5. Аль-Маида

1.

Эй, момундар! Алланын белгилерине, ыйык айга, курбандыктарга жана моюндарына тагылган белгилерине, Эгесин ыраазылыгын жана жакшылыгын үмүт этип ыйык /йгө келүүчү ажыларга сыйлабастык кылбагыла. Качан гана ихрамдан чыксаңар, аңчылыкка жол ачылат. СилердиХарам Мечитинен тоскон элдин жек көрүүсү силерди чектен ашууга түртпөсүн,жакшылыкта, такыбалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө. Алладан корккула, чындыгында, Алла – катуу азаптоочу!

2.

3.

Силерге өлүк, кан, чочконун эти жана Алланын ысмы аталбай мууздалган мал арам кылынды. Ошондой эле муунтулуп, урулуп, кулап, сүзүлүп өлгөн жана жырткыч (айбандар) жеген маларам кылынды.Бирок жаны чыга элек учурда (Алланын аты аталып) мууздалган малдардан башкалары. Кадалган ташка (будга) арнап мууздалган мал жана төлгө менен бөлүнгөн мал да арам кылынды. Ушулар – бузукулук. Бүгүн каапырлар диниңден үмүт үзүштү. Андыктан, алардан коркпогула, Менден корккула. Бүгүн силерге диниңерди жана (Менин) ырайымымды толук кылып, ислам динин силерге ыраа көрдүм. Кимде ким күнөөгө умтулуудан эмес, ачкалыктан (жешке) аргасыз болсо (күнөө эмес). Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү.

4.

Алар сенденөздөрүнө эмне адал кылынганын сурашат.”Силерге жакшы (таза) нерселер адал кылынды” деп айткын. Ошондой эле, Алланын силерге үйрөткөнүндөй: силер (үйдө) багып үйрөткөн (бүркүт сыяктуу алгыр) куштар Алланын аты менен жиберилсе, ал кармап келген жаныбарлар – адал кылынды.Алладан корккула. Албетте, Алла тез эсеп кылуучу!

5.

Бүгүн силерге жакшы нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин тамактары силер үчүн адал, силердин тамактар да алар үчүн адал кылынды.Өзүн арамдан таза туткан мусулман аялдар жана китеп ээлерининөздөрүн ыпластыктан сактаган аялдары менен калың берип –ыпластык,бузукулук кылбастан – үйлөнүү силерге адал кылынды.Ким ыйманга каршы чыкса, анын сооптору жоюлат жана ал Акыретте зыян таруучулардан болот.

6.

Эй, момундар! Намазга турган кезде жүзүңөрдү жана колуңарды чыканактарына чейин жуугула. Башыңарды(сууменен) сылагыла.Бутуңарды томуктарына чейин жуугула. Эгерде булганыч болуп калсаңар, толук тазалангыла. Эгерде ооруу, же сапарда болсоңор, силердин бирөөңөр дааратканадан чыгып, же аялына жакындап, бирок суу таба албаса таза топурак менен таямум кылгыла: аны менен бети-колуңарды сыйпагыла. Анткени, Алла силерге кыйынчылыкты каалабайт.Силерди тазартууну, ошондой эле шүгүр кылууңар үчүн Өз жакшылыктарынын толук болуусун каалайт.

7.

Алланын силерге берген жакшылыктарын жана: “Уктук, моюн сундук!”- деп Аллага берген убадаңарды унутпагыла. Чындыгында, Алладан корккула!Алла дилиңердегини сөзсүзБилүүчү!

8.

Эй, момундар! Алла (ыраазылыгы) үчүн күбөлүккө бекем тургула. Айрым адамдарга болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке түртпөсүн. Адилет болгула!Ошол – такыбалыкка жакыныраак. Алладан корккула. Албетте, Аллаэмне иш кылып жатканыңардан Кабардар!

9.

Алла ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга кечирим жанан улуу сыйлык убада кылды.

10.

(Алланын буйруктарына) каршы чыгып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандар – алар, Тозок ээлери!

11.

Эй, момундар! Силерге жамандык кылууну самаган бир элдин сунган суук колун кайтарган кездеги Алланын силерге көрсөткөн жакшылыктарын эстегиле.Ошондуктан, Алладан корккула,момундар Аллага тобокел кылышсын.

12.

Ырасында, Алла Исраил урпактарынын убадасын алган:аларга он эки башчы жиберип, Алла:”Мен силер менен биргемин, эгер намазды окусаңар, зекет берсеңер, элчилериме ыйман келтирип, аларга жардам берсеңер жана Аллага көркөм карыз берсеңер, албетте, силердин жамандыктарыңарды жоюп, алдынан дарыялар агып туруучу бакчаларга киргиземин. Мындан ары силерден бирөө (аяттарыма) каршы чыкса, ал –туура жолдон адашкан болот” – деди.

