61. Ас-Сафф

1.

Алланы Асманда жана Жердегилердин баары Аруулады. Ал ызаттуу жана даанышман.

2.

Эй момундар! Силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар?

3.

Алланын алдында, өзүңөр кылбаган нерсени айтканыңар өтө жек көрөрлүк!

4.

Акыйкатта, Алла Анын жолунда, бекем дубал өңдүү катар – тыгыз туруп, салгылашкандарды жакшы көрөт.

5.

Муса өз элине мындай деди: “Эй коомум! Силер эмне себептен мени Алла жиберген элчи экенимди билип туруп мага зыян берип, ыза кыласыңар?” Аларчеттеген кезде Алла алардын жүрөгүн туура жолдон адаштырды. Алла адашкан бузукуларды туура жолго салбайт.

6.

Марьямуулу Ыйса : “Эй Исраил уулдары!Мен силерге мага чейин жөнөтүлгөн Тооратта айтылгандардын чындыктыгын тастыктоо жана менден кийин келе турган Ахмад аттууэлчи тууралуу сүйүнүчтүү кабарды угузуу үчүн жиберилген Алланын элчисимин. Качан алайкын далилдер менен келген кезде алар:”Бул – анык сыйкыр” дешти.

7.

Аны исламга чакырып жатканда жалганга чыгарганданда ашкан кандай адашкан неме болсун?! Алла адашкан коомду туура жолго салбайт.

8.

Алар Алланын Нурунөздөрүнүн оозуменен үйлөп өчүрүп коюуну каалашат, бирок Алла каапырлар жаман көрүшсө да өз нурунтолуктай берет.

9.

Ал (Алла) силерге туура жол жана акыйкат дин менен башка диндерден жогору болуу үчүн мушриктер жаман көрсө да өз элчисин жиберди.

10.

Эй ыймандуулар! Силерге өзүңөрдү катуу азаптан куткара турган соодалашууну көргөзөйүнбү?

11.

(Бул – ) Аллага, Анын элчисине ишенесиңер жана Алла жолунда байлыгыңар жана өз жаныңар менен күрөшкө чыгасыңар. Эгер билсеңер мына ушулөзүңөр үчүн эң жакшы.

12.

Ал (Алла) силердин күнөөңөрдү кечирет жана силерди алдынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына жана Бейиштеги түбөлүктүү көркөм (кооз, таза) орундарга киргизет. Бул өзү улуу жеңиш (ийгилик).

13.

(Эй ыймандуулар!) Силер сүйгөн дагы бир нерсе: Алладан келген жардам жана жакында болуучу жеңиш. Жана сен аны момундарга сүйүнчүлөгүн.

14.

Эй момундар! Алланын динине жардамчы болгула. Мариям уулу Иса өз сахабаларына (шакирттерине) айткандай:”Алланын ишинде мага ким жардамчы болот?” Шакирттери: “Аллага биз жардамчы болобуз” – дешти. Ошондо Исраил уулдарынын бир тобу ишеништида, экинчи бир тобу танышты. Ошондо Биз ишенген ыймандууларды кубаттуу кылдык, анан алар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишти.