6. Аль-Ан’аам

1.

Асмандарды жана Жерлерди жараткан жана караңгылык менен нурду кылган Аллага мактоолор!А каапырлар Аллага башкаларды теңешет.

2.

Ал силерди топурактан жаратып, андан соң ар бирине мөөнөттүбелгилеген. (Тирилүү) мөөнөтү да Анын алдында.Анан силер дале шектенесиңер.

3.

Ал Асмандардагы жана Жердеги (жалгыз гана) Алла. Ал силердин жашырганыңарды да, ашкереңерди да билип турат. Ал силердин эмне кылып жатканыңарды да билет.

4.

Эгесинен аларгакандай гана аяттар келсе дагы, алар андан жүз үйрүшөт.

5.

Алар акыйкатта, өздөрүнө келген чакта жалганга чыгарышты. Жакын арада аларга шылдыңдаган нерсеси жөнүндө кабар келет.

6.

Биз аларга чейин канчалаган муундарды жок кылганыбызды алар көрүшкөн жокпу? Биз силерге бербеген нерселердижерде аларга бердик. Аларга асмандан мол жамгыр жаадырдык жана алардын алдынан дарыяларды агыздык. Биок Биз аларды күнөөлөрү үчүн ойрон кылдык жана алардын ордуна башка коомду жараттык.

7.

Эгер Биз сага аларколдору менен кармап көрүү үчүн жазуу жазылган кагаздытүшүрсөк, анда каапырлар:”Бул – кадимки эле сыйкыр” деп айтышмак.

8.

Алар: “Ага (Мухамедге) периште түшүрүлбөппү?”– дешет. А эгер Биз периште түшүрсөк, анда алардын тагдыры чечилип калган болор эле да, аларга мөөнөт берилмек эмес.

9.

Эгерде Биз периштени жөнөтсөк, анда аны эркек келбетинде кылып, аларга окшоштуруп коймокпуз.

10.

Сенден мурун да пайгамбарларды шылдыңдашкан. Ошентип, аларга келекелегендиктери себептүү азап түшкөн.

11.

“Жер кыдырып, көргүлө да, жалганга чыгаргандардын жыйынтыгы кандай болгонун карагыла” – дегин.

12.

“Асмандардагы жана Жердегилер кимге таандык?” – деп айт.”Аллага таандык” – деп айт. Ал Өзүнө ырайымдуулуктупарз кылды. Акыйкатта, эч шексиз болуучу Кыямат Күнүндө Ал силерди жыйнап алат. Өз жанына зыян кылуучулар – алар ишенбегендер.

13.

Ага түндө да, күндүзү да жашоочулар (баарысы) таандык. Ал Угуучу жана Билүүчү.

14.

“Асмандар менен Жерлердин Жаратуучусу болгон Алладан башка бирөөнү мен өзүмө сыйынуучу кылып аламбы? Ал ырыскы берет. А Өзү ырыскыга муктаж эмес” – деп айткын .”Аллага (шерик) кошпогон, Аллага биринчи баш ийгендерден болуума буйрулдум” – деп айткын!

15.

“Акыйкатта, эгер өзүмдүн Эгеме күнөөкөр болуп калсамУлуу күндүн азабынан мен коркомун” – деп айт.

16.

Ал Күндө ким азапка кириптер болбосо, чынында Алла аны өз ырайымына алганы. Бул анык ийгилик.

17.

Эгер Алла сага кырсык жеткирсе, андан Өзү гана куткара алат. А эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Ал бардыгына кудурети жетүүчү.

18.

Ал өз пенделеринин үстүнөн толук бийлик жүргүзүүчү. Ал Даанышман, Кабардар.

19.

(Эй Мухамед!): “Ой кайсы нерсе күбөлүктөн да чоңураак” – деп айт.”Силер менен менин ортомдо Алла күбө. Куран жеткен адамдарды жана силерди эскертүүм үчүн мага бул Куран берилди. Силер Алладан башка да кудайлар бар деп кантип күбөлүк бере аласыңар?!” – дегин!”А мен күбөлүк бербеймин”– деп айт! “Алжалгыз Алла! Албетте мен силер шерик кылып жаткан нерсеңерден алысмын” – дегин!

20.

Биз Китеп тартуулагандар аныөз балдарын тааныгандай эле таанышат. А өз жандарына жамандык кылгандар, алар ишенишпейт.

21.

Аллага жалганды жабыштырганданже Анын аяттарын жалганга чыгаргандан да ашкан заалым болобу?!

22.

Биз алардын баарысын жыйнаган күнү Аллага башка кудайларды шерик кылгандарга:”Силердин кудай деп ойлоп жүргөн шериктериңер кайда” – деп айтабыз.

23.

Ошондо аларда эч бир шылтоо калбай алар: “Эгебиз Алланын аты менен ант! Биз шерик кошкон эмеспиз” – дешет.

24.

Алар өздөрүнө кантип жалган айткандарына жана алар ойлоп чыгаргандар кантип жоголгондугуна кара!

25.

Алардын арасында сага кулак салып угуп туруучулары да бар. Бирок Биз алардын жүрөктөрүнө тосмо кылып, кулактарын дүлөй кылып салганбыз. Алар ар түрдүү белгилерибизди көрүп турушса да аларга ишенишпейт. Качан алар сени менен талашканы келгенде, каапырлар:”Булалбетте байыркылардын жомогу гана!” – дешет.

26.

