ээритилген жездей болот.

9.

Тоолор жүн сымал болот.

10.

Ал кезде жакынжакынынын абалын сурабай калат

11.

Аларбири-бирине көрсөтүлүшөт. Ошол Күнү каапыр азаптан улам балдарын деле төлөп жиберүүгө ниеттенип калат.

12.

Аялын жана бир тууганын деле…

13.

Аны коргоп жүргөн тууганын да…

14.

Жердегилердинбаарын (берип), анан кутулгусукелет.

15.

Жок!Бул– абдан ысык (от!)

16.

Анын баш терисин шылып салат.

17.

Ага терс бурулуп, чегингенадамды да өзүнө чакырат.

18.

Байлык топтоп, казыналарга каткан эле…

19.

Чындыгында инсан сабырсыз жаратылган

20.

Эгер ага жамандык келсе аябай тынчы кетет.

21.

Байлык келсе сараң болуп калат.

22.

Намаз окугандар гана андай эмес;

23.

Алар ар дайым намаздарында болушат;

24.

Жана алардын байлыктарында белгилүү үлүш бар:

25.

Тилемчи менен колунда жокторго,..

26.

Кыямат Күнүнө ишенгендерге,..

27.

Эгесинин жазасынан корккондорго,..

28.

Анткени Алланын жазасынан эч ким качып кутула албайт.

29.

Өз денесин сактагандарга

30.

Бирок өздөрүнүн аялдары же күңдөрү менен чектелгендеркүнөөлүү эмес.

31.

Кимде-ким мындан башканы талап кылса, анда алар чектен ашуучулар.

32.

Аманаттарын жана убадаларын сактагандар;

33.

Берген күбөлүктөрүндө так болгондор;

34.

Намаздарын өз убагында окугандар;

35.

Мына ушулар Бейиш бакчаларында сый көрүшөт.

36.

Каапырларга эмне болгон, сен тарапка тигилишет?..

37.

Оңдон да, солдон да жамаат-жамаат (болушуп)…,

38.

Алардын ар бири Бейишке кирүүнү үмүт кылып жатышабы?

39.

Бирок. Жок! Биз аларды кантип жаратканыбызды билишет.

40.

Чыгыштар менен Батыштардын Эгесине ант болсун! ЧындыгындаБиз кудуреттүүбүз:

41.

Аларды мыктыраагына алмаштырып коюуга алсыз эмеспиз. Жана Бизден эч ким озуп кете албайт.

42.

Аларга убада кылынган Күн келгенче пайдасыз сөздөргө батышып, ойноп жүрө беришсин...

43.

Алар мүрзөлөрүнөнчыгышкан Күнү шашкалактап чуркап калышат.

44.

Алардынкөздөрү төмөн карап, кордук ороп алат. Аларга убада кылынган Күн дал ошондой (оор!).