50. Каф

1.

Каф. Ыйык Курангаант.

2.

Аларга өздөрүнүн арасынан чыккан эскертүүчү келген кезде каапырлар:”Бул өтө таң каларлык нерсе” – дешти.

3.

“Качан биз өлгөндө жана топуракка айланганда… Мындай кайра кайтуу (тирилүү) узак нерсе”- дешти.

4.

Биз аларданжер эмнени алып кеткендигинбилебиз жана Бизде баары сакталган Китеп бар.

5.

Бирок алар өздөрүнө чындык келгенде аны жалган дешти. Эми алар – күмөнсүрөшүүдө.

6.

Ырас эле алар үстүлөрүндөгү асманга карашпайбы? Биз аны кандайча куруп кооздогонубузга жана анда (асманда) эч кандай жылчыкжок экендигине карашпайбы?

7.

Биз Жерди жайып кенен кылдык жана анда тоолорду орноттук. Жана анда түрдүү кооз өсүмдүктөрдү жуп-жубу менен өстүрдүк.

8.

Биз буларды бардык кайтуучу пенделерибизге эскертме жана үлгү үчүн кылдык.

9.

Биз асмандан берекелүү жамгырды жаадырдык. Анан аны менен дарактарды жана орулуп жыйналуучу дандарды өстүрдүк.

10.

Жыш мөмөлүү катарлаш өскөн узун өскөн курма дарактарын –

11.

пенделерибиз ырыскылануу үчүн … Аныменен өлгөн жерди кайрадан тирилттик. Кайра чыгууда ушундай болот.

12.

Аларга чейин да Нухтун коому менен Кудук ээлери жана Самуд эли жалганга чыгарышты.

13.

Ад, фираун жана Луттунбир туугандары

14.

Бактын ээлери жана Тубба коому. Алардын баары пайгамбарларды жалганга чыгарышкан. Бул үчүн аларга азап болору акыйкатталды.

15.

Биз алгачкы жаратууга алсыздык кылыптырбызбы? Жок, бирок алар жаңы жаратуужөнүндө шектенүүдө.

16.

Акыйкатта Биз инсанды жараттык жана анын көңүлү азгырган нерселерди да билебиз. Биз ага күрөө (моюн) тамырынан да жакыныраакпыз.

17.

Оңдон жана солдон эки жазуучу олтуруп жазып турат.

18.

Эмне сөз сүйлөсө да, анын алдында көзөмөлдөп даяр турат.

19.

өлүм мастыгы чындап келет! өлүм бул – сен андан качкан нерсе.

20.

Сурнай тартылып, убада кылынган күн келип жетет.

21.

Ошондо бардык жандар келишет. Алар менен айдоочужана күбөбирге (келет).

22.

“Сен бейкам элең, анан Биз сенден жабууңду ачып салдык, ошентип бүгүн сенин көзүң эми өткүр”– делет.

23.

(Ошондо) анын жандоочусу : Бул – менин алдымдагы нерсе, баары даяр.

24.

“Каапыр жана чындыкка каршы чыккан көктүнбүт баарын отко ыргыткыла

25.

жакшылык кылууга тоскоол болгон, заалым жана шек келтиргенди…

26.

ал Аллага башка кудайлардыда шерик кылган, аны катуу азапка ыргыткыла!” (- деп буйрулат).

27.

(Ошондо) анын жандоочусу : “О Биздин Эгебиз! Аны мен жолдон чыгарганым жок, ал өзү терең адашты” – дейт.

28.

Алайтат: “Менин алдымда тартышпагыла! Мен силерге алда качан эскерткем”.

29.

Менин алдымда сөз өзгөрүлбөйт жана Мен өз пенделериме адилетсиздик кылбаймын.

30.

Ошол Күнү Биз тозокко: “Сен толдуңбу? – деп сурайбыз. Ал болсо:”Дагы ашыкча барбы?” – деп сурайт.

31.

Бейиш жакындады. Ал такыбалар үчүн алыс эмес.

32.

Бул ар бир кайтуучу жана сактоочугаубада кылынган нерселер.

33.

Мээримдүүнүкөрбөй туруп корккон жана тобо кылуучу жүрөк менен келгендерге

34.

“Киргиле, агатынчтык менен! Бул – түбөлүктүүлүк Күнү!” (- делет).

35.

Мында алар эмнени кааласа бар. Бизде ашыкчасыда бар.

36.

Биз алардан мурунку доордо жашап өткөн алардан да күчтүү-кубаттууларын жок кылдык?! Алар шаарларда тентип жүрүштү. Анан алар (өлүмдөн) кутула алыштыбы?

37.

Албетте мындачын дилден берилгенге же кулак салганга эскертме бар. Ага өзү күбө.

38.

Акыйкатта Биз Асманды жана Жерди алты күндө жараттык. Буга Биз чарчап калган жокпуз.

39.

Алардын айткандарына сабыр кыл. Күн чыгардан жана күн батуудан мурун өз Эгеңди мактап-аруула!

40.

Аны түндө дагы аруула! Саждалардынартынан да (аруула!).

41.

Уккун! /н салуучу жакын эле жерден үн салган күнү.

42.

Ошол күнү алар үндү чындап угушат. Бул чыгууКүнү!

43.

Акыйкатта Биз тирилтебиз, өлтүрөбүз жана Бизге кайтуу бар.

44.

Ошол Күнү бардык жерлер жарылат жана андан шашыла чыга келишет. Бул жыйынды кылуу Биз үчүн жеңил.

45.

Биз алардын эмне деп жаткандарынын баарын билебиз. Алардын үстүнөн сенде бийлик жок. Андыктан убада кылынган күндөн корккондорду гана Куран менен эскерт.