Алар Пайгамбарды ээрчүүдөн башкаларды тыйышат. Өздөрү да алысташат. Бирок алар өздөрүн өздөрү гана кыйратышканын сезбей да калышат.

27.

Эгерде сен аларды оттун алдына тургузулганын көргөн болсоң:”Аттиң, биз кайра артка кайтарылсак, анда биз Эгебиздин аяттарын жалганга чыгарбас элек жана момундардын катарында болор элек” – дешет.

28.

Жок, алар мурун эмнени жашырып келишкени айкын болду. Бирок алар артка кайтарылса, анда алар өздөрүнө тыюу салынгандарга кайрадан эле барышмак. Анткени алар жалганчылар!

29.

“Бул дүйнө жашоосунан башка жашоо жок. Өлгөндөн кийин кайра тирилбейбиз” – дешти.

30.

Эгер сен алардын Эгесинин алдында тургузулганын көрсөң:”Булчындыкпы?” – деп сурайт.Алар: “Ооба, Эгебиз менен ант ичебиз! (Бул чындык экен) – дешет. Ал:”Каапыр болгонуңар үчүн азабыңарды таткыла!” – дейт.

31.

Алла менен кездешүүнү жалган деп эсептегендер кыямат кокусунан келип калганда чындап зыянга учурашат. Ошондо алар өздөрүнүн күнөөлөрүн өз аркаларына көтөрүп алышып, кыскалык кылганыбызга аттиң-арман – бизге өкүнүч болсун дешет. Көтөрүп жүргөндөрү кандай жаман жүк.

32.

Бул дүйнө жашоосу оюн гана. Алладан корккондор үчүн Акырет жашоосу эң сонун. Эми акылыңарга келбейсиңерби?

33.

Алар айтып жаткан кептер сени кайгыртып жатканын Биз билебиз. Чындыгында алар сени жалганчы деп билишпейт. Бирок заалымдарАлланын аяттарын жокко чыгарышат.

34.

Албетте, сенден мурун да элчилерди жалганчы дешкен. Алар мындай жалааларга жана кысымдарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Алланын убадаларын эч нерсе өзгөртө албайт. Акыйкатта, сага элчилердинкабары келди.

35.

А эгер сага алардын жүз үйрүшү оор болуп жатса, аларга аят берүү үчүн жерде тешик, а асманга шаты табууга аракет кылып, аларга керемет катары алып кел. Эгер Алла каалаган болсо, алардын баарын түз жолго чогултаарэле. Наадандардан болбо!

36.

Акыйкатта, угуп жаткандар кабылдоого жөндөмдүүлөр. Ал эми өлүк сыяктуу болгондор, Алла аларды тирилтет жана алар Ага кайтып барышат.

37.

Алар: “Эмне үчүн Эгесинен аят түшпөй жатат?” – дешет. (Аларга:)”Алла аят жөнөтүүгө күч-кубаттуу” – деп айт. Бирок, алардын көбү муну билишпейт.

38.

Жер үстүндөгү айбанат жана канаттары менен учкан канаттуу да силер өңдүү жандуулар. Биз Китептеэч нерсени таштап койгонубуз жок! Андан соң аларөздөрүнүн Эгесинин алдында жыйналышат.

39.

Биздин аяттарыбызды жалган деп эсептегендер караңгылыктагы дүлөй жана дудуктар. Алла кимди кааласа жолдон чыгарат, кимди кааласа өзүнүн туура жолуна салат.

40.

“Кабарлагылачы, качан силерге Алладан жаза келгенде же кыямат болгондо силер эгер чынчыл болсоңор анда Алладан бөлөк кимди чакыра аласыңар” – деп айт!

41.

Ооба, силер Анын өзүн гана чакырасыңар. Ошондо Ал эгер кааласа силер суранып жаткан нерседенкуткарат. А силер ошол кезде Ага шерик кылганыңарды да унутасыңар.

42.

Биз сага чейин башка элдерге да алар жалбарышы үчүн жакырчылык менен ооруу жөнөткөнбүз.

43.

Аларга Биздин азабыбыз жеткен кезде алар жалыныштыбы? Бирок, алардын жүрөктөрү карарып калган эле. А шайтан алардын кылгандарын кооздоп көрсөттү.

44.

А алар качан өздөрүнө эскертилгендиунутушканда Биз алардын алдындагы бардык эшиктердиачып койдук. Алар өздөрүнө берилгендердин баардыгына кубанып жатышканда, Биз аларды капысынан азапка алдык. Мына эми алар үмүттөрү үзүлдү.

45.

Зулумдук кылышкан коомдун акыры да кесилди . Ааламдардын Эгеси Аллага мактоолор!

46.

“Айткылачы, эгерде Алла силерден угуу жана көрүүнү алып салса жана жүрөгүңөргө мөөр басып салса, анда Алладан башка силергебуларды кайсыл кудай кайтарып бере алат?” – деп айт. Карап көрчү: Биз аяттарыбызды кандай гана кылып баяндайбыз, а алар болсо жүз үйрүшөт.

47.

“Айткылачы, эгер силерге Алладан күтүүсүздөн же ачык эле азап келсе, анда адашкан залимдер гана кыргын болот?” – деп айт.

48.

Биз элчилерибизди сүйүнчүлөөчүжана эскертүүчүкылып жөнөткөнбүз. Ким ишенсе жана жакшылык иштерди кылса, аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт.

49.

Бирок Биздин аяттарыбызды жалганга чыгаргандарды, бузук иштерди жасаганына жараша алар азапка кабылышат.