13.

Ошондо алар (Аллага берген) убада-шерттерин бузушкандыктан аларды каргышка калтырып, жүрөктөрүн катырып салдык.Алар (Тоораттагы Алланын) Сөздөрүнүн ордун алмаштырып, аларга жиберилген насыятты унутушту. Сен алардын өтө азынан башкасынын кыянаттыгына (мындан ары да) такай учурап турасың. Бирок сен аларга кечирим берип, жайына кой. Алла – жакшылык кылгандарды сүйөт!

14.

(Биз) “христианбыз” дегендерден да ант алганбыз. Анткен менен алар да (Инжилде) айтылган эскертүүлөрдүн бир бөлүгүн унутушту. Ошондуктан алардын ортолоруна Кыяматка чейин (созулуучу) душмандыкты, кекти салып койдук. Алла алар эмне кылып жаткандарын жакында көрсөтөт!

15.

Эй, китеп ээлери!Силер китептердеги жашырган нерселериңерди ачык түшүндүрө турган пайгамбар келди, жанаал көп нерселер тууралуу унчуккан жок. Силерге Алладан ачык нур, түшүнүктүү Китеп келди.

16.

Ким Алланын ыраазычылыгына умтулса, ошону тынчтык жолуна багыттайт. Ал Өз каалоосу менен аларды караңгылыктан жарыкка алып чыгат жанаТүз Жолго салат.

17.

“Мариям уулу Масих Иса бул – Кудай”, – деп айткандар – каапырлар. Эгер Алла Мариям уулу Масихти, анын энесин жана бүткүл жер бетиндегилерди кошуп жок кылса, ким Аллага тоскоол боло алат?! Асмандардагылардын, жердегилердин жана экөөсүнүн ортосундагылардын үстүнөн бийлик жүргүзүү – Аллага гана таандык. Ал каалаганын жаратат. Алла –бардык нерсеге Кудуреттүү.

18.

Иудейлер менен христиандар: “Биз – Алланын уулдары жана сүйүктүүлөрүбүз”,– дешет.Аларга:”Анда, Алла күнөөңөрдөн улам силерди эмне үчүн азаптап жатат?! Жок! Силер Ал жараткан башка элдердей эле адамсыңар. Ал кимди кааласа жазалап, кимди кааласа кечирет. Асмандардагылардын, жердегилердин жана экөөсүнүн ортосундагылардын үстүнөн бийлик жүргүзүү – Аллага гана таандык. Кайтуу – Ага гана!”(таандык) – дегин.

19.

Эй, китеп ээлери!”Бизге кубантуучу жана эскертүүчү келбеди”, дебешиңер үчүн элчилердин арасы үзгүлгөндөн кийин силерге элчибизкелген. Бирок, чындыгында, силерге кубантуучу жана эскертүүчү келди. Алла – баардык нерсеге Кудуреттүү!

20.

Бир кездерде Муса өз элине: “Эй, элим! Алланын силерге берген жакшылыктарын унутпагыла!Өз араңардан пайгамбарларды чыгарып, силерди падыша кылды. Ошондой эле силерге ааламда эч кимге берилбеген жакшылыкты берди.

21.

Эй, элим, Алла силерге буйруган касиеттүү жерге киргиле. Артыңарга кайтпагыла. Анткени зыянга учурагандарга айланасыңар”, – деп айтты.

22.

Алар: “Эй, Муса, ал жерде каардуу эл бар да. Алар ал жерден чыкмайынча биз ага кирбейбиз. Качан алар (ал шаардан) чыкса, ошондо биз киребиз”, – деп айтышты.

23.

Алладан корккон жана (Алла) жакшылыкка бөлөгөн эки такыба адам:”Аларга эшиктен киргиле.Кирсеңерэле жеңишке жетесиңер! Эгер ыймандуу болсоңор, анда Аллага гана тобокел кылгыла!” – дешти.

24.

Алар: “Эй, Муса,алар ал жерде кезинде эч качан кирбейбиз” Бар, сен Эгең экөөң согуша бергиле, биз болсо ушул жерде олтуруп турабыз!” – дешти.

25.

(Муса): “О Эгем! Мен өзүмө жана агама гана өкүмүм өтөт.(Сен Өзүң)бул бузуку эл мененбиздин арабызды алыстата көр!”– деп айтты.

26.

(Алла): “Чындыгында, эми алардын ал жерге кирүүсүн кырк жылга арам кылды.Алар жер жүзүндө тентип калышат. Андыктан сен (бул) бузуку элге кайгырба” (–деди).

