56. Аль-Уакиа

1.

Болуучуболгон кезде,…

2.

Анын болуусун эч бир жалганга чыгаруучу жок.

3.

Алылдыйлататжана жогорулатат.

4.

Жер катуу силкинген кезде…

5.

Тоолор да талкаланып,

6.

Учкан тозоң болгон кезде.

7.

Ошондо силер үч топко бөлүнөсүңөр.

8.

Оң кол ээлери… “Оң кол ээлери “болуу кандай жакшы?

9.

Сол кол ээлери… “Сол кол ээлери “болуу кандай жаман?

10.

Озгондор – Озуучулар.

11.

Алар –жакынболгондор.

12.

Сыйлуу бакчаларда.

13.

Оболкуларданкөбүрөөк.

14.

Кийинкилерденазыраак.

15.

(Алар) жасалгаланган мамыктардын

16.

үстүндө жөлөнгөн абалда бетме-бет олтурушат.

17.

Түбөлүк жаш жигиттер аларды айланышат,

18.

агып турган булактан(толтурулган) чөйчөк, кумура жана чыны менен.

19.

Ал мас да кылбайт, баш да оорутпайт.

20.

Каалаган жемиши (болот),

21.

Табити тарткан куштардын этин…

22.

Ботокөзүр кыздар (бар).

23.

сакталган бермет сыяктуу.

24.

Жасаган иштерининсыйлыгы үчүн.

25.

Алар ал жерде бузуку, күнөө (болуучу) сөз угушпайт.

26.

Бирок “Тынчтык!”, “тынчтык !”деген сөздү гана (угушат).

27.

Оң кол ээлери. “Оң кол ээлери”болуу кандай жакшы?

28.

Тикенсиз дарактардын арасында.

29.

жемиштери үстү-үстүнө үйүлгөн банан дарагы.

30.

(Алар) кенен жайылган көлөкө астында,

31.

Дайыма агып турган суусу (бар),

32.

мол жемиштер.

33.

(Алар) түгөнгүс жана тыюу салынбаган

34.

өйдө көтөрүлгөн төшөктөрдө

35.

Биз алардыжаңыданжараттык.

36.

Биз аларкыз абалында калтырдык

37.

күйөөсүн чындап сүйгөнжана жаш курактары бирдей…

38.

оң тарап ээлери үчүн.

39.

Оболкулардан бир топ,

40.

Кийинкилерденда бир топ.

41.

Сол кол ээлери… “Сол кол ээлери”болуу кандай жаман?

42.

(Алар) Тозоктун ыссык шамалында, кайнак суунун ичинде (калышат),

43.

Карарган түтүн көлөкөдө (олтурушат),

44.

салкын да эмес, жагымдуу да эмес.

45.

Акыйкатта алар мындан мурда ырахатта болушкан эле.

46.

Көктүк кылып, чоң күнөөгө батышкан.

47.

Алар: “Эгер биз өлүп, топуракка жана сөөккө айланган соң, кайра тирилебизби?”- деп айтышат.

48.

Мурдагыаталарыбыз дагыбы?

49.

Айткын : “Чындыгында, мурункулар да, кийинкилер да

50.

маалым болгон Күндөбелгилүү орунгасөзсүз чогулушат.

51.

Анан албетте силер: “эй, адашкан жалганчылар,

52.

Сөзсүз, Заккум аттуу дарагынанжейсиңер.

53.

Аны менен курсагыңарды толтурасыңар.

54.

Анын үстүнөн кайнак суу ичесиңер.

55.

Абдан суусаган төөлөрдөй ичесиңер.

56.

Бул – Кыямат Күнүндөгү алардын орду.

57.

Биз силерди жараттык: Эмне үчүн (Акыйкатты) моюнуңарга албайсыңар?

58.

Силер өзүңөрдөн куйганыңардыэле карабайсыңарбы?!

59.

Аны силер жаратасыңарбы же Жаратуучу Бизбизби?!

60.

Биз силердин араңарга өлүмдү аныктапкойдук, Бизден эч ким озо албайт!

61.

Силерди окшошторуңар менен алмаштырып,силер билбегенди жарата алабыз!

62.

Чындыгында оболкужаратууну билесиңер. Эскертүү албайсыңарбы?

63.

Эмнени эгип атканыңарды көрүп атасыңарбы?

64.

Аны силер өстүрөсүңөрбү же өстүрүүчү Бизби?

65.

Эгер Биз кааласак ал өсүмдүктөрдү кууратып коймокпуз. Күндүз туруп алып, таңданмаксыңар.

66.

“Чындыгында биз зыянга учурадык!”

67.

Балким, куру калдык.

68.

Ичкеп жаткан сууңарды көрдүңөрбү?

69.

Булуттан аны силер түшүрдүңөрбү же Түшүрүүчү Бизби?!

70.

Эгер кааласак аны ачуу кылып коймокпуз. Эмнешүгүр кылбайсыңарбы?

71.

Күйгүзгөн отуңарды көрбөйсүңөрбү?

72.

Анын дарагын силер жараттыңарбы же Жаратуучу Бизби?!

73.

Аны Биз эскертүү жана Жолоочуга пайдалуу кылдык.

74.

Уллуу Эгеңдин ысмын аруула!

75.

Жылдыздардын ордуларына ант.

76.

Эгер билсеңер, бул, чындыгында – Улуу ант!

77.

Албетте, бул – Ыйык Куран.

78.

(Ал ) – Китептесакталган.

79.

Анытазаларгана кармайт.

80.

(Ал) Ааламдардын Эгесинен түшкөн.

81.

Силер ушул Сөздүкордоп, жалганга чыгарасыңарбы?!

82.

Ырыскыңарүчүн шүгүр кылуунун ордуна анычанып атасыңар.

83.

Жан алкымга жеткенде,

84.

ал учурда силер карап турасыңар.

85.

Биз силерге караганда агажакыныраакпыз. Бирок силер көрбөйсүңөр.

86.

Эгер жазаланбай турган болсоңор,

87.

айтканыңар чын болсо аныкайтарып бергилечи!

88.

Эгер алжакындарданболсо,

89.

ага – ырхаттуу жыргал, жакшы даам жана сыйлуу бакчалар(даяр).

90.

Ал эми оң тарап ээлеринен болсо,

91.

Оң тарап ээлерине: “Тынчтык!”(– деп айтылат).

92.

Ал эми, ал жалганга чыгаруучуларданадашкандардан болсо,

93.

Анын сыйы – кайнак суу,

94.

(ал) Тозоккоташталат.

95.

Албетте, бул– шексиз Чындык!

96.

Улуу Эгеңдин ысмы менен аруула!