50.

“Мен силерге Алланын казынасы менде деп айтпаймын. Кайыпты да билбейм жана да мен периштемин деп да айтпаймын . Мага кабар берилгендергегана ээрчиймин” – дегин!”Сокур менен көзү соо барабарбы? Ойлонуп көрбөйсүңөрбү?” – деп айт.

51.

Эгелеринин алдында чогулууларынан корккондорго Куран менен эскерткин. Аларга Кудайдан башка жакын да, колдоочу табылбайт. Кана эми алар Алладан коркушса?!

52.

Эртеден кечке чейин Эгесине жалынып, Анын жүзүнө-ырайымына умтулуп жаткандарды кууп салба! Сен алар үчүн эч кандай жооп бербейсиң, алар да сен үчүн жооп беришпейт. Эгер аларды кууп чыксаң, заалимдерден болосуң.

53.

«Биздин арабыздан Алла ушуларга жакшылык кылдыбы»– деп айтуулары үчүн, алардын бири-бирин Биз ушинтип сынайбыз. Алла шүгүр кылуучуларды Билүүчүрөөк эмеспи?

54.

Силерге Биздин аят-белгилерибизге ишенгендер келгенде: «Силерге тынчтык болсун»– деп айтат. Силердин Эгеңер Өзүнө Өзү Мээримдүүлүктү милдет кылды. Албетте силердин араңардан кимде-ким билбестиктен жамандык иш кылса, анан тообо кылып оңолсо, ал үчүн, Ал – Кечиримдүү, Мээрбан!

55.

Күнөөкөрлөрдүн жолу даана болуусу үчүнӨз аятарыбызды ушинтип баяндайбыз.

56.

“Алладан башкага сыйынып жатканыңарга, менин сыйынышым акыйкатта тыюу салган, Мен силердин каалооңорго ээрчибеймин . Антпесе мен адашууда калып, Түз Жолдо бараткандар менен бирге болбой калмакмын.

57.

Мен өзүмдүн Эгемдин ачык аяттарында элем, а силер болсо аны жалганга чыгардыңар. Силер шашылып жаткан нерсе менин колумда эмес. Акыйкатта өкүм Аллада гана. Ал акыйкатка өкүм кылат. Ал өкүм кылуучулардын Эң жакшысы” – деп айт.

58.

Эгерде силер шашылып жаткан нерсе мени менен силердин ортоңордо болгондо иш эчак бүтмөк. Алла адашкандарды жакшы билет.

59.

Кайыптын ачкычтары Анда гана. Ал кургакта жана деңиздерде эмне барын жакшы билет. Ага жалгыз жалбырактын түшүүсү да белгилүү. Жердин караңгылыгында жаткан бир үрөн дагы, жашылы да, кургагы даачык Китепте бар.

60.

Ал силерди түнкүсүн алып кетет . Ал силердин күндүзү эмне кылганыңарды билет. Анан Ал белгиленген мөөнөт бүткөндөсилерди тирилтет. Андан соң Ага кайтарыласыңар. Мындан соң Ал силердин эмне кылганыңарды өзүңөргө кабарлайт.

61.

Ал Өз кулдарынын үстүнөн Бийлик жүргүзүүчү. Ал силердин үстүңөрдөн Өзүнүн сактоочуларынжөнөтөт. Качан силердин бириңерге өлүм жеткенде, биздин элчилерибизанын жанын алышат. Кынтык кылышпайт.

62.

Андан соң алар өздөрүнүн чыныгы Эгеси Аллага кайтарылышат. Өкүм Анынгана колунда. Ал эсеп жүргүзүүдө өтө тез.

63.

“Кургактагы жана деңиздеги коркунучтардан ким сактайт. Силер Ага ашкере да, жашыруун да сыйынып жатасыңар” – деп айткын.”Эгер Ал бул коркунучтан бизди куткарса, анда биз шүгүр кылуучулардан болоор элек” – дейсиңер.

64.

“Алла силерди мындан жана түрдүү кайгылардан куткарат. А силер Ага шерик кылып жатасыңар” – деп айт.

65.

“Ал силерге үстүңөрдөнже астыңарданазап жөнөтүүгө же силерди (түрдүү ниеттеги) бир топ кылып аралаштырып койгонго жана бириңерге-бириңердин жазасын таттырып койгонго Кудуреттүү!” – дегин. Карачы! Алар түшүнүүлөрү үчүн аяттарыбызды кандай баяндап жатабыз.

66.

Бирок сенин элиң бул акыйкат болсо да, аныжалганга чыгарууда. (Аларга:)”Мен силерге коргоочу эмесмин” – деп айт.

67.

Ар бир кабар үчүн убакыт белгиленген. Жакын арада (муну) билесиңер.

68.

Сен Биздин аяттарыбызды (шылдыңдап) сүйлөп жаткандарды көрөсүң. Анда алар башка сөзгө өтмөйүнчө алардан терс болуп кет. Бирок эгер шайтан сени унуттуруп койсо, анда ал эсиңерге түшөр замат ал адашкан коом менен олтурба!

69.

Алладан корккондордун мойнунда элдинэсеп-кысабынан эч нерсе жок. Бирок аларсактанууларыүчүн тигилерэскертүүгө тийиш.

70.