27.

Адамдын эки уулунун курмандыктары тууралуу чындыктуу баянды айтып бер: Алардын биринин курмандыгы (Алла тарабынан) кабыл кылынды да, экинчисиники кабыл кылынган жок. Ошондо ал:”Сөзсүз, мен сени өлтүрөм!” – деди. Ал: “Чындыгында, Алла такыбалардан гана кабыл кылат!” – деди.

28.

Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол көтөрсөң да, мен сени өлтүрүүгө кол көтөрбөймүн. Мен ааламдардын Эгеси Алладан коркомун.

29.

Мен менин жана өзүңдүн күнөөңдү мойнуңа жүктөлүшүн. жана сенин Тозок элинен болушуңду каалаймын. Ошол – заалымдардын жазасы!” – деди.

30.

Аны көңүлү агасын өлтүрүүгө азгырып,аны өлтүрдү да, зыянга учуроочулардан болду.

31.

Ошондо Алла ага бир тууганынын өлүгүн жашырууну көрсөтүү үчүн жиберген карга жерди каза баштаганда:”Аттиң, мага эмне болду?! Тууганынын денесин көмгөн каргачалык болбодум”, – деп, өкүнүүчүлөрдөн болуп калды.

32.

Ошол себептүү, Биз Исраил урпактарына (тиешелүү мыйзамга):”Ким адам өлтүрбөгөн. же жер жүзүнө бузукулук таратпаган бирөөнү өлтүрсө,анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете”, – деп жаздык. Чындыгында, аларга Биздин элчилер ачык далилдер менен келишти.Бирок андан кийин деле алардын көпчүлүгү жер жүзүндө чектен чыгуучулардан болушту.

33.

Чындыгында,Алла жана Анын элчисине согушкандардын, жер жүзүндө бузукулук иштерди жасап жүргөндөрдүн жазасы – алар өлтүрүлөт, асылат, же колу-буттары кайчылаш кесилет, же мекенинен куулуп чыгарылат. Бул – алардын бул дүйнөдөгү жазасы, ал эми Акыретте улуу азап (бар),

34.

бирок, силердин күчүңөр жетүүдөн мурда тообо кылганы. Билгиле: Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү.

35.

Эй, ыйман келтиргендер!Алладан коркуп, Ага жакындоо жолдорун издегиле жана эки дүйнөдө кутулууңар үчүн Анын жолунда күрөшкүлө!

36.

Каапырлар Жер жүзүндөгү бардык нерсесин жана аны менен кошо дагы да ошончо байлыгын Кыямат Күнүнүн азабынан (кутулуу үчүн) төлөм катары беришсе да, (төлөм) алардан кабыл кылынбайт. Аларга жан чыдагыс азап (бар).

37.

Алар Тозоктон чыгууну каалашат. Бирок чыгарылбайт. Алар үчүн – бүтпөс азап (бар).

38.

Эркек ууру жана аял уурунун кылмыштарынын жазасы – алардын колун кескиле.Бул –Алланын жазасы!Алла – Мартабалуу, Даанышман.

39.

Кимде-ким зулум кылган соң, тообо кылып, жакшылык иштерди жасаса, Алла аларды кечирет. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

40.

Асмандардын жана жердин ээлиги Аллага таандык экендигин билбедиңби? Ал каалаганын азаптап, каалаганын кечирет.Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!

41.

Эй, Алланын элчиси! Каапырчылыкта жарышкандар жана тил учунан:”Ыйман келтирдик” ,– деп жүрөктөрү ишенбегендер сени кайгыга салбасын. Иудейлердин арасында жалганды (абдан берилип) уккандары бар. Алар эч качан сага келбеген адамдардын сөзүн (ишенип) угушат. Алар Сөздүн ордун алмаштырышып:”Эгер силерге ушул нерсе берилсе аны алгыла, ал эми берилбесе сак болгула”, – дешет.Алла кимдинадашуусун кааласа, аны Алладан эч ким коргоп кала албайт. Алардын жүрөктөрүн Алла тазалоону каалабаган адамдар. Аларга дүйнөдө шерменделик, Акыретте улуу азап (бар).

42.

Алар – жалганга кулак салып, арам нерсеге соргок болгондор. Эгер алар сага (даттанып) келишсе, ортолорундагы маселе боюнча (шариятка ылайык)өкүм чыгар, же алардан жүз үйүр.Сен алардан бет бурсаң деле алар сага эч бир зыян кыла алышпайт. Эгер алардын ортосунда өкүм чыгарсаң, адилеттүүлүк менен өкүм чыгар. Акыйкатта, Алла – адилеттүүлөрдү сүйөт.

