4. Ан-Ниса

1.

Эй адамдар, силерди бир жандан жаратып, анан андан жуп кылып жана алардан көптөгөн эркек жана аялдарды жараткан Эгеңерден корккула! Силер анын атын атоо менен бир-бириңден сураган Алладан корккула! Туугандык карым-катнаштан корккула! Албетте, Алла силерди көзөмөлдөгөн эле.

2.

Жетимдерге алардын мал-мүлкүн өздөрүнө бергиле жана жакшыны жаманга алмаштырбагыла. Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн малыңарга кошуп алып жебегиле! Анткени ал – чоң күнөө!

3.

А эгер силер жетимдерге адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда өзүңөргө жаккан башка аялдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнө бергиле. А эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөөнө гана, же болбосо кол астыңардагылар (менен чектелгиле). Бул зулум кылбооңорго жакыныраак.

4.

(Үйлөнгөн) аялдарыңаргакалыңын чын дилден бергиле. Эгерде ал (аял) калыңдын (кайсы бир) бөлүгүн силерге ыйгарса, анда муну жей бергиле! Тамагыңар таттуу болсун.

5.

Ысырап кылуучуларга Алла силерге ыроологон мал-мүлкүңөрдү бербегиле. Аларга андан тамак-аш бергиле, кийиндиргиле жана аларга жакшы сөздөр айткыла!

6.

Жана жетимди сынап көргүлө алар качан үйлөнүү куракка келгенде анда эгер алардын акылы толгонун байкасаңар, аларга мал-мүлкүн бергиле жана аны (мал-мүлктү) алар (жетимдер) акылы толгон куракка жашы жетүүсүнөн коркуп, (андан мурун) ысырап кылып, шашылыш түрдө жеп койбогула! А ким бай болсо, анда жетимдин мал-мүлкүнөн өзүн кармасын. А эгер кедей болсо, анда жакшылык менен жесин. А силер жетимдин мал-мүлкүн өзүнө тапшырганда аларга күбө тургузгула. Эсепте Алла өзү жетиштүү.

7.

Эркектерге ата-энеси жана туугандары калтыргандан үлүш бар. Аялга да ата-энеси, туугандары калтыргандан үлүш бар. Аз болсо да, көп болсо да парз кылынган үлүш (болуп эсептелет).

8.

Туугандары, жетимдер жана кедейлер бөлүштүрүүдө келип калса, андан аларга да бергиле жана аларга жакшы сөз айткыла!

9.

Артында жаш наристелерин калтыруучулар коркушсун! Алладан сактанышсын! Ага жылуу-жумшак сөз айтышсын!

10.

Албетте, адилетсиздик менен жетимдин мал-мүлкүн жегендер өз курсактарына отту жутушат жана тозоктун отунда азапталышат.

11.

Алла силерге балдарыңар тууралуу да көргөзмө берет: Эркек бала болсо эки кыздын (алуучу) үлүшүнө барабар (алат). А эгер – аялдар экиден ашык болсо, анда ал калтыргандын үчтөн бир бөлүгү (берилет); а бир эле (кыз) болсо, анда ага (мурастын) жарымы (үлүшү) берилет. А эгер анын (маркумдун) баласы бар болсо, өлгөндүн ата-энесине алардын ар бирине ал калтыргандын алтыдан бир бөлүгү (берилет).А эгер анын баласы жок болсо, анда ага ата-энеси гана мураскер болот да, энеси үчтөн бир бөлүгүн алат. Эгер (маркумдун) эркек бир туугандары бар болсо, анда энесине мурастын алтыдан бир бөлүгү (калат). Керээз кылып калтырган осуятын (аткаргандан) кийин же карызын берген соң. Силердин ата-энеңердин же балдарыңардын кимисинен көбүрөөк пайда экенин силер билбейсиңер. Ошондуктан Алла (мурасты) парз кылып койгон. Алла Билүүчү, Даанышман.

12.

Эгер (ал аялдардын) баласы жок болсо, анда силерге аялыңар калтыргандын тең жарымы (калат). Эгер анын баласы бар болсо, анда силерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп жана карыздарды төлөгөн соң төрттөн бир бөлүгү (калат). Силердин жесир калган аялдарыңардан, эгер силерде бала жок болсо, анда силер калтыргандын төрттөн бир бөлүгү, а эгер силерде бала бар болсо, анда жесирлерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп бүткөндөн жана карыздарды төлөгөндөн соң, сегизден бир бөлүгү (калат). А эгерде эркекте ата да, бала да болбосо, же аялда түздөн-түз мураскорлор жок болсо, анда анын ага-(иниси) же эже-(сиңдиси) алардын ар бири алтыдан бир бөлүгүн алат. А эгер алар (мураскорлор) экиден көп болсо, анда мурастын үчтөн бир бөлүгүндө алар шериктеш болушат. Алланын көрсөтмөсү боюнча эч кимге зыян келтирбей карыздарды төлөп бүткөн соң. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман.

13.

БуларАлланын чек аралары. Эгер ким Аллага жана Анын Элчисине моюн сунса, Ал аларды алдынан дайралар агып турган Бейиш бактарына киргизет, алар анда түбөлүккө кала беришет. Бул – зор ийгилик!

14.

А ким Аллага жана Анын Элчисине баш ийбесе жанан Анын чектеринен өтүп кетсе, Ал аларды отко киргизет жана алар анда түбөлүккө болушат, жана алар үчүн кордоочу азап бар!

15.

Силердин аялдарыңардан бузуктук ишке келип калганына өзүңөрдөн(мусулмандардан) төрт күбөнү күбөлөндүргүлө жана эгер алар күбөлүк беришсе, анда аялыңарды өлүм келгенге чейин же Алла алар үчүн башка бир жолду көргөзгөнгө чейин үйүңөрдө кармагыла.

16.

А (эгер) силердин араңардан экөө бул бузук ишке келип калышса, аларды жазалагыла, эгер алар өкүнүшүп, оңолушса, алардан жазаны (кордоону) токтоткула. Албетте, Алла Кечирүүчү, Мээримдүү.

17.

Күнөөнү билбестиктен кылып алып, кайрадан өкүнүп тезинен тооба кылгандарга Алланын кечирими болот. Акыйкатта Алла Билүүчү, Даанышман.

18.

Бирок, күнөөлөрдү кылып алышып, анан алардын ичинен бирөөнө өлүм келген учурда ал: “Мен азыр өкүндүм, тообо кылдым” деп айтса жана каапыр бойдон өлүп калгандарга да кечирим жок. Аларга Биз катуу азапты даярдадык.

19.