Өздөрүнүн динин оюн-тамаша кылып алгандарды жана бул дүйнөгө азгырылгандарды ташта ! Жан ээсижасаган нерсеси аркылуу азапка учурай тургандыгын, алардын эсине ар дайым сал!Алладан башка анда дос да, колдоочу да жок. Эгер ал өзү үчүн барынберип, кутулууну көздөсө, анысы да алынбайт. Булар өздөрү жасаган иш аркылуу азапталууга камалгандар. Алар үчүн кайнаган суу жана оорутуучу азап бар. Бул алардын каапыр болгондуктары үчүн.

71.

“Кантип эле Алла бизди Өзүнүн Түз Жолуна салгандан соң, бизге эч бир жардам да, эч бир зыянга да учурата албаган жана артыбызга (ширкке) кайтарылган, ошондой эле жерде шайтан алдап таң калып жүргөндө шериктери келгиле деп Туура Жолго чакырылган адамдар сыяктуу Алладан башкага сыйынабызбы?. Акыйкатта Алланын Жолу – Туура Жол. Ааламдардын Эгесине моюн сунууга буйрулганбыз.

72.

Намаз окугула жана андан корккула! Анткени силер Ага гана чогулуп барасыңар.

73.

Ал Асман менен Жерди чындык менен жараткан. Ал качан (каалап):”Бол!” дегенде, ал болуп калат. Анын Сөзү – Акыйкат. Сурнай тартылган Күндөбардык бийлик Ага таандык.Ал жашыруундарды жана ачыктарды да Билүүчү. Ал Даанышман, Кабардар.

74.

Ибрахим өзүнүн атасы Азарга мындай деди:”Чын эле сен буддарга кудай катары сыйынасыңбы? Аныгында мен сенин жана сенин элиңдин анык адашканын көрүп турам.

75.

Биз Ибрахимге ал ишенүүсү үчүн асман менен Жердин падышалыктарынкөргөздүк.

76.

Түн кирген кезде ал жаркылдаган жылдызды көрдү да: «Бул – менин кудайым»– деди. Ал (жылдыз) батып кеткенде, ал: «Өзгөрүп кетүүчүлөрдү сүйбөйм»– деди.

77.

Айды көргөн кезде: “Менин кудайым ушул” –деди. Ал да батып кеткенде:”Эгерде Эгем мени Туура Жолго салбаса мен да адашкан коомдун катарында боломун” – деп айтты.

78.

Чыгып келаткан Күндү көргөн кезде:”Менин кудайым ушул, Ал (баарынан) чоң” – деди. Ал да батып кеткенде: “Эй, менин элим! Силер шерик келтирип жаткандардан мен алысмын” – деп айтты.

79.

“Мен өзүмдүн жүзүмдү асман менен Жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошчуулардан эмесмин” – деди.

80.

Бирок анын коому ага каршы чыгып, жаңжалдашты. Ал:”Мени Туура Жолго салган Алла тууралуу мени менен талашкыңар келип жатабы? Эгемкаалаган нерседен Ага силер шерик кошуп жатканыңардан коркпоймун! Менин Эгемдинилими баардык нерселерди камтып алган. Эми эстебейсиңерби?”

81.

Антүүгө Ал (Алла) силерге далил түшүрбөсө да силер Аллага шерик кошуудан коркпой жатканыңарда кантип мен силердин Аллага кошуп жаткан шеригиңерден коркомун? Эгер билсеңер, эки топтун кайсынысы тынчтыка укуктуураак.

82.

Ким ыймандуу болуп, ошол ыйманын зулумдук менен аралаштырбаса, ошолор үчүн тынчтык болот. Алар – Туура Жол табуучулар.

83.

Ушулар Ибрахимдин элине берген Биздин далилдерибиз! Биз кимди кааласак анын даражаларын көтөрөбүз. Акыйкатта Эгең Даанышман жана Билүүчү!

84.

Биз аны Исхакка жана Жакыпка бердик жана аларды Биз Туура Жолго баштадык. А, ага чейин Биз Нухту жана анын тукумдарынан Даудду, Сулайманды, Айубту, Жусупту, Мусаны жана Харунду Түз Жолго салдык. Жакшылык кылуучуларды Биз ушинтип сыйлайбыз.

85.

Закарияга, Йахйага, Исага, Илйаска… Булардын баары жакшы иштерди жасоочулардан.

86.

Исмайылга, Алйасага, Йунуска жана Лутка. Биз булардын баарын (пайгамбарлык) менен ааламдарданулук кылдык.

87.

Биз алардын аталарынан, урпактарынан жана туугандарынан тандадык жана аларды Туура Жолго баштадык.

88.

Бул – Алланын Жолу. Ал Жол менен Өз пенделелеринин арасынан кимди кааласа алып барат. А эгерде алар Ага шерик кошушса, анда алардын кылгандары текке кетет.

89.

Алар – Биз Китеп, Даанышмандык жана пайгамбарлыкбергендер. Эгер аларга ишенишпесе, анда Биз алардычетке какпаган элге тапшырабыз.

90.

Алар– Алла Түз Жолго салгандар. Алардын Түз Жолун ээрчигин.”Мен силерден буга акы сурабайм. Бул– бүткүл ааламдарүчүн эскертме гана.

91.