43.

Алардын алдында Алланын өкүмү Тоораттурса, кантип алар сага баш ийгиси келсин? Бирок баш ийсе деле кийин алар баарынан баш тартышат жана чындыгында эле алар – ыймандуулардан эмес.

44.

Чындыгында,Биз Тооратты түшүрдүк. Анда нур жана Туура Жол бар. Аллага моюн сунган пайгамбарлар аны менен өкүм кылат. Жана Алланын Китебин коргоого милдеттендирилген”Ал-роббанийлер жана “ал-ахбаарлар” сопулар ушуну менен өкүм кылат.Алар ага күбөгө өтүшөт. Адамдардан коркпогула, Менден корккула жана Менин аяттарымды арзыбас баага сатпагыла. Кимде ким Алланын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, мына ошолор – каапырлар.

45.

Анда аларга: жанга – жан, көзгө – көз, мурунга – мурун, кулакка – кулак, тишке – тиш жана жараатка да тең келген өч алуу жаздык. Кимде ким анын кунун кечсе ал күнөөдөн тазартылат. Ошондуктан, кимде ким Алланын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, мына ошолор – заалымдар.

46.

Пайгамбарлардын жолу менен (жүрүп), өзүнүн алдындагы Тооратты тастыктоочу кылып Мариям уулу Исаны жибердик. Ага ишинде тууралык, нур болгон алдындагы Тораттытастыктоочу,ошондой эле сактануучулар үчүн туура жол, насыят түрүндө Инжилди бердик.

47.

Инжил ээлери андагы Алланын түшүргөнү менен өкүм кылышсын. Кимде-ким Алланын түшүргөнү менен өкүм кылбаса – ошолор бузукулар.

48.

Биз сага Китепти Чындык менен андан мурдагы китептерди тастыктоочу,аларга күбө болуучу катарында түшүрдүк. Алардын ортолорунда Алланын сага түшүргөнү менен өкүм кыл. Өзүңө келген Чындыктанажырап, алардын тилине кирбе. Силердин ар бириңер үчүн бир жол-жобо (жазып) койдук. Эгер Алла кааласа баарыңарды бирдей коом кылып коймок.Бирок жиберилген жол-жоболор аркылуу силерди сынамакчы. Жакшылык иштерде жарышкыла. Бараар жериңер – Алланын алды. Ал силердин талашкан нерсеңерден кабар берет.

49.

Алардын ортолорунда Аланынсага түшүргөнү менен өкүм кыл. Алардын каалоолорун ээрчибе. Сага Алла түшүргөн кээ бир өкүмдөрдү алардын бузуусунан сак бол. Алар жүз үйүрүшсө аларды Алла күнөөлөрү себептүү кайгыга учуратууну каалайт деп билгин. Чындыгында, адамдардын көпчүлүгү бузукулар.

50.

Алар наадандык доорунун өкүмдөрүн издешеби? Анык ыйманга келген эл үчүн Алладан жакшы өкүм чыгаруучу ким?!

51.

Эй, момундар! Иудейлер менен христиандарды дос тутпагыла!Алар бири-бири менен дос. Силерден ким алар менен достошсо, анда ал – алардан, Алла заалым (адилетсиз) коомду Туура Жолго баштабайт.

52.

Жүрөктөрүндө дарты бар мунафыктардын (эки жүздүүлөрдүн):”Бизге бир балээ келишинен коркобуз”, – деп алардын арасында чуркап жүргөндөрүн көрөсүң.Алла (мусулмандарга) бир жеңиш берген, же Өзү тараптан бир буйрук келген кезде алар жүрөктөрүндө жашыргандарына өкүнүшөт.

53.

Ыйман келтиргендер: “Силер менен биргебиз” деп Алланын аты менен мыкты ант бергендер ушулар эмес беле?” – деп айтышат. Алардын амалдары жоюлуп, зыянга учуроочулардан болушту.

54.

Эй, момундар! Силерден кимде ким дининен чыкса (алардын ордуна) Алла жакшы көргөн, алар да Алланы жакшы көргөн коомду жаратат.Алар момундарга жумшак, каапырларга катуу (болушат). Алла жолунда согушуп, жемелөөчүлөрдүн жемесине калуудан коркушпайт. Бул – Алланын жакшылыгы. Аны Өзү каалаганына берет. Алла – Кең Пейил, Билүүчү!

55.

Чындыгында, силердин досуңар – Алла жана Анын элчиси, намазды толук аткарып, зекет берген, рүкү кылуучу момундар.

56.

Кимде ким Алланы, Анын элчисин жана момундарды дос тутса – чындыгында, Алланын тобу – ошолор жеңишке жетүүчүлөр.

