67. Аль-Мулк

1.

Колунда Бийлиги баргаАруулук! Ал ар бир ишке Кудуреттүү.

2.

(Ал) силердин кимиңер жакшы амалдарды кылаарыңарды аныктоо үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан. Ал абдан Ызаттуу жана Кечиримдүү!

3.

Ал жети кабат асманды как-кат кылып жараткан. Мээримдүүнүнжаратуусунда эч бир иретсиздикти көрө албайсың! Кайра-кайракөз чаптырсаң да кынтык көрө албайсың!

4.

Дагы да эки мертебе көз салчы: Көз карашың чарчап, кор болуп кайра өзүңө кайтат.

5.

Чындыгында, дүйнө асманын чырактарменен кооздодук. Биз ал чырактарды шайтандарды уруучу кылып жараттык. Жана Биз аларүчүн жалындаган азап даярдап койдук.

6.

Эгесине каршы чыккандарга– Тозок азабы бар! Алардын келечегикандай жаман!

7.

Тозокко ыргытылган кезде аларТозоктун кайнап жаткан үнүн угушат.

8.

Ачуусуакыркы чегине жетип,топ-топ кылып агаыргытылган сайын Тозоктун кайтаруучулары алардан:”Силерге эскертүүчү келбеди беле?!” деп сурашат.

9.

Алар: “Ооба, бизге чындыгында, эскертүүчү келген, бирок биз алардын сөзүн жалганга чыгарып:”Алла эч нерсе түшүргөн эмес. А силерабдан чоң адашуудасыңар” – дегенбиз” ¬– деп айтышат.

10.

“О, эгерде биз алардын сөзүнө кулак салып, акылгакелгенибизде, анда биз азыр Тозок ээлеринен болбойт элек!”

11.

Ошондо алар күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозок ээлери алыс болсун !

12.

Кайыптан , Эгелеринен коркушкандаргакечирим жана чоң сыйлык (бар).

13.

Сөздөрүңөрдү ачык же купуя айтсаңар да, чындыгында, Ал жүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү.

14.

Алла өзүнүн жараткандарын билбейби?! Ал – Кылдатжана Кабардар.

15.

Ал – жерди силерге моюн сундуруп койду. Силер анынчар тарабында басып, Анын ырыскысынан жегиле. Кайтуу– Ага.

16.

Жер титиреген кезде Асмандагысилерди жер менен кошо көмкөрүп салса аман калабыз деп ойлойсуңарбы?

17.

Же Асмандагысилердин үстүңөргө таш жөнөтүүсүнөн сестенбейсиңерби? Жакында Менин эскертүүм кандай экендигинбилесиңер!

18.

Чындыгында, силерден мурдакылар да жалганга чыгарышкан . Эми Менин чануум кандай оор болоор экен?!

19.

Үстүлөрүндө катарлашып, канаттарын жайып учкан чымчыктарды көрүшпөдүбү?! Аларды жалгыз ганаМээримдүү кармап турат. Чындыгында Ал ар бир нерсени Көрүүчү!

20.

Мээримдүүдөнартык силерди жеңишке жеткирүүчү аскер ким ? Каапырлар жалаң алданууда!

21.

Ырыскысын тыйып койсо, силерге башка ырыскы берүүчү ким?Жок! Аларбалким моюн жоондук кылып, жийиркенип кашаюуда.

22.

Жүзүн жер каратып баскан туура жолдобу жетуура жолдобасканбы?

23.

Айткын: “Ал силерди жоктон бар кылып, силерге угуу, көрүү жана туюуну жаратты. Силер аз шүгүр кылып жатасыңар!

24.

Айткын: “Ал силерди жерге таратты, жана Агачогуласыңар!”.

25.

Алар: “Эгер силер чынчыл болсоңор, ал убадакачан келет?” – деп айтышат.

26.

Айткын: “Албете, аны билүүАллага гана таандык. Мен бар болгону ачык эскертүүчүмүн”.

27.

Алараны жакынданкөргөн кездежүздөрү карарып бузулат жана аларга:”Мына силердин тилегениңер !” – деп айтылат.

28.

Айткын: “Силер билесиңерби: Эгер Алла мени жана мени менен бирге болгондорду жок кылсаже бизге ырайым кылса, анда каапырларды оорутуучу азаптан ким куткарат?

29.

Айткын: “Ал – Мээримдүү, биз Ага ыйман келтирдик, Ага гана тобокел кылдык. Жакын арада ким анык адашууда экенин билесиңер!

30.

(Аларга): “Айткылачы, эгерде силердин сууңар куруп калса, ким силерге аккан суу келтирет?- деп айткын.