Эй ыйман келтиргендер! Силерге аялдарды күч менен мураска алып алуу дурус эмес жана аларга (аялдарга) берген калыңыңарды кайтарып алуу үчүн аларды (башка эрге тийүүдөн) тосуп турбагыла. Бирок алар ачык эле бузук ишке барышса, анда калыңыңарды кайтарып ала аласыңар. Алар (аялдар) менен жакшы туура мамиледе болгула. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Силер жаман көргөн нерседен мүмкүн Алла андан көп жакшылыкты берээр.

20.

Эгер силер бир аялды башка аял менен алмаштырууну кааласаңар, алардын бирөөнө алтын кинтар берген болсоңор, анда андан эч нерсени тартып албагыла. Ырас эле, аны силер адилетсиздик жана ачык күнөө кылуу жолу менен тартып аласыңарбы?

21.

Кантип эле силер, бири-бириңердин араңарда жакындык болгон соң жана алар (аялдар) силерден ишеничтүү – убада алышкандан соң, силер калыңдын бир бөлүгүн кайра тартып аласыңарбы?!

22.

Силердин атаңар үйлөнгөн аялдарга үйлөнбөгүлө. Бирок бул иш (үйлөнүү) мурун болуп өткөн болсо (ал кечиримдүү). Акыйкатта бул өтө ыплас, каар, ачууга татыктуу жаман жол болгон!

23.

Силерге, өзүңөрдүн энеңерди, кыздарыңарды, эже-карындаштарыңарды, тайэжеңерди, бир тууганыңардын кыздарын, эжеңердин кыздарын, эмчек эмизген энеңерди, эмчектеш эже-карындашыңарды, аялыңардын энесин, силер менен жыныстык катнашта болгон аялыңдарды силердин камкордугуңарга өткөн кыздарына никеленүү арам. А эгерде жыныстык катнашта али боло элек аялдарыңардын силердин камкордугуна өткөн кыздарына үйлөнүүгө болбойт. Силерге ошондой эле өзүңөрдөн болгон балдарыңардын аялдарына үйлөнүүгө тыюу салынат. Ошондой эле силерге бир эле мезгилде эки бир тууган эже-сиңдиге үйлөнүүгө да тыюу салынат; а эгер бул иш мурда болуп өткөн болсо, ал кечиримдүү. Акыйкатта, Алла күнөөлөрдү Кечирүүчү жана Мээримдүү.

24.

Күйөөсүбар аялды никелеп алууңарга да тыюу салынган. Бирок колуңардагы күңдөрдүалсаңар болот. Бул силерге Алланын жазган буйругу. Мында айтылгандардан башкаларына абийириңерди сактап, бузуктук кылбай өз каражатыңар менен үйлөнүүңөр адал. А силер алардан (аялдардан) пайдаланганыңар үчүн аларга белгилүүөлчөмдө калың бергиле. Эгер силер белгиленгенден соң өз ара сүйлөшүп макулдашсаңар андан эч кандай күнөө жок. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман.

25.

А эгер силердин араңардан кимдир бирөө эркин – абийири таза ыймандуу аялдарга үйлөнүүгө алы жетпесе, анда момун аялдардын арасынан күңдөрүнө үйлөнө берсеңер болот. Бирок, момун кыз-келиндер болсун. Акыйкатта, Алла силердин ыйманыңарды билип турат. Бири-бириңерге никеде барабарсыңар. Аларга алардын кожоюнунун уруксаты менен, татыктуу калың берип үйлөнө бергиле. Апар аягы суюк же бир жашыруун ойнош күтүүчүболбой, силердин (андай) күнөө иштер кылбаган абийири таза аялыңар болсун! А эгер алар ойноштук кылса, анда алардын жазасы – эркин аялдын жазасынын жарымына барабар болот. А эгер сабырдуу болсоңор, өзүңөр үчүн жакшы. Акыйкатта Алла Кечирүүчү, Боорукер!

26.

Алласилерге ачык түшүндүрүүнүжанасилердимурунку пайгамбарлардын түз жолуна багыттоону жана силерди кечирүүнүкаалайт. Акыйкатта, Алла Билүүчүжана Даанышман.

27.

Алла силерди кечирүүнүкаалайт. А өз каалоо-кумарларына ээрчигендер болсо силердин (акыйкаттан) бурулуп кетүүңөрдүкаалашат.

28.

Алла силергежеңилдетүүнүкаалайт. Анткени инсан алсыз кылып жаратылган.

29.

Эй ыйман келтиргендер! Бир-бириңдин мал-мүлкүңдүарам жолдор менен жеп койбогула! Бирок, бул өзүңөрдүн ыраазычылыгыңар менен болгонсоода болсо, анда жей бергиле. Өзүңөрдүөзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Алла силерге Мээримдүү.30. Ал эми ким бул иштерди чектен чыгып, адилетсиздик менен жасаса, аны Биз жакында тозок отуна киргизебиз. Мындай кылуу Алла үчүн жеңил!

30.

Ал эми ким бул иштерди чектен чыгып, адилетсиздик менен жасаса, аны Биз жакында тозок отуна киргизебиз. Мындай кылуу Алла үчүн жеңил!

31.

Эгерде силер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн өзүңөрдүтыйсаңар, сактасаңар, силердин кичинекүнөөңөрдүкечиребиз жана силердиБейишке киргизебиз.

32.

Алла силердин бириңе, экинчиңерди артык кылганынан үмүттөнбөгүлө! Эркектерге өздөрүнүн эмгегине жараша үлүш. Аялдарга да өздөрүнүн эмгегине жараша үлүш. Алладан жакшылыгын сурангыла! Акыйкатта, Алла бардыгын Билүүчү!

33.

Ар бирине ата-эне жана жакын туугандар жана кол алышып антташкандосторташтаганмал-мүлк үчүн мураскорлордукылдык. Аларгаүлүштөрүн бергиле. Акыйкатта Алла бардык нерселердин үстүнөн Күбө болуучу.

34.

Алла кээ бирин кээ биринен артык кылгандыгы жана өз малдарынан аларга (аялдарга) сарпташкандыктары себептүүэркектер аялдардын кожоюну. Аллага моюн сунуучу, күйөөлөрүнөбаш ийүүчү, Апланын сактоосу менен күйөөлөрүжокто абийирлерин сактоочу аялдар. Силерге баш ийбей коюудан корккон аялдарыңарга адегенде насаат айткыла! Алардын төшөгүн бөлүп койгула! Ургула! Эгер алар силерге моюн сунуп, оңолушса, анда аларга каршы жол издебегиле! Акыйкатта, Алла Өтө Бийик жана Улук!

35.

Эгер силер жубайлардын араздашуусунан корксоңор, анда күйөө тараптан жанааялтараптанбирденкалыс жибергиле!Эгералар жараштырууну каалашса, анда Алла алардын ортосуна ынтымак салат. Акыйкатта, Алла Билүүчүжана Кабардар!