57.

Эй, ыйман келтиргендер! Силерден мурда китеп берилгендерден силердин диниңерди шылдыңдап, оюн кылгандарды жана каапырларды дос тутпагыла. Эгер момун болсоңор – Алладан корккула.

58.

(Аларды) намазга чакырсаңар аны оюн көрүп, келекелешет. Бул – алардын акыл калчабаган эл экендигинен улам.

59.

“Эй, китеп ээлери! Бизди Аллага жана өзүбүзгө, ошондой эле бизден мурдагыларга түшүрүлгөнгө ыйман келтиргенибиз үчүн келекелеп жатасыңарбы?Чындыгында, силердин көпчүлүгүңөр – бузукулар!

60.

Силерге Алланын алдында мындан да оор жаза бар экендиги тууралуу кабар берейинби?” – деп айткын. Алланын каргышынажана каарына калгандардын айрымдарын (Алла) маймылга, чочкого айландырган жана алар Таагутка сыйынгандар. Мына ошолордун жайы жаман,алар адашканжандар!

61.

Алар силерге келип: “Ыйман келтирдик!” – деп айтышат. Чындыгында, алар каапырлык менен кирип,каапырлык менен чыгышты.Алар дилинде жашырганды Алла жакшы билет.

62.

Сен алардынбири-бири менен күнөөдө, бири-бирине душмандык кылууда, арам кылынган нерселерди жегенде шашылганын көрөсүң. Чындыгында, алар кылып жаткан иш – кандай ыплас.

63.

Эмне үчүн аларды иудей ибадатчылары жана аалымдары күнөө сөздөрдөн, арамды жештен тыйышпайбы?Чындыганда, алардын иши – кандай жаман.

64.

Иудейлер: “Алланын колу байлануу” – дешти. Ошол айткан сөдөрү үчүн алардын колу байланып, каргышка калышты. Жок! Алланын колу ачык. Ал каалагандай сарптайт.Эгең тараптан сага түшүрүлгөн, алардын көпчүлүгүнүн чектен ашырып,каапырлыгын арттырат жана алардын арасына Кыяматка чейин душмандыкты,кектешүүнү жараттык.Ошондуктан, ар качан алар согуш үчүн от тамызса, Алла аны өчүрүп койот. Алар жер үстүндө бузукулук кылуугаумтулушат. Алла – бузукуларды сүйбөйт.

65.

Эгер китеп ээлерин ыйман келтиришип, такыба болушса, албетте , алардын күнөөлөрүн кечирип, аларды рахат бакчаларына киргизмекбиз.

66.

Эгер алар Тооратты жана Инжилди жана Алладан түшкөн нерсени аткарышканда, анда ар тарабынан ырыскыга бөлөнүшөөр эле.Алардын арасында адилеттүү-каниеттүүлөрү да бар. Бирок алардын көпчүлүгүнүн жасаган иши – ыплас.

67.

Эй, элчи!Сага Алладан түшкөн несрени аларга жеткир! Эгер сен андай кылбасаң, анда сен Анын элчилигин аткарбаган болосуң. Алла сени ал адамдардан (коомдон) коргойт. Чындыгында, Алла –каапыр элди (Туура Жолго) багыттабайт.

68.

“Эй, китеп ээлери! Инжил, Тооратты жана Эгеңер тараптан түшүрүлгөндү толукаткарганга чейин, силердин эч нерсеңер (таянар колдоочуңар) жок”.Андыктан сага түшүрүлгөн Китеп алардын көбүнүн адашуусун жана каапырлыгын арттырат. Каапыр коом үчүн (аларды аяп) кайгы тартпа.

69.

Чындыгында, ыйман келтиргендер, иудейлер, сабийлер жана христиандардан кимиңер Аллага, Акырет Күнүнө ыйман келтирип, жакшы иштерди жасасаңар, ошолорго коркунуч болбойт жана алар кайгырышпайт.

70.

Израил урпактарынан убада алып, аларга элчилерди жиберген элек. Качан элчи келип, алардын көңүлдөрү каалабаган нерсени (келтирсе)айтса, анын айрымдарын жалганга чыгарып, айрымдарын өлтүрүштү.

71.

Алар өздөрүнө балээ келбейт деп ойлошуп, (Алланын аяттарына) сокур, дүлөй болуп алышты.Алла алардын тооболорун кабыл кылды. Андан кийин дагы көпчүлүгү сокур, дүлөй болуп алышты. Алла алардын эмне кылып жатканын Билүүчү!

72.

