58. Аль-Мужаадала

1.

Чынында, Алла өзүнүн күйөөсү тууралуу сени менен сүйлөшүп жаткандынжана Аллага арызын айткандын сөзүн укту. Ошентип, Алла силердин сүйлөшүп жатканыңарды уккан эле. Албетте, Алла угуучу да, көрүүчү.

2.

Силердин араңардагы өз аялдарын (энелерине) окшоткондордун (аялдары алардын) энелери эмес. Алардын энелери өздөрүн (эркектерди) төрөгөндөр гана. Акыйкатта алар тыйылган жана жалган сөздү айтып жатышат. Албетте, Алла Өтүүчү , Кечирүүчү.

3.

Өзүнүн аялынокшоштургандар кийин айткан сөздөрүнөн кайтышса, айткан сөздөрү үчүн адегенде бир кулду азаттыкка чыгарып, андан соң гана өз жарына кошулууга акылуу. Алла силердин эмне кылганыңардан кабардар.

4.

Кимде-ким кулду азат кыла албаса, анда аялы менен кошулганга чейинэки ай бою үзгүлтүксүз орозо тутууга тийиш! А ким муну да кыла албаса, анда алтымыш кедейди тойгузсун! Бул Аллага жана Анын Элчисине ишенүүңөр үчүн; Ушул Алланын чектери. Каапырлар үчүн зор азап бар.

5.

Аллага жана Анын Элчисине каршылашкандар акыйкатта өздөрүнөн мурдагылар ойрон кылынгандай эле алар да ойрон кылынат. Анткени, Биз ачык-айкын аяттарыбызды жөнөтүп койгонбуз, а каапырлар үчүн оорутуучу азап бар!

6.

Алла алардын баарын кайрадан тирилткен күнү алардын жасаган нерселеринен өздөрүнө кабар берет, анткени Алла алардын (жасаган иштерин) эсептеп койгон, алар (өздөрү) унутуп калышкан (болсо да). Алла бардык нерсенин үстүнөн күбө болуучу!

7.

Ырас эле сен Алланын Асмандардагы жана Жердегилердин баарын билээрин билбейсиңби? /чөө шыбырашып сүйлөшүп жатса, Ал алардын төртүнчүсү; же бешөө (шыбырашып сүйлөшсө) алтынчысы ал – Алла. (Шыбырашып сүйлөшкөндөр) мындан аз болобу же көп болобу, алар каерде болушса да, Ал (Алла) алар менен бирге. Андан кийин Ал аларга кылган нерселеринен Кыямат күнү кабар берет. Акыйкатта, Алла бардык нерсени билүүчү!

8.

Ырас эле сен жашыруун сүйлөшүүгө тыюу салынгандарды билбедиңби? Бирок, алар тыюу салынганга кайрадан барышууда жана да алар бири-бирине күнөө, душмандык жана Пайгамбарга баш ийбөө жөнүндө сөздөрдү шыбырашып сүйлөшүүдө. А алар качан сага келишсе сага Алла (өзү) дагы саламдашпаган сөз менен саламдашышат. А өздөрүнчө (ичтеринен):”Биз айткан сөздөр үчүн Алла бизди эмне үчүн азаптабайт” дешет. Аларга өздөрү бара турган тозок жетиштүү. Кандай жаман кайтуу.

9.

Эй момундар! Силер жашыруун сүйлөшүп жатканыңарда күнөө, душмандык жана Пайгамбарга баш ийбөө жөнүндө шыбырашып сүйлөшпөгүлө, а жакшылык, такыбалык жөнүндө шыбырашып сүйлөшкүлө жанасилер алдына чогулуп бара турган Алладан корккула!

10.

Жашыруун сүйлөшүүыймандууларды гана кайгыртуу үчүн жашыруун сүйлөшүүлөр шайтандан (болот). Бирок ал Алланын уруксаты болмоюнча эч зыян келтире албайт. Андыктан ыймандуулар Аллага бекем тобокел кылышсын!

11.

Эй ыймандуулар! Качан силерге: “Жыйналышта орун бергиле” – делинсе орун бергиле , Алла силерге Бейиштен (орун) берет. А качан:”Тургула!” – деп айтылса, тургула!Алла силерди араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларына көтөрөт. Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.

12.

Эй ыймандуулар! Силер качан Пайгамбар менен жашыруун сүйлөшүүнү кааласаңар (анда) садака бергиле , бул силер үчүн жакшыраак жана тазараак. Эгер таба албасаңар, анда Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.

13.

Силер эмне аны менен сүйлөшүүнүн алдынан садака берүүдөн корктуңарбы? Эгер силер муну кылбасаңар жана Алла силердин тообоңорду кабыл кылса кечирсе, анда намаз окугула жана зекет бергиле, Аллага жана Анын Элчисине баш ийгиле. Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.

14.

Сен Алланын каарына кабылгандар менен достошкондорду билбейсиңби?Алар силерден да, тигилерден да эмес. Алар билип туруп ант да беришет.

15.

Алла аларга катуу азапты даярдады. Акыйкатта алардын кылган иштери кандай жаман.

16.

Алар өздөрүнө жалган анттарын калкан кылып алышты жана анысы менен башкаларды да Алланын жолунан тосушту. Алар үчүн кордоочу азап бар.

17.

Алардын байлыктары да, балдары да аларды Алланын азабынын бираа нерсесинен куткара албайт. Алар тозоктун ээлери жана алар анда түбөлүккө калышат.

18.

Алла алардын баарын кайрадан тиргизген күнү Ага да силерге ант бергендей эле ант беришет жана алар албетте бул жардам кылат деп ойлошот. Билгиле, албетте, алар анык жалганчылар!

19.

Аларга шайтан башчы болуп алган жана Алланы эстөөнү аларга унуттурган. Алар шайтандын тобу. Билгиле, аныгында алар шайтандын тарапкерлери, алар – зыянга учуроочулар.

20.

Аллага жана Анын Элчисине каршы чыккандар – өтө кор болуучулар.

21.

Алла: “Мен жана Пайгамбарларым жеңип чыгабыз” деп жазып койгон.Акыйкатта, Алла Күч-кубаттуу жана Ызаттуу.

22.

Сен Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенген коомдун арасынан Аллага жана Анын Элчисине каршы чыккандарды дос кылгандарын таппайсың.Эгер алар өздөрүнүн аталары же балдары болушса да. Алла мына ушулардын жүрөгүнө ыйманды жазып койгон жана аларды Өзүнөн болгон нур менен кубаттады. Алла аларды алдында дайралар агып турган Бейиш бактарына киргизет, алар анда түбөлүккө калышат. Алла алардан ыраазы. Алар Анданыраазы. Мына ушулар Алланын тобу (жамааты). Акыйкатта, Алланын жактоочулары , алар ийгиликке жетүүчүлөр.