Алар: “Алла бир да кишиге эч нерсе түшүргөн эмес” – деп сүйлөп жаткандар, Алланы таануу чегинде тааный албагандар. Адамдар үчүн Нур жана Туура Жолго баштоочу болгон, Мусага келген Китепти ким жөнөттү эле? Силер аны барактарга жазасыңар да, анын кээ бир бөлүгүн (гана) жарыя кылып, көбүн жашырасыңар . Силерөзүңөр да, силердин аталарыңар да билбегениңерди үйрөнгөнсүңөр . (Аны түшүргөн) Алла” – деп айт. Андан соң бузук нерселеринде жөн кой! Ойной беришсин.

92.

Биз түшүргөн Китеп – бул куттуу, өзүнүн алдыңкысынтастыктоочу Китеп. Сен шаарлардын энесинжана анын айланасындагыларды эскертүүң үчүн (түшүрдүк). Акыретке ишенгендер агада ишенишет. Алар намаздарын да дайыма окушат.

93.

Аллага жалган айткандан, же эч кандай жашыруун кабар келбесе деле,”Мага жашыруун кабар келди” – деп айтканданже “Мен деле Алла түшүргөндөй нерсени жакында түшүрөмүн” дегенден да адашкан адам барбы? Эгер сен (бул) заалимдерди өлүм алдында жан талашуусун көрсөң (өлүм) периштелер аларга кол созушуп:”Жаныңарды чыгаргыла! Силердин акыңар жок болуп туруп Аллага жалган айтканыңар жана анын аяттарына текеберденгениңер үчүн бүгүн силерге кордоочу азап болот!” – дешет.

94.

Силер бизге жалгыз-жалгызсилерди алгач ирет жараткан өңдүү болуп келесиңер. Биз силерге бергендердин баарынартыңарга калтырасыңар. Силер кулчулугуңарда (Кудайга) шерик кылып ойлоп жүргөн колдоочуңарды силер менен бирге көрө албайбыз. Силердин араңардагы байланыштар үзүлгөн жана силер ойлопжүргөн нерселер силерден жоголгон.

95.

Акыйкатта, Алла урукту жана данекти жарып – өндүрүүчү, өлүктөн тирүүнү чыгарат, тирүүдөн өлүктү чыгаруучу. Мына ушуларды Алла жасоочу. Анан кантип артка буруласыңар?

96.

Ал таңды аттыруучу жана түндү силерге эс алуучу орун кылды. Күндү жана айды силер эсеп кылууңар үчүн жаратты. Мунун баары Ызааттуу, Билүүчүнүн өлчөп койгондору.

97.

Ал силердин кургакта жана деңизде жол табууңарга силер үчүн жылдыздарды жаратты. Биз аяттарыбызды ой жүгүрткөн коомдор үчүн мына ушинтип баяндадык.

98.

Ал силерди бир жанданжаратты. (Силер үчүн жатынды) орун жана (атаңардын белин) жай.Чынында түшүнгөн коом үчүн аяттарыбызды баяндадык.

99.

Ал асмандан жамгыр жаадырат. Биз аны менен өсүмдүктөрдөн бардык нерсени чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктү, тизмектелген данды, курма дарагынын мөмөсүнүн чанагын жана (жалбырактарды) окшош, а мөмөлөрү окшош эмес жүзүмзарларды, зейтунду, анарды (өстүрөбүз). Алар бышып жетилип, түшүм бергенде мөмөсүнө карачы?! Акыйкатта, мунун баарында ыймандуулар үчүн белгилер бар.

100.

Аларды Ал (Алла) жараткан болсо да, алар Аллага жинди тең кылышат . Алар (мушриктер) түркөйлүк менен Ага (Аллага) «уулдарды» жана «кыздарды» таңуулашат. Алар сапаттап жаткан нерселерден (Алла) Аруу жана Жогору.

101.

(Ал) Асман менен Жердин жаратуучусу. Анын жары(жубайы) жок. Анан кайдан Анын баласы болсун?! Ал баарын жараткан жана баардык нерселерди Билүүчү!

102.

Бул Алла силердин Эгеңер. Андан башка кудай жок. Бардык нерселерди Жаратуучу! Ага гана табынгыла! Ал бардык нерсени Сактоочу!

103.

Аны көздөркөрө албайт. А, Ал болсо бардык көздөрдүкөрүп турат. Ал Жумшакжана Кабардар!

104.

Акыйкатта силердин Эгеңерден далилдер келди. Ким (акыйкатты) көрсө (анан ишенсе), ал өзү үчүн. Ал эми ким сокур болуп, (адашса), ал өзүнө зыян. Менсилерге көзөмөлчү эмесмин. Алар: «Сен окуп, үйрөнгөнсүң» – деп айтпоолору жана түшүнө турган элге түшүндүрүүбүз үчүн,

105.

Биз Өзүбүздүн аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.

106.

Сен Эгеңден келген (жашыруун) кабарларга гана эрчи! Андан башка кудай жок жана мушриктерден жүз үйүр!

107.

Эгер Алла кааласа, алар Аллага шерик кошо алмак эмес. Бирок, Биз сени аларга көзөмөлчү кылган эмеспиз жана сен аларга өкүлдагы эмессиң.

108.

Алладан башкаларга сыйынып жаткандарды тилдебе! Анткени алар да душмандык кылып, билбестиктен Алланы тилдеп коюшат. Анан алардын Эгесине кайтуу бар жана Ал аларга жасаган иштерин кабар берет.

109.

Алар эгер аят келсе: «Сөзсүз ишенээр элек» – дешип, Алланын аты менен ант ичишет. (Аларга:) «Албетте, аяттар Алланын алдында. Бирок аяттар келгенде да алардын ишенбей коюусун силер билбейсиңер!» – деп айт.