Чындыгында, Мариям уулу Масихти “Алла” дегендер каапыр болушту. Акыйкатта, Масих:”Эй, Исраил урпактары! Аллага пендечилик кылгыла. Менин Эгем – силердин да Эгеңер! Ким Аллага шерик кошсо, Алла ага Бейишти арам кылды. Анын жайы – Тозок оту. Ошондой эле, заалымдарга жардамчылар жок!” – деп айтты.

73.

Чындыгында, “Алла үчөөнүн үчүнчүсү” дегендер каапырга айланышты. Бир Алладан башка Кудайлар жок.Эгер алар бул айткандарынан кайтышпаса, алардан ушул сыяктуу каапырларга оорутуучу азап бар.

74.

Аллага тообо кылып, кечирим сурашпайбы? Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү!

75.

Мариям уул Масих (Иса) элчи гана. Андан мурун да элчилер өткөн. Анын энеси – чынчыл. Экөөсү тең тамак жешчү. Карачы: Аларга белгилерибизди кандайча баян кылдык! Алардын кандай бара жаткандарын көр.

76.

“Алладан башкага – силерге зыян да, пайда дакелтире алабай турганга – баш ийесиңерби? Чындыгында, Алла – Угуучу, Билүүчү!” – деп, айткын.

77.

“Эй, китеп ээлери! Диниңерде чындыксыз чектен ашпагыла жана мурдагы чыныгы жолдон адашкан жана көптөгөн адамдарды адаштырган, ошондой эле туура жолдон тайган коомдун кызыкчылыгын ээрчибегиле.

78.

Исраил урпактарынан каапыр болгондор Дауд жана Мариям уулу Исанын тили аркылуу каргышка калышты. Ал каапырлыктарынын жанан чектен чыгууларынын себебинен улам(болду).

79.

Алар бири-бирин жасаган жамандыктарын тосушчу эмес. Чындыгында, алардын жасаган иштери кандай жаман!

80.

Алардын көпчүлүгүнүн каапырларды дос тутканын көрөсүң. Алланын каарына жолугуп, азапта түбөлүккө калгандыктан, алардын өздөрү үчүн даярдаган неселери кандай жаман!

81.

Эгер алар Аллага, Анын пайгамбарына жана ага түшүрүлгөнгө ыйман келтиришкен болсо, алар (каапырларды) дос тутушмак эмес. Бирок алардын көпчүлүгү бузукулар.

82.

Момундарга адамдардан эң катуу душман – иудейлер жана мушриктер.Момундарды баарынан көбүрөөк жактырышкандар –”Биз христианбыз” дегендер.Анткени алардын арасында билимдүүлөрү жана кечилдери бар жана алар текебер болбогондуктан.

83.

Алар элчиге түшүрүлгөндү(Куранды) уккан кездечындыкты моюнга алгандыктарынан улам, көздөрүн жашка толгонун көрөсүң. Алар:”О Эгебиз! Ыйман келтирдик! Бизди күбө болуучулар менен чогуу жаза көр.

84.

Аллагажана өзүбүзгө келген Чындыкка (Куранга) эмне үчүн ишенбейбиз? Эгебизден жакшы (такыба) элдер менен биргекылуусун үмүт кылабыз” – деп айтышат.

85.

Алла аларга бул себептеринен улам алдынан дарыялар аккан, түбөлүккө (аларга) кала турган бакчаларды белек кылат. Бул – жакшылык кылуучулардын сыйлыгы.

86.

Аяттарыбызды жалганга чыгарып, каапыр болгондор – алар Тозок ээлери.

87.

Эй, момундар! Алланын силерге адал кылган жакшы нерселерди арамга чыгарып, чектен ашпагыла! Акыйкатта, Алла чектен ашуучуларды сүйбөйт.

88.

Алланын силерге берген адал, тазаырыскысынан жегиле. Өзүңөр ыйман келтирген Алладан корккула.

89.

Алла деле жөн-жай эле айтылган анттарыңар үчүн жазалабайт. Бирок, билип туруп айткан антыңар үчүн (Кыяматта) жооп бересиңер.(Эгер антыңарды бузсаңар) анын төлөмү – үй бүлөңөрдү тамактандыра турган орточо эсептеги тамакменен он кедейди тойгозуу жана аларды кийиндирүү жебир кулду азаттыкка чыгаруу. Эгер муну аткара албаса үч күн орозо тутуу (керек). (Бузган) антыңардын жазасы – мына ушундай. Антыңарды бузбагыла!Алла силерге аяттарын ушинтип баян кылат. Мүмкүн силер шүгүр кылаарсыңар?!

90.

Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар?!

91.

Чындыгында, шайтан аракта, кумарда ортолоруңарга душмандык жана кек салып, Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт.Ошондой болсо да тыйылбайсыңар?!

