1.

Асмандагылар жана жердегилер Алланыаруулашат. Ал – Ызаттуу жана Даанышман.

2.

Асмандар жана жер ээлиги Аллага гана таандык. (Ал) Тирилтет жана өлтүрөт жанаАл ар нерсеге Кудуреттүү.

3.

Ал – Оболку жанаАкыркы.Ал – Сырткы жана Ички.Ал – баардык нерсени Билүүчү.

4.

Ал – асмандар жана жерди алты күндө жаратты. Андан кийин Ал Аршка барабар болду . Жерге киргенди, андан чыкканды, асмандан түшкөндү, асманга көтөрүлгөндү (баарын) билет. Ал – кайда болсоңор да силер менен бирге. Алла силердин жасап жаткан ишиңердиКөрүүчү.

5.

Асмандардын жана жердин ээлиги Ага таандык. Аллага иштер кайтат.

6.

Түндү күндүзгө аламаштырат, күндүздү түнгө айлантат. Ал – көкүрөктөрдөсакталгандарды Билүүчү.

7.

Аллага жана Анын элчисине ишенгиле жана силерди ээ кылган нерселерден сарптагыла . Силердин ишенгендериңерге жана сарптагандарга чоң сыйлык (бар).

8.

Силерге эмне болду: Аллага ишенбейсиңер ?Элчиболсо силерди Эгеңерге ыйман келтирүүңөргө үгүттөйт. Албетте силердин убадаңарды алып койгон.

9.

Ал силерди караңгылыктан жарыкка чыгаруу үчүн өз пендесине ачык аяттарды түшүрөт.Чындыгында Алла силерге Мээримдүү жана Боорукер.

10.

Силерге эмне болду: Алла жолунда сарптабайсыңар ? Асмандардын жана жердин мураскорулугуАллага . Силердин араңардан жеңиштен мурда сарптаган жана согушкандар улуу даражага ээ жана алар (жеңиштен) кийин сарптагандар жана согушкандар менен барабар эмес. Баарына Алла жакшылыкты убада кылды, Алла – жасаган амалыңардан Кабардар.

11.

Ким Аллага жакшыкарыз берсе, ошого Алла көбөйтүп жана ага улуу сыйлык (берет).

12.

Ал Күнү ыймандуу эркек жана ыймандуу аялдардын нурлары колдорунун асты жактарынан жана оң тараптарынан чуркаганын көрөсүң. Астынан дарыялар агып турган Бейиштер – силердин бүгүнкү сүйүнчүңөр. Силер анда түбөлүккө (каласыңар). Бул – чоң ийгилик!

13.

Ал күнү эки жүздүү эркектер жана эки жүздүү аялдар ыйман келтиргендерге:”Бизге карагыла, нуруңардан пайдаланалы” – дешет.Аларга: “Артыңарга кайткыла, (ошол жактан) нуруңарды издегиле” – деп айтылат.Алардын ортосуна ички тарабы ырайымдуулук, сырткы тарабы азаптан болгон эшиги бар дубал тургузулат.

14.

Алар: “Биз силер менен чогуу болчубуз го?”. Алар: “Ооба, бирок силер өзүңөрдү азапка салдыңар, кетенчиктедиңер,күмөн санадыңар, кыялдарыңар силерди алдап койду, Алланын буйругу келгенге чейин силерди үмүттөрүңөр алдады,Алла тууралууазгыруучуалдады.

15.

Мына бүгүн силерден жана каапырлардан төлөмалынбай. Силердин ордуңар – Тозок. Ал – силерге гана ылайык. (Бул–) кандай жаман кайгылуу орун!

16.

Ыйман келтиргендердин жүрөктөрү Алланын эскертмеси(үчүн) түшкөн акыйкатынажибий турган учур келбедиби! Силерден мурдагы китеп берилгендергеокшобогула. Көп убакыттын өтүүсү менен алардын жүрөктөрү катып калган жана алардын көбү бузукулар.

17.