36.

Аплага табынгыла жана Ага эч кимди шерик кылбагыла! Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жакын тууган коңшуларга жана тууган эмес кошунага, кесиптеш жолдошко, жолоочуга жана сенин кол алдыңдагыларга жакшылык кылгыла!Акыйкатта, Алла текебер жана мактанчаак болгонду сүйбөйт.

37.

Сараңдангандарды жана адамдарды сараң болууга буйругандарды, жана Алла аларга өз марттыгы менен тартуулагандарды жашырышат.Биз каапырлар үчүн кордоочу азапты даярдап койдук.

38.

Өзүнүн мал-мүлкүнөн адамдар көрсүн үчүн сарптагандар – Аллага жана акырет күнүнө ишенбегендер жана шайтанды жолдош кылып алгандар. Шайтан кандай жаман жолдош.

39.

Алар Аллага жана Акыретке ишенип, Алла аларга берген ырыскыларды сарпташса, эмне болор эле? Арийне, Алла алар жөнүндө баарын билет.

40.

Акыйкатта, Алла эч кимге кымындай да зулум кылбайт. А эгер жакшылык болсо, Ал аны эки эселеп көбөйтөт жана Өз алдынан улуу сыйлык берет.

41.

ЭгерБиз арбир элденкүбө алыпкелсек!А сенибуларгакаршы күбөлөндүрсөк (каапырлардын абалы) кандай болоор экен?

42.

Ошол Күндө ишенбей каапыр болгондор жана Пайгамбарды укпагандар (өздөрүнүн) жер менен жексен болуп кетүүсүн каалашат да, Алладанбир да сөзүн жашыра албай калышат.

43.

Эй, ыйман келтиргендер! Силөр мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула! Ошондой эле, силер булганыч абалыңарда да жуунгучакты (намаз окубагыла)! Бирок, сапарда болсоңор (суу жок болсо, таямум менен намаз окуй бергиле)! Эгер оорулуу болсоңор же сапарда болсоңор, же бирөө ажатын бүтүрсө же аялыңар мененкатнашсаңар,анан жуунгангасуу таппасаңар таза топураккатаяммум жасагыла: жүзүңөрдүжана колуңарды (ошолсүртүлгөнчаңменен)сылагыла! Албетте, Алла Кечирүүчү!

44.

Ырас эле Китептен бир үлүш берилгендер адашууну сатып алышканын жана силердин жолдон адашууңарды каалашканын карап көрбөйсүңбү?

45.

Алла силердин душманыңарды жакшы билет. Аллажетиштүүкоргоочу жана Алла жетиштүүжардамчы.

46.

Иудейлерден сөздүмындай деп бурмалап-бузуп сүйлөгөндөр бар: “Виз уктук жана баш ийбедик”, “уга элегиңди угуп ал (укпа)”, “рооина” – деп, сөздүбузуп, динге доо келтиришкен. А эгерде алар: “Биз уктук жана баш ийдик”, “ук” жана “бизге кара” – деп сүйлөшсө, анда алар үчүн жакшы жана туура болор эле. Бирок Алла аларга каапыр болгондуктары үчүн каргышка калтырды. Алардын азыраагынан башкасы каапыр боюнча калды.

47.

Эй, Китеп берилгендер! Биз бетиңерди сүргөнгө жана аларды артты көздөйбургангажеБизалардыишембикүнүнбузгандарды наалатылагандайкаргышкакалтырганданэртерээк Биз силерге силердегини (Тоорат, Инжил) тастыктоо үчүн жөнөткөнүбүзгө ишенгиле! Алланын буйругу ар дайым болот.

48.

Акыйкатта,Алла Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт,бирок андан башка күнөөлөрдүэгер кимди (кечирүүнү) кааласа кечирет. А ким Аплага шерик кошсо, ал зор күнөөнүойлоп тапканы.

49.

Чын эле, сен өздөрүн өтө тазабыз деп билгендерди көрбөйсүңбү?! Жок, Аллакимдикааласа,анытазалайт жанааларкымындай дазулум кылынышпайт.

50.

Апар Аплага кандай жалгандарды айткандарын карачы! Бул айкын күнөө экенине жетиштүү.

51.

СенКитептинбөлүгү берилгендердин”Жибт” , менен”Тагутка” ишенишкендиктеринжанакаапырларга:”Ыйманкелтиргендердин жолунан силердин жол туура дешкендерин көрбөйсүңбү?”

52.

Булар Апланын каргышына калгандар. Ким Алланын каргышына калса, ага жардамчыны таппайсың!

53.

Жеалардабийликтенүлүшү барбы?(Алардын колундаэч кандай бийликтен үлүш жок. Кокус болуп калса,) анда деле адамдарга кымындай да беришмек эмес.

54.

Мүмкүн алар Алла өз жакшылыгы менен адамдарга берген нерселери үчүнкөрө албастык кылып жатышпасын? Анткени,БизИбрахимдин урпактарына Китеп жана акылмандык бердик. Аларга зор бийлик тартууладык.

55.

Ошолордун ичинен Ага ишенгендер да болду жана алардын арасынан Андан баш тарткандар да болду. Аларга тозоктун азабы жетиштүү!

56.

Акыйкатта, аяттарыбызга ишенбегендерди Биз отко киргизебиз. Алардын терилери (тозокто) күйүп бүтөр замат (алар азапты татышы үчүн) Биз аны башка териге алмаштырабыз. Акыйкатта, Алла Ызаттуужана Даанышман.

57.

А ыймандууларды Биз алдында дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргизебиз,алар анда түбөлүккө болушат. Анда алар үчүн тап-таза жубайлар бар жана аларды дайыма көлөкө баскан жайларга киргизебиз.

58.

Акыйкатта,Алла силерге тапшырылганаманатты анынээсине тапшырууга буйрук кылат! Эгерде силер адамдардын ортосунда өкүм жүргүзсөңөр, анда адилеттүүлүк менен өкүм чыгаргыла. Албетте, Алла силерди үндөп жаткан нерсе кандай сонун! Акыйкатта, Алла Угуучу жана Көрүүчү!

59.

Эй ыймандуулар, Аплага баш ийгиле! Алланын Элчисине баш ийгиле! Ошондой эле силердин араңардагы колуна бийлик берилгендерге баш ийгиле! Эгер бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, анда Аплага жана Пайгамбарга кайтаргыла, эгерсилер Аллага жанаакырет Күнүнө ишенсеңер. Мына ушул эң жакшы жана мыкты көрсөтмө!

60.

