65. Ат-Талак

1.

Эй пайгамбар! Силераялдарыңарды талаккылсаңар алардын белгилүү мөөнөтүндө талак кылгыла жана мөөнөттү так эсептегиле жана Эгеңер Алладан корккула. Аларды өз үйлөрүнөн кууп чыгарбагыла. Алар ачык-айкын бузукужасамайынча үйлөрүнөн чыгышпасын. Алланын чектери. Кимде-ким Алланын чектеринен чыкса, албетте ал өз жанына зулум кылганы. Мүмкүн Алла тигинден соң бир иш пайда кылаар. (Аны) сен билбейсиң да.

2.

Белгиленген мөөнөтү аяктаган кезде аларды (аялды) жакшы-кооз абалда артка кайтарып алгылаже жакшы-кооз абалда ажырашкыла. Жана да араңардан эки адилеттүүнүкүбө кылгыла жана күбөнү Алла үчүн өтөгүлө! Мындан Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенгендер үлгү алат. Ким Алладан корксо, ага чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

3.

Жана да аны эч күтпөгөн тараптан ырыскылантат. А кимде-ким Аллага тобокел кылса, Ал өзү ага жетиштүү. Анткени Алла Өз ишин Жеткирүүчү. Ар бир нерсеге чегин жасаган.

4.

Этек кирден үмүт үзгөн (хайызы карылык себептен токтогон) аялдарыңардан шектенсеңер, анда (“идда” – күтүү) мөөнөтү үч ай. Ал эми этек кир көрбөгөндөрдүнмөөнөтү да ушундай эле. А кош бойлуу аялдардын мөөнөтү болсо, жүктөрүн койгонгочейин. Ким Алладан корксо, Ал анын иштерин жеңил кылып коет.

5.

Алланын силерге түшүргөн буйруктары мына ушундай. Кимде-ким Алладан корксо Ал анын күнөөлөрүн кечет жана сыйлыктарын чоң кылат.

6.

Алардыөзүңөр жашаган үйдө колуңардын келишинче жашаткыла жана аларды үйдөн чыгаруу үчүн кысымга албагыла. Эгер алардын боюнда бар болсо, алар төрөгөнгө чейин аны камсыздап тургула. А эгер алар силердин балдарыңарды эмизсе, аларга акысын төлөп бергиле жана алар менен жакшылыкча кеңешип-сүйлөшкүлө. А эгер сүйлөшүүдө кыйынчылыктар болсо, анда балдарды башка аял эмизсин.

7.

Бай адам байлыгына жараша жардам берип турсун; ал эми кимдин ырыскысы (байлыгы) чектелүү болсо, анда ал Алланын ага бергенине жараша сарптасын. Алла өзү белгилегенден артык бир да жанды башка нерсеге буюрбайт, жакында Алла кыйынчылыктан соң жеңилдик берет.

8.

Канчалаган шаар-кыштактарКудайдын жана Анын пайгамбарынын буйругандарынан жүз үйрүп, баш тартышты. Ошол себептен Биз аларга эсеп-кысапты катуу жүргүзүп, аларды оор жазага тарттык.

9.

Ошондо алар өздөрүнүн кылып келген бузуку иштеринин натыйжасында оор жазаны татышты жана ал иштеринин жыйынтыгы ойрон болду.

10.

Алла алар үчүн катуу азап даярдап койгон. Ошондуктан Алладан корккула, эй акыл ээлери! Албетте Алла силерге эскертметүшүрдү.

11.

Ал ыйманга келген жана жакшылык иш кылгандарды караңгылыктан жарык нурга чыгаруу үчүн силерге Алланын ачык-айкын аяттарын окуп берүүчү элчини жөнөттү. Анан да кимдер Аллага ишенсе, жакшылык иштерди кылса, аларды алдынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргизетжана алар анда түбөлүктө ар дайым болушат. Чынында Алла аларга эң жакшы ырыскы даярдап койгон.

12.

Ал Алла – жетиасманды жана ошондой элежерди да жаратып койгон. Силер Алланын бардык нерсеге кудуреттүү экендигин жана Ал өзүнүн илими менен баарын камтып турарын билүүңөр үчүн Анын буйруктары алардынортосунда түшүп турат.