69. Аль-Хаакат

1.

Акыйкатталуучу!

2.

“Акыйкатталуучу” деген эмне?

3.

“Акыйкатталуучунун” эмне экенин кайдан билмексиң.

4.

…Самуд эли менен Аад эли Кыяматты жалганга чыгарышкан.

5.

Самуд эли чектен ашканы үчүн катуу үн менен жок кылынды.

6.

Ал эми Аад эли болсо бороондуу шамал менен кыйратылды.

7.

Алла аларды үзгүлтүксүз бороонго жети түн, сегиз күн моюн сундуруп койду. Ошондо сен (алардын) көңдөй курма дарагынын сөңгөктөрү сымал сулап калышканын көрмөксүң.

8.

Сен алардан ман калганын көрө алар бекенсиң?

9.

Фараон, андан мурдакыларжана кырсыкка кабылган шаарларда күнөөгө батышкан.

10.

Алар өздөрүнүн Эгесинин элчисине моюн сунбагандыктан Алла аларды каардуу жазага кириптер кылды.

11.

Суу ташкындаган кезде Биз силерди кемедекөтөрүп койдук.

12.

Ал окуяны эскертүү катары сактоочу кулактаргаугузуп сактап койдук.

13.

Сурнай бир жолу чалынганда;

14.

жер жана тоолор көтөрүлүп туруп бир сокку менен талкаланганда…

15.

Ошол Күнү Кыямат Кайым болот

16.

Асман жарылат. Анткени ал ошол Күнү күчсүз болот.

17.

Ал Күнү сегиз периште Эгеңдин Аршын өз үстүлөрүнө көтөрүп, асмандын ар тарабында периштелер (болот)

18.

Ошол Күнүкелесиңер жана силер эч бир сырыңарды жашыра албайсыңар.

19.

Мына, кимдин китебиоң колуна берилсе, ал: “Мына, менин китебимди окугула!”деп айтат.

20.

Чындыгында мен сөзсүз эсеп-кысабыма жолугамын деп ойлогонмун.

21.

Ал ыраазы болгон жашоодо (болот)

22.

бийик бакчада.

23.

жемиштери салаңдап турат.

24.

Өткөн күндөрдө калтырган жакшылыктарыңар үчүн “жегиле,ичкиле, (тамагыңар) таттуу болсун!”

25.

Ал эми кимге китебисол тарабынан берилсе, ал: “Аттиң, китебим мага берилбей эле койсочу!”- дейт.

26.

“Мен эсеп-кысабымдыбилбей эле койсомчу!

27.

Аттиң, ушул бүтүүчү болуп калсачы!

28.

Мага байлыгым да жардам бербеди.

29.

Далилим да кыйроого учурады!”

30.

“Аны кармап байлагыла!

31.

анан Тозокко таштагыла!

32.

Узундугу жетимиш зираачынжыр менен таңгыла!

33.

Албетте, ал Улуу Аллага ишенген эмес!

34.

Жакырларга тамак берүүгө үндөгөн эмес!”

35.

Анын бүгүн арачалап калаар жакыны жок

36.

Ириңден башка тамак да жок

37.

Аны күнөөкөрлөр гана жейт.

38.

Силер көрүп турган нерселер менен ант ичем!

39.

Жана силер көрбөгөн нерселер менен да!

40.

Ал – улук элчинин сөзү

41.

Ал– акындын сөзү эмес! Силердин ишенгендериңер өтө эле аз!

42.

Ал– көзү ачыктын да сөзү эмес. Силер абдан эле аз эстейсиңер!

43.

Ал – Ааламдардын Эгесинен түшүрүлгөн.

44.

Эгер ал кээ бир сөздөрдү Биздин атыбыздан кошуп айтканда,

45.

биз ага кудуретибизди көрсөтмөкпүз.

46.

Анан жүрөккө кеткен кантамырынкесип салмакпыз.

47.

Силердин эч кимиңер анданкоргоно албайсыңар!

48.

Ал– такыбаларга эскертүү.

49.

Чындыгында, Биз силердин араңардажалганчылар бар экенин (да) анык билебиз.

50.

Акыйкатта, ал – каапырлар үчүн өкүнүч.

51.

Акыйкатта, ал–шексиз Чындык!

52.

Улуу Эгеңдин ысмын аруула!