92.

Аллага жана Анын элчисине моюн сунуп, сак болгула. Эгер жүз үйүрсөңөр, анда, билгиле: Элчибиздин милдети – ачык түрдө жеткирүү гана.

93.

Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар, (күнөөдөн) сак болсо жана андан кийин чынчыл, такыба болушса, мурунку жегендери күнөө эмес.Алла – чынчылдарды жакшы көрөт.

94.

Эй, ыйман келтиргендер!Алла Өзүнөн кимдинкупуя коркоорун аныктоо үчүнсилер ихрамда колуңар жана найзаңар жетип турган (жакындыктан) аңчылык аркылуусилерди сынайт. Ким бул (шартты бузуп) чектен чыкса, ага оорута турган азап бар.

95.

Эй, момундар! Силер ихрамда аңчылык жаныбарларын өлтүрбөгүлө.Кимде-ким атайлап өлтүрсө, анын жазасы – өлтүргөнүндөй бир жаныбар(курмандык). Аны силерден эки адилеттүү киши өкүм кылып, Каабага жеткирилет. Же кедейлерди тойгозот, же болбосо анын ордуна орозо тутат. Бул – өзүнүн жасаганын жазасын тартуу үчүн. Алла – өткөндү кечирди.Ким (тообо кылгандан кийин да) кайра жасаса, Алла аны жазалайт. Алла – Мартабалуу, өч алууга Кудуреттүү!

96.

Силерге деңиз аңчылыгы жана аны жеш адал кылынды. Ал силерге жана жолоочуларга пайдалуу. Силерге ихрамда болгон мезгилиңерде кургактыктын аңы арам кылынды. Өз алдына (сөзсүз) чогултуучуАлладан корккула!

97.

Алла ыйыкҮй – Каабаны адамдар үчүн таяныч кылды.
Ошондой эле, ыйык айды, курбандыкты жана асылмаларды да (таяныч кылды). Муну – Алла, албетте, асмандардагы жана жердеги нерселерди билээрин жана Ал – бардык нерсени Билүүчү экенин силер билишиңер үчүн (жасады).

98.

Билгиле:Чындыгында, Алла – катуу Азаптоочу жана да, Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү!

99.

Элчиге жеткирүү гана (милдеттендирилген). Алла купуя иштериңерди да, жарыя иштериңерди да билип турат.

100.

“Арам нерсенин көптүгү сени кызыктырса да, ыплас менен таза тең эмес. Андыктан, эй акыл ээлери! Такыба болгула! Мүмкүн кутулаарсыңар!” – деп айт.

101.

Эй, момундар! Айкын болсо өзүңөргө кайгы алып келүүчү нерселер тууралуу сурабагыла. Куран түшүрүлгөндө аны сурасаңар, билдирилет. Алла аны кечти. Алла – Кечиримдүү, Ырайымдуу!

102.

Чындыгында, силерден мурдабир коом да ушинтип сурап, кийин ага каршы чыгуучулардан болушкан.

103.

Алла “бахира”, “сааьиба”, васила” жана “хам” деп (буддарга курмандык) буюрган эмес. Бирок каапырлар Алла жөнүндө калп айтып айтып, жалаа жабышты.Алардын көбү түшүнүшпөйт (караңгылар).

104.

Аларга: “Алла түшүргөн нерсеге (Куранга) жана элчиге келгиле” – дешсе, алар:”Бизге ата-баларыбыздан калган нерсе жетиштүү” – дешет.Алардын ата-балары эч нерсени түшүнбөй, Туура Жолдо болбосо деле.

105.

Эй, ыйман келтиргендер!Силер (Кыяматта) өзүңөр үчүн жооп бересиңер. Силер Туура Жолдо жүрсөңөр адашкандар (каапырлар) силерге зыян келтире алышпайт.Баарыңар Аллага кайтасыңар.Силер эмне кылганыңарды кабарлайт.

106.

Эй, момундар! Силердин ажалыңар жетип же силер жер кезип жүргөн кезде өлүм кырсыгы келсе, осуят айткан кезиңерде, ортоңордо өзүңөрдөн эки адилеттүү киши же силерден башкалардан экөө(осуятка) күбө болсун.Эгер бул күбөлөрдөн күмөн санасаңар,(күбө болуучу) экөөсүн намаздан кийин токтотуп, алардын:”Биздин жакын тууганыбыз болсо да аны акчага сатпайбыз, Алланын күбөлүгүн жашырбайбыз. Эгер жашырсак, анда күнөөкөр болобуз” – деген Алланын ысмы менен анттарын алгыла!

107.

