62. Аль-Жумуа

1.

Асмандар жана Жердегилердин баары Падыша, Ардуу, Кудуреттүү, Даанышмандык ээси болгон Алланы аруулашат.

2.

Ал (Алла) караңгы элгеалардын өздөрүнүн эле ичинен Пайгамбар жиберди, ал тигилерге Анын аяттарын окуп берет, аларды тазалайт, окууга жана акылман даңкка үйрөтөт: алар бир аз эле мурда анык адашкан караңгы (эл) болушса деле,

3.

Жана алардын арасындагы тигилерге алигече кошула элек башкаларга дагы . Ал Кудуреттүү, Даанышман.

4.

Ал Алланын ырайым-мээримдүүлүгү. Ал аны каалаганына (бендесине) берет. Анткени Ал Улуу Ырайым ээси.

5.

Тооратберилип, анан ага амал кылбай койгондордун мисалы китептерди көтөрүп жүргөн эшектерсымал. Алланын аяттарын жалган дегендер кандай жаман коом. Алла адашкан элди туура жолго салбайт.

6.

(Мухамед!): “Эй яхудийлер!Эгер силер өзүңөрдү башка элдердин арасынан биз гана Аллага жакынбыз деп билсеңер анда (өзүңөргө) өлүмдү каалагыла! Эгер силер чын болсоңор”, – деп айт.

7.

Алар өз колдору менен кылган иштерининсебебинен эч убакта (өлүмдү) тилей алышпайт. Алла адашкандарды билүүчү.

8.

“Силер кутулуу үчүн качып жаткан өлүм силерге жолугат . Андан соң силер жашыруундарды да жана ачыктарды да Билүүчүгө кайра кайтарыласыңар, ошондо Ал кылыгыңарды өзүңөргө кабарлайт.

9.

Эй ыймандуулар! Жума күнү жума намазга азан айтылса, Алланы эскерүүгөшашылгыла. Бардык соода-сатык ишиңерди токтоткула! Эгер билген болсоңор бул силер үчүн эң жакшы!

10.

Качан намаз аяктаса жер бетинетаралгыла жана Алланын ырайымын издегиле, жана да Алланы көбүрөөк эстегиле; мүмкүн ийгиликке жетесиңер.

11.

А алар соода-сатыкты же (көңүл ачуучу) оюн-зоокту көрөр замат сенин үгүт-насаатыңды таштап, баары ал тарапка жөнөшөт. (Аларга):”Оюн-зоок жана соодадан көрө Алланын алдындагылар жакшы,Алла ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысы” деп айт.