110.

Биз алардын жүрөктөрүн жана көздөрүн оодарып салганбыз. Анткени, алар алгачкы эле жолу ишенишкен эмес. Биз аларды өздөрүнүн адашуусунда экиленип жүрө турсун деп, жайына койобуз.

111.

Эгерде Биз аларга периштелерди жөнөтсөк, алар менен өлүктөр (тирилтилип) сүйлөшсө жана алардын алдына Биз бардык кереметтерибизди чогултсак да Алланын каалаганынан башка алар баары бир ишенишпейт. Бирок наадандардын көпчүлүгү муну түшүнүшпөйт.

112.

Биз ар бир элчиге адамдардан жана жиндерден шайтан душмандарды, бири-бирине сөз кооздоп, азгырсын үчүн жасадык. А. Эгер Эгең кааласа алар мындай кылышмак эмес. Аларды жана алардын ойлоп чыгарышкан жалганын жөн кой!

113.

Акыретке ишенбегендердин жүрөгү ага тартылуусу, алардын ыраазы болуусу жана жасаган нерселерин жасап жүрө берүүлөрү үчүн…

114.

Мен бул Китепти ачык баяндап, силерге жөнөткөн соң, Алладан башка бир өкүм кылуучуну издейминби? А, бул Китеп берилгендер анын Эгеңден чындык менен жөнөтүлгөдүгүнө ишенишет. Демек сен шектенүүчүлөрдөн болбогун!

115.

Сенин Эгеңдин Сөздөрү чындык жана адилеттүүлүк менен бүттү. Анын Сөздөрү өзгөртүлүүгө мүмкүн эмес. Ал – Угуучу, Көрүүчү!

116.

Эгер сен Жер үстүндөгүлөрдүн көбүнүн сөздөрүн уга берсең, алар сени Алланын Жолунан адаштырышат. Албетте алар өздөрүнүн гана күмөндөрүнө ээрчишет. Алар болгону жалганды гана чыгарышат.

117.

Албетте, сенин Эгең, Өзүнүн Жолунан адашып бараткандарды да, Туура Жолдо бараткандарды да билет.

118.

Эгер Анын аяттарына ишенсеңер, анда Алланын аты аталгандарды гана жегиле!

119.

Алланын аты аталгандарды жебегидей силерге эмне болду? Анткени мажбур болгон абалда, Ал силерге эмнелерди жешке тыйу салынганын ажыратып койгон. Көптөрү каалоолоруна азгырышып, илимсиздиктен башкаларды да Жолдон адаштырышат. Акыйкатта,Эгең чектен ашкандарды жакшы билет.

120.

Ачык да, жашыруун да күнөөлөрдү таштагыла! Албетте күнөө кылгандар ошол кылган күнөөсүнө жараша жазаланат.

121.

Алланын аты аталбагандарды жебегиле! Алар ыплас. Албетте шайтандар өз тарапкерлерин силер менен жаңжалдашууга азгырат. Эгер аларга баш ийсеңер, анда албетте мушриктерден болосуңар!

122.

Өлүк болгон кезинде, Биз аны тирилттик жана адамдар арасында жүрө турган бир нур бердик. Караңгылыкта жүргөн жана андан чыга албаган бирөө сымал. Ошондой эле каапырларга да өздөрүнүн иштери кооз көрүнөт.

123.

Ушинтип, Биз ар бир айылда амалкөйлүк кылуулары үчүн бузгунчулардын башчыларын жараттык. Бирок, алар өздөрүн-өздөрү алдашат да, өздөрү муну сезишпейт.

124.

Аларга аяттарыбыз келгенде: «Алланын элчилерине берилгендер бизге да берилмейинче, эч качан ишенбейбиз» – дешет. Алла Өз элчилигин кимге тапшырууну жакшы билет. Күнөө кылгандар Алланын алдында кор. Айлакерликтери үчүн Алладан катуу азапка дуушар болушат.

125.

Алла кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн исламга ачып коет. Ал эми кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн көккө көтөрүлүп бараткан адамдыкындай кылып кысылтып салат. Алла ишенгиси келбегендерди дал ушинтип жазалайт.

126.

Бул жол сенин Эгеңдин туура жолу. Чынында, Биздин аяттарыбыздан насаат алууну каалаган коомго ачык баяндадык.

127.

Алар үчүн тынчтык журту Эгесинин алдында. Алардын кылгандары үчүн – Ал алардын кам көрүүчүсү.

128.

Ал баарын жыйган Күнү (мындай дейт): “Эй жиндердин тобу! Силер өз айланаңарга көптөгөн элди топтодуңар.” А алардын адамдардан болгон достору:”Эгебиз!Биз бири-бирибизди пайдаландык. Бирок, азыр бизге Өзүң белгилеп койгон мөөнөт жетип келди” – дешет. (Ал айтат):”Силердин ордуңар тозок. Эгерде Алла башканы каалабаса, силер анда түбөлүккө каласыңар”. Акыйкатта, сенин Эгең Даанышман, Билүүчү

129.

Ушинтип, Биз заалимдерди алардын кылган иштери үчүн бир-бирине достоштурабыз.

130.

Эй жиндердин жана адамдардын топтору!Чын эле силерге Менин аяттарым жана ушул Күн тууралуу айтып эскерткен силердин өзүңөрдүн араңардан элчилер келген жок беле?” Алар:”Биз өзүбүзгө өзүбүз каршы күбөлүк беребиз” – дешет. Бул дүйнөнүн жашоосу аларды азгырып кеткен. Өздөрүнүн каапыр болгондуктары тууралууөздөрүнө каршы күбөлүк беришет.