Сага (Мухамедге) жана сага чейинкилерге да ишенебиз деп ойлогондор өкүмчыгартуу үчүнкатуу адашкангакайрылууну каалашканын көрбөйсүңбү?А, аларага ишенбөөгө буйрулушканэле!А,шайтан аларды жолдон адаштырып, терең адашууга алып барууну каалайт.

61.

Качаналарга:”Алла түшүргөннерселерге жана АлланынЭлчисине кайрылгыла!” – деп айтылса, эки жүздүүлөрдүн сенден жүзүн буруп, терс бурулганын көрөсүң.

62.

Качан аларга өз колдору менен кылган мурунку иштери үчүн кырсык келсе кандай (кыла алышат.) Андан соң сага келишет да, Алланын аты менен ант ичишет: “Биз сага жакшылык жана ийгилик гана каалаган элек” – дешет.

63.

Алла алардын жүрөгүндөгүнерселердин баарын билет. Сен да алардан жүзүңдүүйрүп, аларга насаат кылып, таасирдүүсөз айт.

64.

БизПайгамбарды Алланынуруксатыменен гана моюн сунсун үчүн жөнөткөнбүз. Аэгерде аларөздөрүнөадилетсиздиккылышса сага келишет да, Алладан кечирим сурашат жана алар үчүн Алланын элчиси да кечирим сураганда, алар Алланын Тоболорду Кабыл Кылуучу жана Мээримдүүэкендигин табышкан болор элө.

65.

О жок! Сенин Эгеңе ант, алар өздөрүндөгүталаш-тартышка сени калыс кылмайынча момун боло алышпайт. Андан соң алар сен кылган өкүмгө карты болушпайт жана ага толугу менен моюн сунушат.

66.

А эгер Биз аларга: “Өз өмүрүңөрдүбергиле!” же “турагыңардан чыккыла!” – десек, анда муну алардын азыраагы гана аткарышмак. А, эгер алар өздөрүнө айтылган насаатты аткарышса, анда өздөрүүчүн абдан жакшы жана ыйманы бекемирээк болмок.

67.

Анда Биз аларга Өзүбүздүн алдыбыздан улуу сыйлыктарды берээр элек.

68.

Жана да аларды түз жолго салмакпыз.

69.

А ким Аллага жана Анын Элчисине башийсе,анда алар Алла Өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн: Пайгамбарлар, ишенгендер, шейит болгондор менен бирге (болушат). Алар эң сонун шериктер!

70.

Мына ушулар – Алланын мээримдүүлүгүнөн. Алла бүт бардыгын билип тургандыгы – жетиштүү.

71.

Эй ыймандуулар! Этият болгула! Жана чакан топ болуп же чогуу бирге аттангыла.

72.

Силердин араңарда согуштан калып калуучулар да бар. Эгер силерге кырсык жетсе алар: “Алла мага мээримдүүлүк көргөздү, мен алар менен бирге курман болгон жокмун”- дейт.

73.

А эгерде силерге Алланын ырайымы жетсе, анда алар силер менен (мурун) эч кандай байланышы болбогон өңдүү: “Аттиң, мен да алар менен бирге болгонумда, анда зор ийгиликке жетмек экенмин” – дейт.

74.

Акыретти бул дүйнө жашоосуна сатып алуучулар Алла жолунда согушка аттанышсын! Эгер ким Алла жолунда согушуп өлтүрүлсө же жеңип чыкса, Биз ага жакында улуу сыйлыктарды ыйгарабыз.

75.

“О Эгебиз! Бизди зулум кишилер жашаган бул калаадан чыгаргын! Бизге Өзүңдүн алдыңдан бир башчы жана жардамчы кыл (жөнөт)” – деп айтып жаткан эркек аял, балдардан болгон алсыздар үчүн эмнеликтен Алланын жолунда согушка чыкпайсыңар?!

76.

Ыймандуулар алар Алла жолунда согушкандар, а ыймансыздар – шайтандын жолунда согушкандар. Шайтандын тарапкерлери мененCогушкула, анткени шайтандын айлакерлиги алсыз!

77.

Ырас эле сен: “Колуңарды тарткыла! Намаз окугула, зекет бергиле…” а качан аларга согушууга буйрук берилгенде алардын арасынан бир бөлүгүадамдардан Алладан корккондой (жеандан) катуурак корккондорду көрбөдүң беле?! Алар: “О Эгебиз! Бул согушту бизге эмне үчүн буйрудуң, аны (согушту) жакынкы мөөнөткө кое ,урсаң болмок?!” – дешет. (Аларга:) “Бул дүйнөнүн жыргалы аз. А акырет такыбалар үчүн эң жакшы. Силер кымындай да зулум кылынбайсыңар”.

78.

Силер кайда болсоңор да, ал тургай бийик көтөрүлгөн коргондордун ичинде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Эгер аларга жакшылык жетсе: “Бул Алладан” – дешет, а качан аларга жамандык жетсе: “Бул сенден” – дешет. (Аларга:) “Баары Алладан” – деп айт. Бул коомго эмне болгон, сөздүтакыр түшүнүшпөйт.

79.

Сага жеткен жакшы нерсе, ал – Алладан; а сага жеткен жамандык – ал сенинөзүңдөн. Бизсениэлдерүчүнэлчи кылыпжөнөттүк.Алла жетиштүүКүбө.

80.

Ким Пайгамбарга баш ийсе, албетте ал Аллага баш ийгени. А ким баш тартса, Биз сени алардын үстүнөн кароол кылып жөнөткөн эмеспиз.

81.

Алар: “Биз баш ийебиз” – дешет. А качан сенин алдыңдан чыгышканда алардын бир тобу сен айткандан таптакыр башка нерселерди жашырып кылышат. Алла алардын эмнени жашырып кылып жаткандарын жазып алат. Алардан жүз үйрү! Аллага тобокел кыл! Алла толук жеткиликтүүөкүл.

82.

Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Алладан башканын сөзүболгондо,анда алар Куранданкөптөгөнкарама-каршылыктарды табышаар эле.

83.

А качан аларга тынчтык же коркунуч жана кабар жеткенде, алар аны жарыя кылып жиберишет. А эгерде алар бул тууралуу пайгамбарга жана өздөрүнүн жетекчилерине билгизгенде, аны жайылтуучулар алардан билишмек. Эгерде силерге Апланын жоомарттыгы жана мээримдүүлүгүболбогондо, анда силердин көпчүлүгүңөр шайтандын артынан ээрчип кетмексиңер.

84.

Апланын жолунда согушкун, өзүңө гана жүктөлөт бир өзүңө жооп бересиң жана момундарды үгүттө! Мүмкүн Алла каапырлардын зыянын токтотуп турат. Анткени Алла күч жагынан да, жазалоодо да баарынан күчтүү!

85.