Эгералар күнөө кылышса, андажакын, акылуу туугандарынан эки киши алардын ордунатуруп:”Алланын ысмы менен берген күбөлүгүбүз ал экөөсүнүнкүбөлүгүнөн аныгыраак. Биз чектен чыкпайбыз. Эгер андай кылсак заалымдардан болобуз” – деп ант ичишет.

108.

Бул – алар чынчыл күбөлүк берүүлөрү үчүн же алардын антынан кийин дагы башка анттын талап кылынбашы үчүн керек. Алладан корккула жана баш ийгиле. Алла бузуку коомду Туура Жолго баштабайт.

109.

Кыямат Күнү Алла элчилерди жыйнап: “Силердин чакырыкка кандай жооп болду?” ¬ – дегенде, алар (пайгамбарлар):”Биздин эч бир кабарыбыз жок. Албетте, Сен Өзүң кайыпты Билүүчүсүң! –дешет.

110.

ОшондоАлла: “Эй, Мариям уулу Иса, сага жана энеңе берген жакшылыгымды эсте. Сени Жабраил аркылуу кубаттуу кылдым. Бешикте жана эрезеге жеткенде адамдар менен сүйлөштүрдүм. Сага китепти, даанышмандыкты, Тоорат менен Инжилди үйрөттүм.Менин буйругум менен балчык ылайдан куштун келбетин жасап, аны үйлөгөнүңдө, Менин буйругум менен кушка жан кирди жана Менин буйругум менен тубаса сокурду, ала-пес оорусун айыктырдың. Ошондой эле, Менин буйругум менен өлүктү (тирилтип) чыгардың.Исраил урпактарына көптөгөн далилдер менен келгениңде алардын каршы чыккандары:”Бул – ачык сыйкырчылыктан башка эч нерсе эмес” – дешти. (Мен) сени алардан куткарып калдым” – деп айтат.

111.

Анда, хаварийлерге: “Мага жана элчилигиме ишенгиле!” – деп айтканыңда, алар:”Биз ишендик. Биздин мусулман болгонубузга күбө бол!” – дешти.

112.

Хаварийлер: “Эй, Мариям уулу Иса, Эгең бизге асмандан бир дасторкон түшүрө алабы?”– дегенде, ал:”Эгер ыйман келтирсеңер – Алладан корккула!”

113.

Хаварийлер: “Биздин андан жегибиз келет. Жүрөктөрүбүз тынчтанып жана сенин бизге айтканың чындык экенин билип,анан ага күбө болуучулардан бололу!” – дешти.

114.

Мариям уулу Иса: “О Аллам! О Эгем! Бизге асмандан дасторкон түшүр. Оболку жана кийинкилерибизге майрам жана Сенден бир белги болсун. Бизге ырыскы бер. Сен ырыскы берүүчүлөрдүн эң мыктысысың!” – деди.

115.

Алла: “Чындыгында Мен ал дасторконду силерге түшүрөмүн. Мына ошондон кийин кимде-ким каапыр болсо, Мен аны дүйнөдө эч кимди азаптабаган азап жазалаймын” – деди.

116.

Алла: “Эй, Мариям уулу Иса, адамдарга “Алланы койуп, мени жана энемди кудай кылып алгыла” – деп айттыңбы?” – деп, айтканда, Иса:”О, Аллам! Сен Аруусуң! Тийиштүү болбогон нерсени айтуу мага дурус эмес.Эгер айткан болсом, Сен аны билмексиң. Менин ичимдегини Сен билесиң, а мен болсо Сеникин билбеймин. Акыйкатта, Сен кайып иштерди Билүүчүсүң!” – дейт.

117.

Аларга: “Сен Мен буйруганды гана:”Аллага кулчулук кылгыла, менин жана силердин Эгеңер (– Алла!)– дегенден башканы айтпадым. Алардын арасында болгон кезимде, аларга көзөмөлчү элем. Сен Мени алган кезден баштап, аларга өзүң Көзөмөлчү болдуң. Чындыгында, Сен– баардык нерсеге Күбөсүң.

118.

Эгер Сен аларды жазалоону кааласаң, алар Сенин пенделериң.Ал эми аларды кечирсең да… чындыгында Сен – Мартабалуу, Даанышмансың!

119.

Алла: “Бүгүн чынчылдардын чындыгы пайда бере турган Күн. Аларга алдынан дарыялар агып туруучу бакчалар бар. Алар анда түбөлөктүү болушат. Алла алардан ыраазы болуп, алар да Алладан ыраазы болушат. Бул – улуу ийгилик!” –деп айтат.

120.

Асмандар жана жер жанан экөөсүнүн ортосундагылар Аллага (гана) таандык. Ал – бардык нерсеге Кудуреттүү!