131.

Эгең анын жашоочуларын эскертпей туруп, адилетсиз түрдө (бир да) калааныжок кылып салбайт.

132.

Ар бирин амалдарына жараша даражаларга коет, Эгең алардын кылып жаткан иштерин көңүл буруусуз калтырбайт.

133.

Эгең – бай, мээримдүүлүк ээси. Эгер Ал кааласа силерди жок кылат да, силерди башка коомдун урпагынан жараткандай эле, силерден кийин каалаганын алмаштырат. силерди башкалар менен алмаштырат.

134.

Акыйкатта силерге убада кылынгандарсөзсүз келүүчү. Силер эч нерсе кыла албайсыңар.

135.

Айт: “Эй менин элим! Каалаганыңарды кыла бергиле. Мен дагы кылам. Жакын арада силер жайдынакыбетин билесиңер. Заалимдерэч качан ийгиликке жета алышпайт”.

136.

Алар Алла үчүн Ал жараткан эгин-тегин жана малдарынан үлүш даярдашты жана мындай дешти:”Бул Алла үчүн, а бул – биздин кудайлар үчүн.” – деп эсептешти. Бирок, алардын кудайлары үчүн арналгандары Аллага жетпейт, а Алла үчүн арналгандар алардын кудайларына жетет. Алардын кылган өкүмдөрү кандай жаман.

137.

Алардын кудайлары мушриктерге аларды кыйроого алып баруу жана алардын динин чаташтыруу үчүн өз балдарын өлтүрүүнү кооз кылып көрсөттү. Эгер Алла кааласа, алар мындай кылышпас эле. Аларды жана алардын ойлоп тапкан жалгандарын жөн койо тур!

138.

Алар: “Бул малдар жана талаа арам. Биз каалагандардан башка эч ким алардан тамактанбоосу керек. Жонуарам кылынган да малдар бар. Алланын атыайтылбай турган да малдар бар”. Мунунсу жалаган. Жалаа жапканы үчүн жакында (Алла) алардын жазасын берет.

139.

Алар : “Бул малдын курсагындагылар эркектерибиз үчүн адал, аялдарыбыз үчүн арам, а эгерде өлүк туулса, анда бул баарыбыз үчүн. Ал алардын бул жалган сөздөрү үчүн жазасын берет. Акыйкатта, Ал Даанышман жана Билүүчү!

140.

Түшүнбөстүктөн наадандык кылып, балдарын өлтүргөндөр зыянга учурады. (Алар) Аллага жалаа жабышып, Алла ырыскы кылып аларга бергендерди арам дешти. Алар түз жолдон тайышты, Туура Жолдо болушпады.

141.

Ал жөлөтүлгөн жана жөлөтүлбөгөн бактарды, курма дарактарын, түрдүү даамдарыбарэгиндерди, зайтунду жана анарды, окшошжана окшош эместерди өстүргөн. Качан алар түшүм бергенде, алардан жегиле. Бирок, түшүм жыйноо учурунда анын бөлүгүнөналууга акысы барларга бергиле . Ысырап кылбагыла. Ал ысырапкылуучуларды сүйбөйт.

142.

Ал малдардан бир бөлүгүн оор жүктөрдү ташуу үчүн, калганын майда жандык кылды. Алланын силерге даярдап бергенинен жегиле! Шайтандын жолдору менен жүрбөгүлө. Акыйкатта, шайтан силерге анык душман.

143.

(Ал силер үчүн бул малдардан) сегиз жуп жаратты, эки жуп кой жана эки жуп эчки. Эми айт:”Ал силерге эки эркегин тыюу салдыбы же эки ургаачысынбы? Ага эки ургаачысынын курсагындагылар да кошулабы? Эгер чынчыл болсоңор билип жооп бергиле.

144.

Эки жуп төөдөн жана эки жуп уйдан. (Аларга) айт:”Алардын эки эркегин (арам кылдыбы) же эки ургаачысынбы? Ага эки ургаачысынын курсагындагыларды да кошулабы? Же силер Алла буларды буйруганда күбө болуп турдуңар беле? Билбесе да адамдарды адаштыруу үчүн Аллага жалаа жапкандан ашкан заалым ким? Акыйкатта, Алла заалым коомду туура жолго салбайт.

145.

“Мага билдирилгендерден мен тамак үчүн: өлгөн малдын эти, кан жана чочконун этинен башка арам кылынган нерсени таппадым, анткени булар чынында эле ыплас жана булганыч, жана Алладан башканын аты аталгандары (союлгандар дагы)” – деп айт. Ким аларга умтулбай жана Алланын тыюуларын бузууну каалабай, бирок аргасыз болуп калса , анда Эгең Кечиримдүү жана Мээримдүү.

146.

Биз иудейлер үчүн бардык ача туяктуу эместерди; уйлар менен койлордун майларын; алардын жонундагы, ичиндеги жана сөөгүндөгү майларынан башкаларын (жешке) тыюу салдык. Бул алардын чектен чыгуулары үчүн болгон жаза. Анткени Биз чындыкты айтуучубуз.

147.

Алар сени жалганга чыгарышса, айткын: “Эгеңер мээримдүүлүктүн ээси, бирок Анын жазасы күнөөлүү элден кайтарылбайт”.

148.

