49. Аль-Хужурат

1.

Эй, ыймандуулар! Алланын алдында жана Анынэлчисинен алдыга умтулупкетпегиле! Алладан корккула! Чындыгында Алла – Угуучу, Билүүчү.

2.

Эй, ыймандуулар! /нүңөрдү пайгамбардынүнүнөн бийик көтөрбөгүлө. өз ара бири-бириңерге кыйкыргандай пайгамбарга кыйкырып сүйлөбөгүлө! (Анткени) амалыңар жокко чыкканын силер сезбей каласыңар.

3.

Чындыгында,пайгамбардын алдында үнүн акырын чыгаргандаралар – Алла алардын жүрөктөрүн такыбалык үчүн сынады.Аларга – кечирим жана улуу сый.

4.

Чындыгында, бөлмөлөрдүн артынан сага кыйкыргандардын көбү акыл калчабайт.

5.

Эгер сен алардын алдына чыкканга чейинсабыр кылышса, анда өздөрүнө жакшы болоор эле. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!.

6.

Эй, ыймандуулар! Эгер силер кайсыл бир бузукукабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастыккылып, кийин өкүнүп калбаш үчүн оболуаныктагыла!

7.

Араңарда Алланын элчисибар экенин билгиле. Эгер ал көптөгөн иштерде силерге моюн сунса, анда силер кыйынчылыкка сөзсүз кабылмаксыңар.Бирок Алла силерге ыйманды жакшы көрсөтүп, аны жүрөктөрүңөрдө кооздоду . Ошону менен бирге каапырлыкты, бузукулукту жана баш ийбестиктижек көрсөтүп койду. Ошолортуура жолдогулар.

8.

Бул – Алланын силерге ырайымы жана жакшылыгы!Алла – (баарын) Билүүчү, Даанышман!

9.

Ыймандуулардан болгон эки коом бири-бири менен согуша турган болсо, алардын ортосун түзөгүлө. Эгер бири-экинчисине зомбулук кыла турган болсо, анда баш тарткантарабы менен Алланын эркине алар баш ийгенге чейин согушкула. Ал эми баш ийишсе, адилеттүүлүк менен элдештирип, адилет болгула! Чындыгында, Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт.

10.

Чындыгында ыймандуулар – бир тууган. Ошондуктан бири-бириңердин ортоңордутүздөгүлө! Алланын ырайымына ээ болуу үчүн Андан корккула!

11.

Эй, ыймандуулар! Бир эл экинчи (башка) бир элди шылдыңдабасын:(Анткени) балким, алар тигилерденмыктыраактыр; ошондой эле аялдар да башка бир аялдарды шылдың кылышпасын: мүмкүн тигилерберкилерденмыктырраак. өзүңөрдү (бири-бириңерди) жемелебегиле! . Бири-бириңди жакпаганаттаратабагыла! Ыйманга келгенден кийинки бузукулук – кандай ыплас!э. Кимде-ким тооба кылбаса , демек, алар – заалымдар.

12.

Эй, ыймандуулар! Шектенүүлөрдүн көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени, айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди артыңардантилдебегиле. Силердин араңардан ким өлгөн бир тууганынынэтин жешти жакшы көрсүн?!Силер аны жактырбайсыңар! Алладан корккула. Чындыгында Алла – тооболорду Кабыл Кылуучу, Боорукер.

13.

Эй, адамдар! Биз силерди эркек -ургачыданжараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Алланын алдында силердин эң сыйлууңар–такыбараагыңар .Чындыгында, Алла – (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар!

14.

Араб көчмөндөрү айтышты: “Биз ыйман келтирдик”. (Сен):”Силер ыйман келтиргениңер жок. Андан көрө “Биз Алланын эркине баш ийдик”дегиле. Бирок азырынча силердин жүрөгүңөргө ыйман (толук) кире элек”- деп айткын. Эгер силер Аллага жана Анын элчисине моюн сунсаңар Алсилердин соопторуңарды эч кемитпейт. Чындыгында Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

15.

Момундар – Аллага жанан Анын элчисинеыйман келтирип, шектенбестен , Алла жолунда өз мал-мүлктөрү жана жандары менен согушка чыккандар. Мына ошолор – (чыныгы) чынчылдар.

16.

Айткын: “Диниңер тууралуу Аллага билдиргиңер келип жатабы ? Алла – асмандагыларды жана жердегилерди (мыкты) билет.Алла – баарын Билүүчү.

17.

Алар сага мусулман болгондугун айтышат. (Сен) аларга, “мусулман болгонуңарды мага милдет кылбагыла. Балким, силерди ыйманга келтиргендиги үчүн Алла силерге милдет кылат!” – дегин.

18.

Чындыгында, Аллаасмандардагы жанажердеги кайыпты билет. Алла силер эмне кылып жатканыңарды Көрүүчү!