68. Аль-Калам

1.

Нуун . Калемге жана анын жазгандарына ант!

2.

CенАлланын жакшылыгындасың , жинди эмессиң.

3.

Албетте, сага түгөнбөгөн сыйлык бар.

4.

Сен – улуу кулк-мүнөз ээсисиң.

5.

Жакында сен да көрөсүң, алар да көрүшөт:

6.

силердин кимиңер жинди экениңерди.

7.

Чындыгында, сенин Эгең ким Анын жолунан адашкандыгын Билүчүрөөк жана ким туура жолдо экенин да Билүүчүрөөк.

8.

Жалганчыларга башыңды ийбе.

9.

Сен аларга ыктап (муюп), айткандарына көнүп, анан алар сага ыктаганды каалашат.

10.

Ар кандай кордолгон касамкорго моюн сунба;

11.

ушактаратып жүрүүчүлөргө (да);

12.

жакшылыкты тыйып, чектен ашкан күнөөкөргө (да);

13.

ошондой эле, орой, тексизге(да);

14.

Анткени ал байлык жана бала-чака ээси болгон эле.

15.

Ага Биздин аяттарыбыз окулган кезде алар:Байыркылардын жомогу” – дешти.

16.

Жакында анын тумшугуна белгисалабыз.

17.

Биз бак ээлерин сынаганыбыздай, чындыгында, аларды да сынадык. Алар “эртең эртелеп бактын түшүмүн жыйнайбыз” деп ант ичишкен.

18.

Алар “Кудай кааласа” деп айтышпады.

19.

Алар уктап жатканда, Эгең тарабынан (жиберилген) бир айлануучу бакты айланды…

20.

Баккыйылгандай кейипке келди…

21.

Эртең менен бир-бирин чакырышты:

22.

“Түшүм жыйнагыңар келсе, талааңарга (эртелеп) чыккыла!” – деп.

23.

Алар өз ара шыбырашып жөнөштү:

24.

“Бүгүн силердин үстүңөргө кедей келип калбасын!”

25.

Алар таң эртең менен шайма-шай жолго чыгышты.

26.

Бакты көргөн кезде: “Биз, чынында, адашыппыз!” – дешти. –

27.

Жок! Биз кур калдык!”

28.

Алардын жакшыраагы: “Мен силерге тасбих айткыла” – деп айтпадым беле!?” – деди.

29.

Алар айтышты: “Аруулук – Эгебизге! Албетте, биз чынддап адаштык!”.

30.

Алар бири-бирине бет алып,жемелей башташты.

31.

Айтышты: “Аттиң, биз чектен ашкандардан болуптурбуз.

32.

Балким Эгебиз бизге андан жакшыраагын алмаштырып берээр. Анткени биз Эгебизге умтулуучубуз да”.

33.

Мына ушундай азап!Бирок, эгер алар билишсе, Акыреттин азабы андан да чоңураак.

34.

Чындыгында, такыбалар үчүн Эгесинин алдында жыргалдуу бакчалар (бар).

35.

Мусулмандарды күнөөкөрлөрсыяктуу кылабызбы?

36.

(Эй, каапырлар,) силерге эмне болду? Кандайча өкүм кыласыңар?

37.

Силер таалим ала турган китебиңер барбы?

38.

Ал китепте силер тандаганыңар (убада кылынганбы)?

39.

Же Биз менен Кыяматка чейин келишимиңер барбы? Албетте, өзүңөр чыгарган өкүмүңөр – өзүңөргө гана!

40.

Алардан сура : Алардын буга кимиси жоопттуу?

41.

Же алардын шериктери бар бекен? Эгер алар чын сүйлөшсө, анда ошол шериктерин алып келишсин!

42.

Кыямат Күнү, Алланын алдында алардын такымыачылып, сеждеге чакырылат, ага жетпейкалат.

43.

Көздөрү корркон, өздөрү кордолгон (абалда калышат). Акыйкатта, алар сак-саламат жүргөн кезде , сежде кылууга чакырылган болчу.

44.

Ушул Сөздүжалган дегендерди мага кой! Биз жакында аларды өздөрү билбегентарабынан акырындап тутабыз.

45.

Мен аларга мөөнөтберемин: Чындыгында Менин айлакерлигим абдан күчтүү.

46.

Же сен алардан акы сурап, алар оор зыянга учурадыбы?

47.

Же алардын алдында жазып алчу кайып барбы?

48.

Эгеңдин өкүмүнө сабыр кыл да, кит ээсинеокшобо. Ал түйшүккө батып , (Мага) жалбарган.

49.

Эгер ага Эгеңдин ырайымы болбогондо, ал, кордолгон абалда талаага ыргытылмак.

50.

Ошентип, аны Эгеси Өзү тандап ,жакшылардан кылды.

51.

Каапырлар Куранды тыңдаган кезде алар көздөрү менен атып, жыга жаздашат. Жана алар:”Ал– анык жинди” дешет.

52.

Бултек гана – ааламдарга эскертүү!