Аллага шерик кошкондор: “Эгер Алла кааласа, биз да, аталарыбыз да шерик кошпойт элек жана эч кандай тыюу салуулар болбойт эле” – дешет. Биздин жазабызды татканча, аларга чейинкилер да мына ушинтип жалганга чыгарышкан.”Эгерде ал жөнүндө силерде илим болсо, аны бизге көргөзгүлө. Божомолдоолордугана ээрчийсиңер. Силер жалганчысыңар”

149.

Аллада жетиштүү далилдер бар.Эгерде Ал кылууну кааласа, анда баарыңарды туура жолдо алып барар эле.

150.

Айт : “Алла буларды тыюу салган деп күбөлүк бере турган күбөлөрүңөрдү алып келгиле”! Эгер алар күбөлүк беришсе да, сен алар менен бирге күбөлүк бербе! Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып, акыретке ишенбегендердин жана Эгесине шерик кошкондордун каалоолоруна эрчибе ээрчибе!

151.

Айт: “Келгиле, мен силерге Эгеңердин арам кылганын окуюн:”Ага шерик кошпогула; ата-энеңерди урматтагыла; кедейчилик себептүү өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө, Биз аларды да, силерди да ырыскыландырабыз; ачык да, жашыруун да бузукулукиштерге жакындабагыла; Алла (өлтүрүүнү) тыюу салган жанды , өлтүрбөгүлө! Силер ойлонууңар үчүн, Ал силерге мына ушуларды насаат кылат”.

152.

Жашы жетилгенге чейин, жашоосун оңдоо үчүн гана болбосо, жетимдин мал-мүлкүнө жакындабагыла. Чен-өлчөмдү жана таразаны туура алгыла! Биз жанга ал көтөрө алчудан артыкты жүктөбөйбүз. Жакындарыңар болсо да адилдикти айткыла! Алланын алдындагы милдетиңерди аткаргыла. Силер эстеп турууңар үчүн, Алла ушуну насаат кылат!

153.

Шексиз, бул Менин туура жолум, эми аны менен гана жүргүлө; башка жолдор менен жүрбөгүлө, алар силерди Анын жолунан чыгарып салат. Силер такыба болууңар үчүн, Ал силерге ушуну насаат кылат.

154.

Андан соң, Биз Мусага жакшылыктарды толук орундатканга, ар бир нерсени баян кылуу үчүн, Туура Жол көрсөтүү жана ырайымы үчүн Китеп бердик. Мүмүкүн алар Эгесине жолугарына ыйман келтиришээр.

155.

Бул Биз түшүргөн куттуу Китеп . Аны ээрчигиле жана такыба болгула. Мүмкүн Мээримге бөлөнөөрсүңөр.

156.

“Акыйкатта, бизге чейинки эки элгегана Китеп түшүрүлгөн, биз болсо аны кандай түшүнүүнү билген эмеспиз” – деп силер айтпооңор үчүн;

157.

Же болбосо: “Эгер бизге Китептүшүрүлгөндө, биз алардан да туурараак жол менен барар элек деп айтпооңор үчүн (түшүрдүк).Азыр силерге Эгеңерден ачык-айкын аяттар, туура жолду көргөзүүчү жана мээримдүүлүк келди. Алланын аяттарын жалганга чыгаргандан жана андан жүз үйрүгөндөн ашык заалимирээк ким бар? Аяттарыбыздан баш тарткандарды баш тартуулары себептүү жаман азап менен азаптайбыз!

158.

Алар өздөрүнө периштелер келерин, же Эгеңдин буйругу келерин, же Эгеңден кай бир белгилердин келерин гана күтүшөбү? Эгеңден белгилердин кээ бири келген күнү, мурда ыйман келтирбеген же ыйманы боюнча жакшылыктарды өзүнө таап албаган бирөөнүн ишенимианын жанына эч пайда бербейт.”Күткүлө, биз да күтөлү” – деп, айт.

159.

Өздөрүнүн дининде бөлүнүп-жарылып, топторго айрылгандарга сенин тиешең жок. Акыйкатта, алар жөнүндө Алла чечим кылат. Ошондо Ал силер эмне кылганыңардан кабар берет.

160.

Ким бир жакшылык кылса, ага андайдан он эсе бар. Ким бир жамандык кылса, ага ошондой гана жаза берилет. Алар зулум кылынбайт.

161.

Акыйкатта, Эгем мени туура жолго, Ибрахимдин таза, түз динине салды. Ал шерик кошуучуларданболгон эмес.

162.

“Менин намазым да, курбандыгым да, жашоом да, өлүмүм да ааламдардын Эгеси Алла үчүн– деп айт.

163.

Анын шериги жок. Бул мага буйрук кылынган жана мен Агабаш ийгендердин биринчисимин.”

164.

Айт: “Ал бардык нерсенин Эгеси болгон соң, мен Алладан башка бирөөнү издейинби? Ар бир жандын кылганы өзүнө. Эч ким башка бирөөнүн жүгүнкөтөрбөйт. Андан соң Эгеңерге кайтуу бар. Ошондо Ал өз ара талашканыңар тууралуу силерге билдирет.

165.

Ал силерди жер үстүнө орун басар кылган. Силерди берген нерселери менен силерди сыноо үчүн даражаларда бириңерди бириңерден жогору көтөрдү. Акыйкатта, Эгең жаза берүүдө өтө тез. Албетте Ал Кечирүүчү жана Мээримдүү.