64. Ат-Тагаабун

1.

Асмандагы жана Жердегилердин баары Алланы аруулашат. Ээлик-падышалык жана мактоо Аллага гана! Ал бардык нерсеге кудурети жетүүчү.

2.

Ал силерди жаратты; силердин араңарда каапырлар да, момундар да бар жана Алла силердин эмне кылганыңарды көрүп туруучу.

3.

Ал Асман менен Жерди накталап жаратты жана силердин келбетиңерди жаратты. Кайтып баруу да Ага гана.

4.

Ал Асман менен Жердеги нерселерди билет жана да силердин жарыя кылганыңарды да, жашыруун кылганыңарды да . Алла жүрөктөгүлөрдүбилүүчү.

5.

Силерге мурункукаапырлардын кабары келген жокпу?!Алар жасаган иштерининжазасын тартышкан. Алар үчүн оорутуучу азап бар.

6.

Мунун себеби : аларга пайгамбарлар ачык-айкын далилдер менен келгенде алар :”Бизге туура жолду адамзат көргөзмөкчүбү?!” – дешип, каапыр бойдон кала беришти жана жүз үйрө терс бурулушту. Алла эч муктажэмес. Алла байжана мактоого татыктуу.

7.

Каапырлар өлгөндөн кийин кайрадан тирилүү жок депталашкан. Аларга айт: “Андай эмес. Эгем менен ант ичем: Силер кайрадантирилесиңер. Андан соң силерге эмне кылганыңар тууралуу кабар берилет жана дабул иш Алла үчүн жепжеңил.”

8.

Аллага, Анын элчисине жана да Биз түшүргөн Нургаишенгиле! Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.

9.

Силердин баарыңарды Зор Жыйналыш Күнүүчүн чогултат, ал өз ара тартышуу жана алдануу күнү болот. Ким Аллага ишенсе жана жакшылык иштер кылса (Алла) анын күнөөлөрүн кечирет жана аларды астынан дайралар агып турган Бейиш бактарына киргизет. Алар анда түбөлүккө калышат. Бул өзү зор ийгилик.

10.

Ишенбестен каапыр болуп Биздин аяттарыбыздыжалган дегендерАлар тозок ээлери жана анда түбөлүккө калышат. (Ал)кандай жаман кайтуучу жер.

11.

Алланын уруксатысыз эч кандай кырсык-кайгы жетпейт. Ким Аллага ишенсе, анын жүрөгүн тууралыкка багыттап коет. Алла бардык нерселерди билүүчү.

12.

Аллага моюн сунгула жана Анын элчисине баш ийгиле! А эгер моюн толгоп, баш тартсаңар… Элчинин милдети тек гана силерге так жеткирип коюу эле.

13.

Алла (өзү гана). Андан башка эч кудай жок. Момундар Аллага гана тобокелкылышсын!

14.

Эй момундар! Силердин аялдарыңар жана балдарыңардын арасында силерге душман болуп чыгуучулар бар, алардан этият болгула! Бирок жумшактык кылып, байкамаксан болуп, аларды кечирсеңер, акыйкатта Алла да Кечиримдүү, боорукер.

15.

Силердин балдарыңар жана мал-дүнүйөңөр, ал – азгырык-сыноо гана, а Алланын кашында улуу сыйлыктар бар.

16.

Алыңар келишинче Алладан корккула, кулак салгыла, моюн сунгула жана кайрымдуулуккылгыла! Ким өз жанын сараңдыктан куткарса, алардын ийгиликке жеткени.

17.

Эгер силер Аллага көбүрөөк – жакшы карызберсеңер, Ал силерге көбөйтүп берет жана күнөөңөрдү кечирет. Алла шүгүр Ээси жана абдан жумшак.

18.

Ал жашыруундарды да жана ачык-айкындарды да билип турат, (Ал) ызаттуу, даанышман!