Билип койгула: Алла жерди, алөлгөндөн кийин(кайра) тирилтет . Силер акылыңарга келүүңөр үчүн Биз силергеаяттарыбызды баяндадык.

18.

Кайыр-садака берүүчү эркектерге жана аялдарга, ошондой эле Аллага жакшы карызбергендерге, алардын сыйлыктарыкөбөйтүлүп берилет жана аларга улуу сыйлык (бар).

19.

Аллага жана Анын элчисине ыйман келтиргендер , алар – чынчылдар жана шейиттер Эгесинин алдында, алардынсыйлыктары жана нурлары (бирге болот). Ал эми каапырлар жана Биздин аяттарды жалганга чыгаргандар, алар – Тозок ээлери.

20.

Билгиле: Чындыгында (бул) дүйнө – оюн, азгырык, кооздукжана өз ара атаандашуу, ошондой эле мал-мүлктү , бала-чаканы көбөйтүү (гана). (Бул дүйнө –) өсүмдүктөрү каапырларды таң калтырган жамгыр сыяктуу. Алкези келгенде кургап, сапсары болгонун көрөсүң; андан кийин кайра топуракка айланат. Акыреттекатуу азап жанаАлланын кечирими, ыраазылыгы . (Бул) дүйнө жашоосу –алдамчы ырахат.

21.

Эгеңердин кечиримине жана асман менен жер мейкиндигиндей кеңдиктеги Бейиш үчүн атаандашкыла . (Ал) – Аллага жана Анын элчисинеыйман келтиргендергедаярдалган. Бул – Алланын каалаганына берүүчү ырайымы. Алла – Улуу Ырайымдын Ээси!

22.

Китептеалдын ала жазылып коюлгандай, жерге да, силердин жаныңарга да кайгы Биз белгилеп койгондон мурда келбейт. Чындыгында бул – Аллага жеңил.

23.

өткөндөргө кайгырбагыла жана келгендерге сүйүнбөгүлө!Алла – бардык текебер мактанчаактарды жакшы көрбөйт.

24.

өздөрү сараңдык кылышат жана башкаларды дасараңдыкка буйрушат. Ал эми кимде-ким баш тартса … Чындыгында Алла Бай жана Макталуучу.

25.

Акыйкатта, элчилерибиздиачык аяндар менен жибердик. Адамдар адилеттиктен чыгып кетпеши үчүн аларменен кошо Китеп жана мыйзамдытүшүрдүк.Ошондой эле Бизтемирди түшүрдүк. Анда адамдар үчүн мыкты күч жана пайда бар. Алла ким Ага жана Анын элчисине жардам бергендерди кайыптан билүү үчүн… Чындыгында Алла – Күчтүүжана Мартабалуу.

26.

Акыйкатта, Нухту, Ибрахимди жөнөттүк жана анын урпактарына пайгамбарлык, Китеп бердик. Алардын айрымдары түз жолдо (жүрүштү). Ал эми алардын көпчүлүгү бузукулар.

27.

Кийин, алардын артынан элчилерди жибердик: Мариямдын уулу Исаны жиберип, ага Инжилди бердик. Анын (Исаны) артынан ээрчигендердин жүрөктөрүнө жумшактык, мээримдүүлүк салып койдук. Бирок дүйнөдөн безүүнүБиз жазбасак деле, Алланын ыраазылыгына жетүү үчүн алар өздөрү ойлоп табышты. Бирок аны да жакшылап аткарышкан жок. Ошондой эле Биз ыйман келтиргендерине сыйлык бердик. Бирок алардын көбү бузукулар.

28.

Эй, ыймандуулар! Алладан корккула жана Анын элчисинеишенгиле! Алмээримин силерге эки эселеп чачат жана басышыңар үчүн нур берет. Алла – Кечиримдүү, Боорукер.

29.

Китеп ээлери Алланын ырайымынан эч нерсеге татыктуу эмес экендигин билүүсү үчүн … Албетте, ырайымдуулук Алланын колунда, аны каалаганынаберет. Алла – Улуу Касиеттин Ээси!