Ким бирөөнүжакшылык иштеринде колдосо, ага андан алуучу үлүш тийет, а ким жамандык иште көмөктөшсө, ага андан болгон жазадан үлүш тийет. Акыйкатта, Алла бардыгынын үстүнөн кудуреттүү.

86.

Качан силерге салам берилсе, силер алардын саламынан жакшыраак салам менен саламдашкыла же анын өзүн эле кайтаргыла. Акыйкатта, Алла ар бир ишти Эсептөөчү.

87.

Алладан башка кудай жок. Акыйкатта, болору шексиз болгон Кыямат Күнүндө Ал баардыгыңарды чогултат. Апланын сөзүнөн да сөзүтуура ким бар?

88.

Силер эмнеликтен эки жүздүүлөргө байланыштууэки топко ажырап кеттиңер? Алла аларды кылган иштери үчүн төмөнгө кагып салган. Ырас элесилерАллаадаштырыпкойгондордутүзжолгосалууну каалайсыңарбы? Анткени Алла кимди түз жолдон чыгарса, ал үчүн туура жолду таба албайсың.

89.

Алар өздөрүкаапыр болгон сыңары эле силердин да каапыр болуп жана каапырлыкта бирдей болушуңарды каалайт. Алар Алла жолуна көчкөнгө чейин алардын ичинен дос күтпөгүлө! Эгер алар артка кайтышса, анда аларды туткундап алгыла да, тапкан жериңерде өлтүргүлө! Алардын ичинен дос да, жардамчы да албагыла!

90.

Бирок алар баш калкалоо издеп силердин жана алардын ортосунда тынчтыккелишимитүзүлгөн элге барса же алар силер менен же өздөрүнүн эли менен согушууну каалабай көкүрөктөрүкысылган абалда силерге келсе (тийбегиле). А эгер Алла кааласа силердин үстүңөрдөн аларга бийлик берээр эле жана алар силер менен согушаар эле. А эгер алар силер менен согушпастан артты карай чегинишсе жана силерге элдешүүнүсунуш кылса, анда Алла силердин аларга каршы согушуңарга тыюу салат.

91.

Силерден дажанаөзүнүн элинен да коопсуздукта болууну каалашкандарды дүрбөлөңгө чакырышып, баштарын төмөн салган адамдарды көрөсүңөр! Эгер алар силерден кетпесе же силер менен тынчтыкка келишпесе,силерденколдорун тартышпаса,анда аларды кармап алып, тапкан жериңерде өлтүрө бергиле! Биз силерге алардын үстүнөн ачык далил келтиребиз.

92.

Силерге момундар момундарды каталык менен гана болбосо өлтүрүүгө тыюу салынат. А ким эгер каталык менен өлтүрүпалса, ал адам мусулман кулду эркиндикке чыгаруу жана туугандарына бериле турган кун төлөөгө тийиш. Бирок алар кечирипжиберишсе(төлөбөйт). Өлтүрүлгөн силерге душман болгон элдин арасынан келген болсо, анда өлтүргөн адам бир мусулман кулду азаттыкка чыгарууга милдеттүү. А, эгер ал (өлтүрүлгөн) силер менен тынчтык келишим кылган элден болсо, анда өлгөндүн туугандарына кун төлөп, бир мусулман кулду азаттыккачыгарууга тийиш. Эгер өлтүргөн адам кулду таба албаса, анда Апланын алдында тообо кылган катары үзгүлтүксүз түрдө эки ай бою орозо тутууга тийиш. Акыйкатта Алла Билүүчү жана Даанышман.

93.

А эгер ким мусулманды атайлап өлтүрсө, анын жазасы Тозок болот. Анда түбөлүк калат. Ага Алланын ачуусу келет, Анын каргышына калат. Ага улуу азап даярдап коет.

94.

Эй ыйман келтиргендер! Силер качан Алланын жолуна (согушка) жөнөгөнүңөрдө анда ажыраткыла! Силер менен саламдашкандарга бул дүйнө жашоосундагы ырахатты талап кылып: “Сен мусулман эмессиң” – деп айтпагыла! Албетте, Алланын алдында көп олжолор-табылгалар бар. Силер да мурун ушундай болгонсуңар, бирок Алла силерге өз мээримин көргөздү.Ошондуктан силер баамчыл болгула. Акыйкатта, Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.

95.

Динүчүнболгонсогуштакатышпайүйүндө оорубастанкалгандар Алланын жолунда өзүнүн малы жана жаны менен күрөшүп жүргөндөргө теңэмес.. Алла жолунда өзүнүн малы жанажаны менен күрөшүп жүргөндөрдүбир себеп менен үйүндө отуруп калгандардан бир даража жогору кылды. Алла эки топко тең бейишти убада кылды жана күрөшкө чыккандарды себепсиз үйүндө отуруп калгандардын улуу сооп менен (артык) улуу кылды.

96.

Андан даражалар, кечирим жана ырайым (болгон). Алла Кечиримдүү, Мээримдүү!

97.

Акыйкатта, өзүнө-өзүзулум кылгандарга, алардын жанын алып жаткан периштелер: “Силер денеңерде кандай абалда болгон элеңер?” – деп сурашат. Алар: “Биз жер үстүндө алсыздардан элек” – деп жооп беришет. Периштелер: “Силер башка жакка көчүп кетишиңер үчүн Алланын жери силерге кенен эмес беле?” Булардын баруучу жайы – Тозок. Ал – кандай гана жаман жай!

98.

Бирок жол таап, айла-амал кылууга чамалары жетпеген алсыз эркектер, аялдар, жаш балдар эле.

99.

Аларды Алла балким кечиреээр. Анткени Алла Кечирүүчү, Боорукер!

100.

Ким Алланын жолунда көчкөн болсо, ал жер үстүндө көптөгөн жайларды жана ырыскы табат. А ким Алланын ыраазылыгы жана Анын Элчиси үчүн үй-жайын таштап көчкөн болсо, анан жолдо өлүмгө учураса – анын сыйлыгы Алладан болот. Анткени, Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.

101.

Силержолдоболгонучуруңардаэгеркаапырлардынжамандык жеткирүүсүнөн корксоңор, анда силер намазды кыскартып окуп койсоңор, силерге күнөө жок. Акыйкатта, каапырлар силер үчүн анык душман!

102.

Сен качан алар менен бирге болуп намаз окусаң, алган бир топ силер менен бирге турсун. А качан биринчи топ намазды окуп бүткөн соң, баары туруп арт жакка кетишсин,алардын ордуна намаз окуй элек экинчи топ келип, сени менен намазды бирге окушсун. Бирок, алар да сак болушуп, курал-жарактарын жанында тутсун. Каапырлар силердин куралыңарга жана азыгыңаргабейкапарболушуңардыжанаөздөрүкүтүүсүздөн келип силерге кол салууну каалашат. Эгер силер жамгырдан уламкыйынчылыккакептелип же оору себептүүкуралыңардыкоюпкойсоңор, андан күнөөлүүболбойсуңар. Бирок сак болгула! Акыйкатта, Алла каапырлар үчүн кордоочу азапты даярдап койгон!

