66. Ат-Тахрим

1.

Эй пайгамбар! Сен эмне үчүн өзүңдүн аялдарыңын көңүлүнө карап Алла сага адал кылып берген нерселерге тыюу саласың? А Алла кечиримдүү, боорукер.

2.

Алла силердин берип койгон ант-убадаңарды бузууга буйрат. Ал силердин кожоюнуңар, Ал Билүүчү жана Акылман!

3.

Пайгамбар өз аялдарынын бирөөнө сыр айтканда, ал аны башка бирөөгө айтып койгон эле. Бул тууралуу Алла ага билгизген болучу. Пайгамбар(ал айтылган кабардын) кээсин (дагы бир аялына) айтып, кээсин болсо айтпай койгон. Ал качан бул тууралуу аялына кабарлаган кезде ал (аялы): “Муну сага ким айтты?” – деп сурады. Ал: “Баарын билүүчү, Кабардар(мунун баарын) кабарлаган” – деди.

4.

Экөөңөр тооба келтирип алсаңар. (Анткени) чынында эле силердин жүрөгүңөр байыгандай болду.А бирок силер экөөңөр ага каршы болсоңор, анда Алла Өзү ага жардамчы. Андан соңагаЖебреил да, жакшы момундар да, периштелер да пайгамбарга жардамчы.

5.

(Эгер пайгамбар) силердиталак кылса, анда балким анын Эгеси ага силерден жакшыраак мусулман, момун, кулчулук өтөөчү, тообо кылуучу, моюн сунуучу, орозо тутуучу аял-кыздарды алмаштыраар.

6.

Эй момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар жана таштар (болгон) тозоктон сактагыла! Анын үстүндө таш боор* жана каардуу периштелер болот. Алар Алланын буйругуна эч каршы болушпайт жана өздөрүнө буйрулган нерселерин кынтыксыз орундатышат.

7.

Эй каапырлар! Бүгүн силер шылтоо издебегиле. Андыктан жасаган амалыңарга жараша жазаланасыңар.

8.

Эй ыймандуулар! Аллага чыныгы тооба кылгыла! Балким Эгеңер күнөөңөрдү кечирип силерди астынан дарыя агып турган бейиш бактарына киргизээр. Ошол Күндө Алла пайгамбарды жана аны менен бирге ыймандууларды кейитпейт. Алардын нурлары алдыларында да, оң тарабында да кошо жүрөт. Ошондо алар:”Эгебиз! Биздин нурларыбызды толукта жана бизди кечиргин. Анткени Сен бардык нерсеге Кудреттүүсүң – деп айтышат.

9.

Эй пайгамбар! Каапырлар жана эки жүздүүлөр менен күрөшкүн жана аларга бекем тур. Алардын (баруучу) жайы Тозок жана ал кандай жаман.

10.

Алла каапырларга Нухтун аялын жана Луттун аялын мисалга келтирди. Алардын экөөсү тең Биздин жакшы пенделерибизден эки пенденин никесинде болчу. Экөө тең кыянаттык кылышканда экөөсүаларды Алланын азабынан куткара алышпады жана аларга:”Тозокко кирүүчүлөр менен бирге киргиле”- делди.

11.

Алла момундарга Фараондун аялын мисал катары келтирди. Ал (аял):”Эгем! Өзүң мага Бейишиңден үй тургуз жана менин Фараондон жана анын иштеринен, ошондой эле заалим коомдон куткар”- деди.

12.

Имрандын кызы Марийам өз абийиринтаза сактады жана Биз ага Өз рухубузданүйлөдүк. Ал өз Эгесинин сөздөрүн жана китептерин тастыктап, анан моюн сунуучулардан болду.