60. Аль-Мумтахана

1.

Эй ыймандуулар! Менин да душманым, өзүңөрдүн да душманыңарды дос кылып албагыла. Силер аларга сүйкүмдүүрөк мамиле кылып жатасыңар, а алар болсо силерге келген акыйкатка ишенбей жатышат.Алар пайгамбарды жана силерди Эгеңер болгон Аллага ишенип жатканыңар үчүн (мекениңерден) чыгарып жатышат. Силер Менин жолумда күрөшүү үчүн жана Менин ыраазылыгымды табуу үчүн чыкканыңарда Менин душмандарыма жашыруун болсо да сүйбөгүлө. Мен силердин жашыруун кылганыңарды да, жарыя кылганыңарды да жакшы билүүчүмүн. Силердин араңардан ким бул ишти кылса, анда анын түз жолдон адашканы анык.

2.

Эгер алар силерди жеңип алса, анда алар силерге душман болушат жана силерге жамандык менен колдорун жана тилдеринсуна башташат. Алар силерди да каапыр болушса экен деп каалашат.

3.

Силердин туугандарыңар да, балдарыңар да Кыямат Күнүндө силерге жардам кыла алышпайт, Ал силердин араңарды ажыратып (бөлүп) коет. Алла силердин эмне кылганыңарды көрүп турат.

4.

Чындыгында Ибрахим пайгамбарда жана аны менен бирге болгондордо силер үчүн жакшы өрнөк бар. Алар элине:”Биз силерден жана Алланы (таштап) коюп сыйынып жаткан нерсеңерденда алыспыз. Биз силерди тандык, Жалгыз Аллага ишенгениңерге чейин түбөлүк душмандык жана жек көрүү биздин ортобуз менен силердин ортоңордо анык сакталат”, – дешти. Ибрахим атасына:”Мен сен үчүн (Алладан) кечирим сураймын (бирок) Алладан бир нерсени сен үчүн кайтарууга бийлигим жок” дегени (үлгү эмеспи). “Биздин Эгебиз! Биз Сага гана тобокел кылабыз, жана Сага гана кайттык – кулдук жана бир гана Сага кайтуубуз бар.

5.

Биздин Эгебиз! Каапырлардын жолуна түшүп бизди адашуучу (азгырылуучу) кылбагын жана биздин күнөөлөрдү кечир; албетте Сен Улуу жана Даанышмансың!

6.

Аллага жана Акырет күнүнө ишенгендер үчүн мындамыкты үлгү бар. Ал эми ким баш тартса, (анда) албетте Алла абдан Бай жана Мактоого татыктуу!

7.

Балким Алла силердин ортоңор менен каршы болуп жаткандардын ортосунда достук орнотоор;Алла Кудуреттүү, Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.

8.

Алла силерге диниңер үчүн силер менен согушпагандарга жана силерди мекениңерден кууп чыкпагандарга жакшылык кылууңарга жана аларга адилеттүү болууңарга тыюу салбайт. Акыйкатта, Алла адилеттүүлөрдү сүйөт.

9.

Алла силердин диниңер үчүн силер менен согушкандар жана силерди үй-жайыңардан кууп чыккандар жана да силерди кууп чыгууда бири-бирине жардам бергендер менен достошууңарды тыят. Ким алар менен достошсо, анда алар Алланын алдында – адашкандардан (болот).

10.

Эй ыймандуулар! Силерге момун аялдаркелген кезде аларды текшерип көргүлө! Алардын ишенич-ыйманын Алла жакшы билет. Эгер силер алардын момун экенин билсеңер, каапырларды көздөйжөнөтпөгүлө. Анткени каапырлар үчүн алар адалболбойт. Каапыр да тигил аялдарга адал эмес. Бирок аларга бергиле.Тигилерге акыларынберип үйлөнсөңөр да күнөөсү жок. Каапыр аялдарды өзүңөрдө кармап отура бербегилежана бергениңерди кайра өзүңөргө кайтарып берүүсүн талап кылгыла. Ошондой эле, аларда тигилерден кеткен аялдары үчүн бергендерин талап кылса болот. Бул Алланын силердин араңарда жүргүзө турган өкүмү. Алла Билүүчү жана Даанышман.

11.

Эгер силердин аялдарыңардан кимдир бирөөсү каапырларга өтүп кетсе, а силер аларданөч алсаңар , анда аялдарыташтап кеткендерге алар ошол аялдарына канча төлөшкөн болсо, ошончолуктубергиле. Өзүңөр ыйман келтирген Алладан корккула!

12.

Эй пайгамбар! Эгерде сага момун аялдар келишип, Аллага бөлөк бирөөнү шерик кылбоого, уурулук кылбоого, аягы суюк – бузукулук кылбоого, өз балдарын өлтүрбөөгө, өз колу-буттарыбыз алдында болдудеп жалган жалааны айтышпоого жана жакшылык иштерде сага каршы болбоого убада-ант беришсе, анда алардын антын кабыл ал! Алар үчүн Алладан кечирим сура. Албетте Алла Кечиримдүү, Боорукер.

13.

Эй момундар! Алланын каарына калган элдер менен дос болбогула! Каапырлар мүрзөлөрдөгү өлүктөрдөн үмүт үзгөн сымал алар да Акыреттен үмүттөрүн чындап үзүшкөн.