103.

А качан силер намазыңарды окуп бүткөн соң туруп, олтуруп жана жаткан абалда Алланы эстегиле.А силер качан коркунучсуз бейкут абалга жетсеңернамазыңардыокугула.Акыйкаттанамазбелгиленген убакыттарга дайындалган.

104.

Каапырлар менен болгон күрөштө эч бир алсыз начардык көргөзбөгүлө! Эгер силер запкы жеп кыйналып жатсаңар, алар да дал силер өңдүүэле запкы кечүүдө, бирок бул учурда силер алар Алладан ишенбеген нерсегесилер ишенип жатасыңар. Албетте,Алла-Билүүчү, Даанышман!

105.

Биз сага адамдар арасында Алла көргөзгөндөй кылып өкүм жүргүзүүң үчүн сага акыйкаттыкменен Китеп түшүрдүк. Сен кыянаткерлерди колдоочу болбо!

106.

Алладан кечирим сура! Анткени Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.

107.

Өзүнө өзүкыянат кылгандарга кийлигишпе! Акыйкатта, Алла кыянаткер күнөөкөрлөрдүжакшы көрбөйт.

108.

Алар адамдардан жашырышат. Бирок аларды Алладан жашырып кала алышпайт. Ал (Алла) алар ага жакпаган сөздөрдүжашыруун сүйлөшүп жатышканда алар менен бирге эле. Анткени Алла баарысын камтып, эмне кылгандарын камтуучу.

109.

Силер булдүйнөдө аларжөнүндөжаңжалдашкансыңар. А Кыямат Күнүндө Аллага алар жөнүндө ким жаңжал кыла алат? Же ким алар үчүн өкүл боло алат?

110.

Ким күнөө иш кылып, же өз жанына зулумдук кылса, андан соң Апладан кечирим сураса, анда ал Алланын Кечиримдүү, Мээримдүүэкендигин табат.

111.

Аким күнөөкылсаалөзүнөкылат.Акыйкатта,Алла Билүүчү, Даанышман!

112.

А ким эгер кичине күнөө же чоң күнөө кылса, андан соң күнөөсүздүаны менен күнөөлөсө, ал өзүнө жалааны жана ачык күнөөнүжүктөгөнү.

113.

Эгерде сага Алланын ырайымы жана мээрими болбогондо алардан бир тайпа сени туура жолдон чыгарууга камынмакчы эле. Бирок алар өздөрүн ганажолдонадаштырышат. Сагаэч кандайзыян кылаалышпайт. Анткени Алла сага Китепти жана даанышмандыкты берди. Сага билбеген нерселерди үйрөттү. Алланын сага көргөзгөн ырайымдуулугу улуу!

114.

Кайыр-садага кылуу же жакшылык иштерди жасоо же адамдарды элдештирүүжөнүндөсүйлөшүп жаткандардан башка алардын арасындагы жашыруун сүйлөшүүлөрдүн көпчүлүгүнөн жакшылык жок. А эгерде ким бул иштерди Алланын ыразылыгына жетуүгө аракет кылып жасаган болсо, ага Биз зор сыйлык тартуулайбыз.

115.

Ким өзүнө туура жол ачык айкын болгондон кийин Пайгамбарга каршы чыгып, ыймандуулардын жолу менен ээрчибегендерди ал өзүкай тарапка бурулган болсо, ошол тарапты каратабыз жана аны тозокко ыргытабыз. Ал кандай жаман жай!

116.

Акыйкатта, Алла Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөө иш кылгандарды эгер кааласа кечирет. А ким Аллага шерик кошсо, ал аныгында узак адашууда болот.

117.

АларАнданбашкааялзатынажанаээнбаштанган шайтангатабынышат.

118.

Алла аны каргышына калтырды. Ошондо шайтан айтты: “Мен Сенин пенделериңден токтоосуз өз үлүшүмдүаламын.

119.

Аларды чындыктынжолунан кечиктирбестен чыгарам жана аларды аткарылбас жаман үмүттөргө азгырам, аларга малдын кулагын тешип коюуга буйрам жана аларга Алланын жаратканнерсесинөзгөртүүгө буйрамын” ( – деди). Ким Алланы таштап шайтанды өзүнө дос кылып алса, ал анык зыянга учурайт.

120.

Ал (шайтан) аларга убада берип, аларды үмүттөндүрөт.Бирок, шайтандын убадалары – болгону азгырык гана!

121.

Алардын жайы – тозок жана андан кутула алышпайт.

122.

А ыймандууларды жана жакшылык иш кылгандарды Биз алдынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына жакында киргизебиз. Алар анда түбөлүккө болушат. Алланын убадасы чын. Алладан башка кимдин сөзүтуурараак.

123.

Силердин каалооңорго же Китеп ээлеринин каалоосуна көз каранды эмес. Ким жамандык кылса ошонусуна жараша жазаланат. Ал өзүнө Алладан башка жакын колдоочуну да, жардамчыны да таба албайт.

124.

Жакшы иштерди жасаган эркек болобу, аял болобу, эгер алар ыймандуу болушсаэле, алар Бейишке киришет. Аларга кымындайдазулум кылынбайт.

125.

Аллага жүзүн буруп, жакшылык иштерди кылганжана Ибрахимдин динине берилип ээрчигенден да дини мыкты бирөө барбы? Алла Ибрахимди Өзүнө жакын дос кылып алган.

126.

Аллага Асмандагылардын жана Жердегилердин баары таандык. Алла бардык нерселерди камтуучу болгон.

127.

Алар сенден аялдар жөнүндө өздөрүнө эмнелер буйрулганын сурашат. (Аларга) айт:”Алла силерге алар жөнүндө бул Китепте эмнелер жазылганы жөнүндө жана ошондой эле аларга буйрулган нерселерди силер аларга бербей коюу үчүн силер үйлөнүүнүкаалаган жетим кыздар жана алсыз балдар жөнүндө, жана силер жетимдерге адилеттүүмамиле кылууңар жөнүндө чечим чыгарат. Силер кандай жакшы иш кылсаңар да Алла аны билүүчү.

128.

Эгерде аял өзүнүн күйөөсүөзүнө тиешелүүмилдеттерди аткарбайт деп, же ал андан баш тартуусунан корксо, анда алар өз ара макулдашуу түзүүлөрүндө күнөө жок.Албетте тынчтык келишими – жакшы. Көңүлдөр сараңдыкка тартылган. Эгер силер аялдарга жакшы мамиле кылсаңар жана такыба болсоңор, анда албетте Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.

