55. Ар-Рахман

1.

Мээримдүү(Алла)

2.

Куранды үйрөткөн,

3.

Инсанды жараткан.

4.

Ага сүйлөөнү үйрөткөн.

5.

Күн жана ай эсеп менен (айланат).

6.

Жылдыз да , дарактар дасежде кылышат.

7.

Асманды көтөрүп , таразасынорнотуп койгон,

8.

өлчөмдөгүчектен чыкпооңор үчүн.

9.

өлчөөнүадилеттүүлүк менен тургузгула жана таразада кемитпегиле!

10.

Жерди жандуулар үчүн төшөгөн.

11.

Анда жемиштер жана бутак-шактуу курмалар (бар).

12.

(Анда) кабыктуу урук жана жыпар жыттууөсүмдүктөр (өсөт).

13.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

14.

Инсанды чоподой бышырылган кургак ылайданжаратты.

15.

Жиндерди түтүнсүз жалындан жаратты.

16.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

17.

Эки Чыгыш жана эки Батыш Эгеси.

18.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

19.

Эки деңизди кошуп агызды.

20.

Экөөсүнүн ортосунда тосмобар. Бири-бирине кошулбайт.

21.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

22.

Ал экөөсүнөн бермет менен маржан чыгат.

23.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

24.

Тоолордой болуп деңизде сүзүп жүргөн кемелер да Аныкы(бийлигинде).

25.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

26.

Анынүстүндөгүнүн баары жок болот.

27.

Бир ганаБерешендиктин жана Улуулуктун Ээси болгон Эгеңдинөзү гана калат.

28.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

29.

Асмандардагы жана жердегилердин баарысы Андан тилешет. Ал күн сайын иретке келтирүүдө.

30.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

31.

Эй, эки тайпа!Биз силергекөңүл бөлөбүз.

32.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

33.

Эй, жиндердин жана адамдардын тайпалары! Асмандар менен жердин чектеринен чыгууга чамаңар жетсе,чыккыла, бирок Менин кудуретимсизчыга албайсыңар!

34.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

35.

Силерге түтүнсүз жалынды жана жалынсыз түтүндү жиберебиз. Силер өзүңөргө-өзүңөр жардам да бере албайсыңар.

36.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

37.

Асман жарылып, түтүн сыяктуукызгалдакка айланганда,

38.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

39.

Ал Күнү адамдар жана жиндер өз күнөөлөрү тууралуу суракка алынбайт.

40.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

41.

Күнөөкөрлөр белгилеринен таанылып, маңдай чачтары жана буттарынан алынат.

42.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

43.

Бул – күнөөкөрлөр жалганга чыгарган Тозок.

44.

Алар Отменен кайнак суунун ортосунда айланып жүрүшөт.

45.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

46.

Кимде-ким Эгесинин алдында турууданкорксо ага – эки бакча.

47.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

48.

Экөө тең бак-шактуу жемиштүү.

49.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

50.

Экөөндө экиден аккан булак.

51.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

52.

Экөөндө ар бир мөмө-жемиштен жуп-жубу менен (болот).

53.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

54.

Алар ичи жибек жаздыктарда жөлөнгөн абалда (олтурушат). Эки бакчанын тең жемиштери ийилип жакын (жайгашкан).

55.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

56.

Ал жерде жиндер да, адамдар да мурда тийбеген, көздөрү чоочундарды карабаганкыздар (бар).

57.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

58.

Алар жакут менен маржан сыяктуу.

59.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

60.

Жакшылыктын сыйлыгы – жакшылык менен гана (болот!).

61.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

62.

Ал эки бактан башка дагы эки бак (бар).

63.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

64.

Экөө тең жап-жашыл!

65.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

66.

Ал экөөндө тең атырылып чыгып туруучу эки булак (бар).

67.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

68.

Андамөмө-жемиштер, курмалар жана анарлар (бар).

69.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

70.

Экөөндө тең жакшы мүнөздүү, танынакай кыздар(бар).

71.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

72.

Чатырларда жашырылганкара көз үр кыздар (бар).

73.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

74.

Аларгажиндер да, адамдар да, мурда тийген эмес.

75.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

76.

Жашыл жаздыктардын жана кооз килемдердин үстүндөжазданып олтурушат.

77.

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

78.

Улуулук жана Берешенди Ээси болгон Эгеңдин ысмы Улуу!”.