129.

Канчалыккызыгып,умтулсаңар да аялдардынортосунда адилеттүүболууга алыңар жетпейт. Аны арсар кылып таштап салып (тигинисине) такыр ооп кетпегиле! А эгер силер оңолсоңор жана такыба болсоңор, анда албетте Алла Кечиримдүү, Мээрбан!

130.

А эгер жубайлар ажырашса,анда Алла өзүнүн жоомарттыгыменен алардын ар биринин ырысын бере берет. Акыйкатта, Алла Ырайымдуу, Даанышман!

131.

Аллага Асмандагы жана Жердегилердин баары таандык. Биз чынында силерге чейинкиКитеп берилгендерге да,силерге да Алладан коркууңарды насаат кылдык. Эгер силер каапыр болсоңор, анткени Асман менен Жердегилердин баарысы Аллага гана таандык. Алла Бай жана Даңазалуу!

132.

Аллага Асмандагылар жана Жердегилердин баары таандык. Алла ӨзүжетиштүүКүбө!

133.

Эй адамдар, эгер Ал кааласа анда силерди жок кылат да, башкаларды алып келет. Акыйкатта, Алла буга кудурети жетүүчү!

134.

Ким бул дүйнөнүн сыйлыктарын кааласа, анда бул дүйнөнүн да, акыреттин да сыйлыктары Апланын алдында. Алла Угуучу жана Көрүүчү!

135.

Эй ыймандуулар! Өзүңөргө каршы же ата-энеңер, же жакын туугандар бол со да Алла үчүн адилеттүүлүктүтургузуучу, калыс күбө болгул а! А эгер бай же кедей болсо, Алла экөөнөн тең артыгыраак. Адилеттүүболууңарда көңүлүңөргө ээрчибегиле. Аэгер силер тайсалдасаңар же баш тартсаңар, анда Алла силердин эмне кылганыңардан толук кабардар.

136.

Эй ыймандуулар! Аллага, Анын Элчисине, Ал ӨзүнүнЭлчисине түшүргөн Китепке жана Ал андан мурун түшүргөн Китепке ишенгиле! Ким Аллага, Анын Периштелерине,Анын Китептерине, Анын Элчилерине жана Кыямат Күнүнө ишенбесе ал узак адашууда болот.

137.

Акыйкатта,ыйманкелтиргендер,ананкаапыр болгондор,андансоң (дагы) ыйман келтирип, анан (кайра) каапыр болгондор өздөрүнө каапырлыкты гана күчөтүштү. Алла (эми) алардын күнөөлөрүн кечирип же туура жолго салбас!

138.

Эки жүздүүлөргө алар үчүн кор кылуучу азап бар экенин кабарла!

139.

Момундардын ордуна каапырлар менен достошупжаткандар, алар каапырлардан сый-урмат издеп жатышабы? Акыйкатта, бардык урмат- сый Аллага гана таандык!

140.

Эгер силер Алланын аяттарына каршы чыгып жана шылдыңдапжаткандарын уксаңар, алар башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен бирге отурбагыла деп силерге Алла өз Китебинде түшүрдүэле.Антпесеңер, силер (да) алар өңдүүсүңөр.Албетте, Алла эки жүздүүлөр менен каапырлардын баарысын тозокко жыйнайт!

141.

Силердин эмне болоруңарды аңдып тургандар эгер, силерге Алладан жеңиш келсе “Ырасында, биз силер менен бирге болбодук беле?” – дешет. А эгер каапырлардын үлүшүкелсе, алар: “Биз силерге жардам кылууга аракеттенип жана силерди ыймандуулардан коргободук беле?” – дешет. Бирок силердин ортоңордо Кыямат КүнүАлла өкүм чыгарат. Алла эч качан момундардын зыянына каапырларга жол бербейт.

142.

Албетте, эки жүздүүлөр Алланы алдашат. А Ал болсо бул үчүн аларды жазалоочу! Алар качан намазга турганда адамдарга көрүнүүүчүн гана жалкоолонуп турушат. Алланы өтө аз эстешет.

143.

Апарга да (момундарга), буларга да (каапырларга) кошула алышпай, ортодо арсар калышат. А Алла кимди түз жолдон даштырса, ал үчүн туура жол таппайсың.

144.

Эйыймандуулар!Момундардын ордуна каапырларды дос тутпагыла! Алланын силерге каршы ачык далил келтиришин каалап жатасыңарбы?

145.

Акыйкатта, эки жүздүүлөр Тозок отунун төмөнкүкатмарында болушат. Сен алар үчүн жардам кылуучуну да таппайсың.

146.

Бирок алар тообо келтиришип, амалдарын оңдошсо, Алланын динин бекем кармашып, Алла үчүн диндеринде ыкыластуу болушса, алар момундар менен биргө болушат. Алла момундарга жакын арада зор сыйлык тартуулайт!

147.

Эгер силер (Ага) шүгүр кылсаңар жана ишенсеңер, анда Алла силерди жазалап эмне кылат. Акыйкатта, Алла шүкүр Ээси, Билүүчү!

148.

Зулумдукка дуушар болгон адамдан башкалардын жаман сөздү жарыяайтуусун Алла сүйбөйт. Албетте, Алла Угуучу да, Билүүчү.

149.

Эгер силер жакшылыкты ачык же жашыруун кылсаңар же жамандыкты кечирсеңер, акыйкатта Алла Кечирүүчү, Кудуреттүү.

150.

Акыйкатта, Аллага жана Анын Элчилерине ишенбегендер жана Алламенен Анын пайгамбарынын ортосун ажыратууну каалагандар: “Биз кээбирине ишенебиз да, кээ бирине такыр ишенбейбиз” – деп, ортодо биржолду карманууну каалашат.

151.

Алар анык каапырлар. Биз каапырлар үчүн кордоочу азапты даярдадык!

152.

Аллага жана Анын Элчилерине ишенгендер, алардан эч кимисинажыратып бөлүп салбагандар – Алла аларга жакында сыйлыктарынберет жана Алла Кечиримдүү, Ырайымдуу.

153.

Китеп ээлери сенденөздөрүнө асманданкитеп түшүрүпберүүңдүсурашат. Алар андан мурун Мусадан да мындан чоңураагын сурашып:”Бизге Алланы даана көргөз”-дешкен. Чектен ашышкандыгыныкесепетинен аларды чагылган урду. Андан соң алар өздөрүнө ачык-айкын кабарлар келгенден соң музоого сыйына башташты. Биз муну дакечирдик. Мусага ачык далил бердик.

154.

Биз алардан убада алуу менен алардын үстүнө Турду көтөрдүк жанааларга эшиктен сеждекылган абалыңардакиргиле дедик.Жана дааларга: “Ишемби күнү чектен ашпагыла” – дедик да, аларданБизкатаал убада алдык!

155.

Алар убаданы бузгандыктары үчүн, Алланын аяттарына ишенбөгендиктери жана пайгамбарларды бөйкүнөө өлтүргөндүктөрү жана биздин жүрөктөрүбүз кулпуланып калган дөген сөздөрү үчүн балким Алла алардын жүрөгүнө каапырдыгы себептүү мөөр басып салды. Алардын азыраагы гана ишенишет.

156.

АлардынкаапырлыгыжанаМариямга чоң жалаа жапканысебептүү(Алланын каргышына калышты). АлардынИсаны тааныбагандыктары үчүн.

157.

жана алардын: “Биз Масихти – Мариям уулу Исаны, Алланын элчисинӨлтүрдүк” – дегенсөздөрү үчүн(каргышкакалышты).А алараны(Исаны) өлтүрүшкөн да, асышкан да эмес. Бирок, бул аларга (Исага)окшотулуп гана көрүндү. Акыйкатта, Исанын өлтүрүлүшү тууралуу артүрдүү пикирде болуп жаткандарда ал тууралуу илим жок; алар бар болгону жоромолдорго гана таянышат. Апбетте, алар аны анык өлтүргөн эмес.

158.

Жок, Алла аны Өзүнө көтөрүп, алып кеткен. Алла Ызаттуу, Даанышман болгон эле.

159.

Акыйкатта, Китеп ээлеринен болгондордун ичинен ал өлбөстөн алдын ишенбеген эч ким болбойт. А Кыямат Күнү аларга каршы күбө болот!

160.

Иудейликтитутунгандардынкылганзулумдуктары үчүн Бизмурун аларга адал кылган таза нерселерди да арам кылып салдык. Алардын Алланын жолунан башкаларды тоскондуктары үчүн (да).

161.

Алар өздөрүнө тыюу салынганына карабастан сүткордукту алгандыктары,акысыжокболсодаадамдардынмал-мүлкүн жегендиктери үчүн Биз алардын арасынан чыккан каапырларга оорутуучу азапты даярдадык!

162.

Бирок,алардын ичиненилимгебекемтуруктууларына,сага жөнөтүлгөнгө ишенгендерине, намаз окугандарына, зекет берүүчүлөрүнө,Аллагажана КыяматКүнүнөишенүүчүлөрүнө Биз жакында зор сыйлыктарды ыйгарабыз!

163.

Биз сага Нухка жана кийинки пайгамбарларга кабарлагандай эле жашыруун кабар кылдык. Биз Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Жакыпка жана алардын урпактарына – Исага, Аюбга, Жунуска, Харунга, Сулайманга жашыруун кабар кылдык. Даудга Забурду бердик.

164.

Сага алар жөнүндө мурунтадан айтылган элчилерди жана Биз сага алар жөнүндө айтпаган элчилерди (да жөнөткөнбүз). А Алла Муса менен чындап сүйлөшкөн.

165.

Жакшы кабарлардысүйүнчүлөөчүжанаэскертүүчүЭлчилерди (жөнөттүк). Элчилерди жөнөткөндөн кийин адамдар үчүн Аллага доо койбостуктары үчүн. Акыйкатта, Алла Мартабалуу, Даанышман.

166.

Бирок Алла сага түшүргөн нөрсеге Өзү күбө. Анткени Ал аны Өзүнүн илими менен түшүрдү. Периштелер да буга күбө. Алла (буга) күбөлүккө өзү жетиштүү.

167.

Акыйкатта, каапырлар ишенишпеди. Башкаларды да Апланын жолунан тосушту жана өтө узак адашууда калышты.

168.

Акыйкатта, каапырлар жана залимдерди Алла кечирбейт жана түз жолго да баштабайт.

169.

Ал аларды тозокко алып барат, алар анда түбөлүккө болушат! Бул Алла үчүн жөңил.

170.

Эй адамдар! Силерге силердин Эгеңерден акыйкат менен Элчи келди. Ишенгиле! Бул силер үчүн мыкты. А эгер каапыр болсоңор, анда Аллага Асманда жана Жердегинин баары таандык. Акыйкатта Алла Билүүчү, Даанышман.

171.

Эй китеп ээлери! Силер диниңерде чектен ашпагыла! Алла тууралуу чындыктан башканы айтпагыла! Анткени Мариям уулу Иса – Апланын Элчиси гана. Жана да Мариямга салган Анын (Бол – деген) сөзү жана Андан келген жан. Аллага жана Анын Элчилерине ишенгиле! “үчөө” – деп айтпагыла! (Алланы үчөө деп айтуудан) токтонгула! Бул силер үчүн жакшы.Акыйкатта Алла жалгызКудай.Алперзенттүү деген (кемчиликтерден) таза. Ага Асманда жана Жердегилердин баары таандык. Алла өзү жетиштүү күбө!

172.

Масих (Иса) да, Аллага эң жакын периштелер да Аллага кул болууда бой көтөрүшпөйт. А ким Ага сыйынууда боюнкөтөрүп текеберденсе, Ал алардын баарын жакын арада Өзүнө жыйнап алат.

173.

Ыйман келтирген жана жакшылык иш кылгандардын сыйлыктарын Ал өзүнүн жоомарттыгы менен көбөйтүп толук берет. Ал эми менменсинип бой көтөргөндөрдү жана текеберденгендерди Ал катуу азап менен жазалайт. Ошондо алар өздөрүнө Алладан башка досту да, жардамчыны да таба алышпайт!

174.

Эй адамдар! Силерге Эгеңерден далил келди жана Биз силерге айкын Нур түшүрдүк.

175.

Ал эми Аллага ыйман келтиргендерди жана Аны тутунгандарды Ал Өз мээрими жана жакшылыгына жакын арада киргизет жана Өзүнө карай түз жолго багыттайт.

176.

Сенден чечим чыгарууңду талап кылышат. (Аларга:) “Алла өзү силерге атасы да, баласы да жок жөнүндө чечим чыгарып берет. Баласыз бир адам өлүп, анын эжеси болсо, анда ага ал калтыргандын жарымы берилет. Ошондой эле, ал (эркек) да, эгер ал аялдын баласы болбосо ал (аял) калтыргандын баарын мураска алат. Эгер алар (эже-сиңди) экөө болсо, ал калтыргандын үчтөн бир бөлүгүн алышат. А эгер алар эркек, ургаачы бир туугандар болсо, эркекке эки аялдын үлүшү тийет. Алла силерге туура жолдон чыкпооңор үчүн (Өз көрсөтмөлөрүн) баяндайт. Алла бардык нерселерди Билүүчү!